Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Каржы дүйнөсүн капсалаңга түшүргөн күн


Баш кеңсеси Нью-Йоркто мына ушундай имаратта жайгашкан банк банкрот болорун көптөр элестете алуучу эмес.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто мына ушундай имаратта жайгашкан банк банкрот болорун көптөр элестете алуучу эмес.

Бүгүн, 15-сентябрь, дүйнө алигиче толук арыла албай жаткан каржы кризисиндеги бурулуш учурдун бир жылдыгы.

Былтыр бул күнү АКШда “Lehman Brothers” банкы кыйраган. Ал окуя дүйнөнүн каржы тармагын кый-сыпырга түшүрүп, экономиканы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң терең рецессияга алып кирген.

Былтыр 15-сентябрь, дүйшөмбүнүн таңында 158 жылдык тарыхы бар банк кредиторлорунан коргонуу үчүн арыз берген жана бул АКШнын тарыхында банкротко учуроонун эң ири окуясы болуп калды.

15-сентябрдын алдындагы дем алыш күндөрү АКШда борбордук банк катары эсептелген – Федералдык резерв системасы менен Уолл Стриттеги банкирлер жакшы эле кеңешип-кептешти. Бирок “Lehman Brothers” банкын өкмөт куткарбай турган болду, ошондой эле коммерциялык банктан да жардамчы табылган жок.

Ал эми банктын кыйроосу дүйнөнүн каржы чөйрөсүнө шал кылгыдай толкунун таратты. Анткени анын натыйжасында компаниялар менен банктар айлык акы өңдүү нерселер үчүн кыска мөөнөткө накталай акча түрүндө карыз алуу үчүн чыгарып келген векселдер рыногу кан буугандай токтоду.

“Lehman Brothers” нак акча алуу үчүн мына ошондой баалуу кагаздарын чыгарып келген банктардын бири эле. Банк кыйраган күнү АКШда баалуу кагаздардын баасы да кургуйга кулаган. Уолл Стриттеги негизги биржалык көрсөткүчтөрдүн бири катары эсептелген – Доу Жонс үчүн да былтыркы жылдын 15-сентябры 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан бери эң көпкө төмөндөгөн күн болуп калды. Биржада иштеген Тед Веисберг ал күнкүдөй көрүнүштү сооданын соңку 40 жылдык тарыхында учуратпаганын айтат:

- Бул абдан коркунучтуу болду. Адамдар системада эмнелер болуп жатканы жөнүндө ойлонбой тура алышпайт эле. Ал биздин көз алдыбызда кыйрагандай көрүндү.

Айтор былтыркы жылдын ушул күндөрү каржы кризиси тездик менен жайылды. “Lehman Brothers” банкроттукка арыз берген күнү экинчи бир инвестициялык банк - Merril Lynch Америка банкынын ээлигине өттү. “Lehman Brothers” кыйраган соң АКШ өкмөтү алдастап турган камсыздандыруу гиганты - AIG компаниясын куткаруу аракеттин тездетти.

Банктын банкротко учуроосу каржы дүйнөсүнө капсалаңга түшүргөн.
Ал эми АКШнын ошол кездеги каржы министри Генри Полсонго каржы системасын турукташтыруу боюнча 700 миллиард доллардык планды өткөрүү үчүн Конгресстеги чоң саясатчылар алдында тизелөөгө туура келди.

Айтор айрым эксперттер сентябрдагы былтыркы дүрбөлөңгө салым кошкон жагдайлар катары “Lehman Brothers” банкына кыйроого жол берген чечимди ээрчиген башаламандыкты айтышат.

Себеби ага чейин жана андан кийин ошондой абалга кептелген каржы институттарынын баары өкмөттөн кандайдыр бир формада жардам алышты.

АКШнын азыркы каржы министри, былтыр ушул убакта Федералдык резерв системасынын Нью-Йорк боюнча бөлүмүн жетектеген Тимоти Гейтнер кийинчерээк мунун жүйөөсүн өкмөт укуктук механизмдер иштөөсүн көздөгөнү менен түшүндүрөт. Мындай аргументке ишенбегендер болсо бийлик банкты сактап калуунун кандайдыр бир жолун табуусу керек эле деп эсептешет.

Бирок эмнеси болсо да АКШдагы Карнеги Меллон университетинин экономисти Аллан Мелцердин пикиринде, саясаттагы этиятсыздыктар ансыз деле начар кырдаалды курчутуп жиберген:

- Эч кандай жарыя, эч кандай эскертүү жасалбады. Биз саясатты банктын кыйроосу алып келген ааламаттан кийин капыстан өзгөрттүк. Бул өз кезегинде рецессияга алып барып, дүйнөнүн олуттуу көйгөйүнө айланды. Бүткүл дүйнөлүк экономика эки-үч айдын аралыгында эле токтоп калды. Мына ушул жаңылыштык болду.

Башка каржы институттары сыяктуу эле “Lehman Brothers” банкына да турак-жайга салынган инвестициялардагы ири жоготуунун зыяны тийди. Былтыр бул учурда алынган карыз кайра кайтарылбайт деген кооптонуулардан улам банктар бизнеске насыя берүүдөн тайсалдап калган эле. Кредиттин агымы токтоп, карыз алуунун кымбатташы өз кезегинде керектөөнү азайтты. Товар өтпөй калган шартта ишканалар жумушчу орундарын миңдеп кыскартты.

Бул көрүнүш бүткүл дүйнөгө жыбырап жайылып, глобалдык экономика Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи ирээт төмөндөөнү көздөй кадам шилтеди. Андан Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдүн эмгек мигранттарынын да мекенине жөнөткөн акчалары азайды.

Өкмөттөр болсо кыйынчылык менен буга чейин болуп көрбөгөн чараларга барышып, экономиканы рецессиядан алып чыгуу, банкттарды куткаруу үчүн миллиарддаган доллардык программаларды ишке киргизди, улуттук банктар кредиттер боюнча үстөк пайыздарын болушунча төмөндөтүштү.

Эми андан берки бир жылдын аралыгында кээ бир өлкөлөрдүн экономикасы оңолуунун баштапкы белгисин көрсөтүүдө. Өкмөттөр болсо аркетин өрт өчүрүүдөн экономикага себилген миллиарддаган долларды кантип кайра алып чыгууну пландоого бура башташты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG