Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Суу аз, жарык өчүрүүнү өкмөт 10 саатка узартты


Ушу тапта Токтогул суу сактагычында 8 миллиард ашуун кубометр суу бар. Өткөн жылы ушул маалда көлдө 11 миллиардга жакын кубометр суу турчу.

Нарын дарыясынын агымы да былтыркыдан кыйла аз, секундуна 122 кубометр суу келүүдө. Электр энергиясын иштеп чыгууга секундуна 446 кубометр суу сарпталууда.

Өткөн жылы суунун агымы секундуна 126 кубометр болсо быйыл ал 4 кубометрге аз. Былтыр ушул маалда электр энергиясына секундуна 797 кубометр суу сарпталган. Быйылкы көрсөткүч секундуна 446 кубометр. Токтогул көлүндө жыйналган суунун көлөмү өкмөт жарыкты “жалп” өчүрүп, белгиленген лимиттен ашырбоо аракетине карабастан, азайгандын үстүнө азайып кетип баратат. Анын себеп-жөнүн учурунда энергетика тармагын жетектеп, абыдан кургакчыл жылдарда да электр жарыгын элге жеткирип келген Жамалбек Түлөбердиев техникалык жагдайга байланыштуу момундайча түшүндүрөт.

- Токтогул ГЭСинде 45 метрге басымы түшүп, мурда 1 киловат саат электр энергиясына 2,1 кубометр суу кетсе азыр 3,4 киловат суу кетип жатат.

Көлдөгү суунун азайышынан гидротурбиналарды кыймылга келтирчү суу басымы төмөндөп, электр энергиясын иштеп чыгууга арбын суу сарпталууда. Жамалбек Түлөбердиев учурунда мындан да аз суу келгенин айтып, жагдайга жараша чаралар көрүлбөй калганын белгилейт.

- 1985, 1992, 1995, 1998-жылдары бардыгы болгон. Мындан жаман ахывал болгон. 11 миллиард, 10 миллиард келген учурлары болгон. Бирок ага чаралар көрүлүш керек эле.

Айрым адистердин ырасташынча, энергетикадагы абалды оңдоого жакшы көңүл бурулбай келди. Анын натыйжасы өлкөнүн энергетикалык кризиске капталып, андан кантип чыгуунун амалын эмдигиче таппай олтурганы. Мындай абалга өлкөнү ириде тармак жетекчилери алып келгенин Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отун ресурстары министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаев да ырастады.

- Саясатчылар талдап жатышат. Ким кандай иштегенин карап отурушат. Аны эске албай коюш туура эмес. Негизги себеби эле 2002-жылдан суу азайып, таңкыстык мезгили болду. Натыйжасыз башкаруу дагы бар, аны четке кага албайсың.

Тармактагы абал кылдат талданып, так баасы берилмейин, электр энергиясы кайсы бир көпөстөрдүн гана кызыкчылыгына иштеп, кырдаал калыбынан жазбай кете берсе Кыргызстан үч-төрт жылдан кийин энерготаңкыстыкка барып кабылары айтыла баштаган. Бирок да андай этият божомолду табият эртелетип, энергетикалык кризис узакка созулуп кетиши мүмкүн экендиги күндөн-күнгө ачык сезилүүдө. Электр жылыткычтарга өткөрүлгөн 800 ашуун мектеп эки айга жабылып, окуучулар жайкы каникулду кышкысына алмаштырышты.

Парламенттин мурдагы депутаты Райымбек Мамыровдун пикиринде тармактын кризиске капталганын биринчилерден болуп эларалык уюмдар белгилешкен.

- Дүйнөлүк банктын өкүлү айткан, ошону карап айтып жатышат.

Аптанын аягында Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отун ресурстары министрлиги табигый газдын баасын аныктап, аны өлкөнүн түндүк аймактарында жашаган калк үчүн 13 сом 52 тыйын, ал эми түштүк калкына 12 сом 92 тыйын деп белгиледи. Укуктук жактар менен өнөржай ишканалары үчүн газ баасы мындан жогору. Каржылык кризис бай өлкөлөрдүн шаштысын кетирип турган чакта кычаган энергетикалык кризистен кантип чыгуунун амал-айласы катары кыргыз өкмөтү азырынча энергияны чектөө, үнөмдөө чакырыгын жолдоодо. Ал чакырык күн сайын жарык өчүрүү менен коштолуп, Токтогул көлүндөгү сууну азайтпай, жазга жетиш керектиги айтылууда. Жайкы сугат башталганда өкмөт топтолгон сууну коңшуларга жөнөтөт, жарык өчүрүүлөр ошондо гана токтолушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG