Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Пан Ги Мун: Сирияда мектепке жасалган чабуул аскердик кылмышка барабар


Куткаруу иштери.
Куткаруу иштери.

Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун билдирүүсүндө айтылат. Ал Идлиб провинциясындагы мектептин бомбаланышына тынчсыздануу билдирип, бул окуяны жана башка Сириядагы жай тургундарга кол салууларды токтоосуз иликтөөгө чакырды.«Эгерде сокку атайлап жасалган болсо, аскердик кылмышка тете” экенин Пан Ги Мун эске салды.

Кечээ Орусия Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова укук коргоочулар менен Батыштын мектепке чабуулду Орусия менен Сириянын аба күчтөрү жасаган деген маалыматын четке кагып, өз өлкөсү кандуу окуяга катышы жоктугун кабарлады.

26-октябрда Идлиб провинциясындагы мектеп бомбаланып, 28 адам курман болгон. Алардын 22 си балдар.

XS
SM
MD
LG