Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Кыргыз адабияты сабагы жоюлабы?


Келерки окуу жылында жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз адабияты сабагы жоюлуп, анын ордуна Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты предмети кириши мүмкүн.

Билим берүү министрлиги мындай сунушту Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешине бергени маалым болду. Адабиятчы окумуштуулар мындай кадам улуттук адабияттын келечегине сокку болот деп тынчсызданып жатышат.

Педагогика илиминин доктору Абдыкерим Муратов кыскартылган сабактардын ичинде Кыргыз адабияты предмети таптакыр жоюлуп, Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты аттуу жаңы предметке кошулуп калганы коомчулуктун бүйүрүн кызытып турганын кеп кылды:

- Болжолдуу программага караганда берилген үч сааттык көлөмдүн ичинен көпчүлүгү дүйнөлүк адабиятка берилип, кыргыз адабиятына өтө аз убакыт ажыратылган. Түзүлгөндө да окуу программасына өтө маанилүү чыгармалар кирбей калган. Саякбай, Сагынбайдын "Манасы" эмес, Мар Байжиев түзгөн "Манас" эпосу киргизилген. Айрым чыгармалардын аттары туура эмес белгиленген. Кыргыз адабиятында дегеле жазылбаган чыгармалар да жүрөт. Демек программаны атайын адистер түзгөн эмес. Мен мындай аракеттин негизги максаты кыргыз адабиятын жок кылуу деп түшүнөм.

"Мама тил, папа мекен"

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Советбек Байгазиев да Абдыкерим Муратовдун оюн кубаттап, Билим берүү министрлигинин бул демилгеси кайдан чыга калганына түшүнбөй турганын айтты:

- Кыргыз адабияты сабагын предмет катары жокко чыгаруу маселесин коомчулук көтөргөн жок. Бул багытта өкмөттүн токтому да, мыйзамы да жок. Билим берүү академиянын адистери да көтөргөн эмес. Министрлик өздөрү эле Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты деген предметти окуу планына киргизип, стандартын кыргыз адабиятына тиешеси жок адамдарга жаздырып, аны Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешине сунуштап жатат. Биз буга макул болбой каршылык көрсөтүп жатабыз.

Байгазиев буга чейин кыргыз адабияты ар бир класста жалпысы 700дөн ашык саат окутулуп келсе, эми ошол сан эки эсе кыскарганын, мындай жол менен кетсе бара-бара Кыргызстандын мектептеринен кыргыз адабияты предмети таптакыр жоюлуп кетиши ыктымалдыгын кошумчалады.

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматкери Айзура Чыкынова талаш жараткан окуу программасы учурда иштелип жатканын айтып, азырынча ал тууралуу толук маалымат берилбей турганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө жумушчу топ башталгыч класстардын окуу программасы боюнча иш алып барышууда. Стандартка ылайык жаңы китептер басылып чыгууда. Ал эми пилоттук мектептерде сынап көрүү иштери жүрүп жатат. Долбоор бүткөндө толук маалымат беребиз.

Убагында билим берүү министринин орун басары болуп иштеген Доктургүл Кендирбаева окуучулар улуттук классикалык адабиятты билбей туруп дүйнөлүк адабиятка кызыгышына ишенбейт:

- Биз бул коңгуроону жалпы талкууга алып чыгышыбыз керек. Дүйнө жүзүндө биз ала турган билим өтө көп. Андыктан мектептер кошумча окууга, ийримдерди уюштурууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Ооба, окуучулар үчүн бир эле мезгилде толтура билимди кабыл алуу кыйын. Бирок биз Кыргызстандын шартында өзүбүздүн эл үчүн артыкчылыктуу багыттарды тандап алганыбыз оң. Мен карап көрсөм жаңы окуу программасында кыргыз адабияты сабагына кыргыз акын-жазуучуларынын төрт-бешөөсүнүн эле чыгармалары кириптир. Муну Билим берүү министрлиги бекемдеп салгычакты коомчулук менен талкуудан өткөрүү абдан зарыл.

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров болсо мектеп окуучулары үчүн окуу предметтеринин кыскарышы орто билим берүүнүн дүйнөлүк агымына туура келет деген пикирин билдирди:

- Кыргызстанда балдар эртеден кечке мектепте окуп жатат. Бирок жыйынтыгында балдар турмушка эч кандай даярдыгы жок болуп калууда. Илимпоз деле болуп кетпеди, баары тегиз адабиятчы деле болуп калган жок. Башка өлкөлөрдө бул маселени кантип чечип жатышат? Сааттарын кыскартса, анда адабиятты кантип окууну, ар кандай жанрларды кантип ажырата билишти, анан башка китептерди да окуп, адабият дүйнөсүнө өз алдынча сүңгүп кирип кеткенге шыкак берүүнү биринчи планга коюп жатышат. Дүйнөлүк тенденция ушундай.

Адистер буга чейин орто мектептерде 24-25 предмет окутулуп келсе, кийинки жылдан тарта 14-15 предмет гана калат деген министрликтин планы бар экенин, кыскартылган предметтердин ичинде кыргыз тили, кыргыз адабияты, Кыргызстандын тарыхы бар экенин айтып жатышат.

P/S: Макала эфирге кеткенден кийин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мектептеринде кыргыз адабияты сабагынын сааты кыскартылбагынын билдиришти.

Мекеменин маалымдашынча, 2016-2017-окуу жылына 5-11-класстар үчүн жалпысынан 170 саат каралган жана бул план өзгөргөн жок.

Бирок келерки окуу жылы кандай болору белгисиз.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG