Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Ислам халифатын курууну көздөгөн "Лашкер-е Тайба"


"Лашкар-е-Тайба" уюмунун Пакистандагы кол башчысы Хафез Мухаммед Саид. Лахор. 5-май 2009
"Лашкар-е-Тайба" уюмунун Пакистандагы кол башчысы Хафез Мухаммед Саид. Лахор. 5-май 2009

Нью-Йоркто чыкчу “Newsweek” журналы 26-февралдагы санында “Келерки ал-Каидабы?” (The Next Al Qaeda?) деген макаласын басты.

Макала автору Жереми Кан АКШ “ал-Каиданын” жетекчилеринин сары изине чөп салып, издеп жүргөндө исламчылардын андан да коркунучтуу согушчул тобу кемелине толуп баратканына көңүл бурат. Бул 15 жыл илгерээктен бери белгилүү “Лашкар-е Тайба” уюшмасы. Ал көбүн эсе Индияда, айрыкча талаштуу Кашмир штатында калаба салып жүрөт.

"Лашкар-е-Тайба" Түштүк Азияда мусулман халифатын түзүүнү көздөйт."Newsweek"



"Ал-Каидадан" коркунучтуу "Лашкер-е Тайба"

Батыштын жана Индиянын чалгындоо боюнча эксперттеринин айтышынча, “Лашкар-е Тайба”, кыскача ЛеТ соңку мезгилде чет элдиктерди бутага алып, глобалдык масштабда аракеттенүүгө өтүүдө.

Мумбайдагы "Таж Махал" мейманканасына жасалган чабуул Пакистандан уюштурулганы тастыкталган. 27-ноябрь 2008
Бул февралда АКШ Сенатынын Чалгындоо комитетинде болгон угууда да белгиленген. ЛеТ, АКШ улуттук чалгындоо кызматынын башчысы Деннис Блэрдин сөзүнчө, “Батыштын Европадагы обьектилерине улам көп коркунуч жаратууда”. Ошондой эле “Израилдин кызыкчылыктарына жана батыштыктар кыдырган жерлерге сокку урууга ынтызар экенине” Блэр көңүл бурган.

Кээ бир эксперттер ЛеТ алдыңкы байланыш жана аскерий технологияга ээ болуп, өзүнө желдеттерди түрдүү өлкөлөрдө жалдап, дасмия берген демөөрчүлөрү да кеңири экенин айтып, уюм “ал-Каидага” караганда алда канча коркунучтуу дешет. ЛеТтин дагы бир артыкчылыгы, аны Пакистан өкмөтү колдогонунда жана азырынча Батыштын чалгынчылары ага анча маани бербей жатканында.

Жереми Кандын жазышынча, ЛеТ 2003-жылдан бери Ооганстан, Ирак, Бангладеш, Дания жана Индияда анти-батыштык чабуулдарга катышкан. Алсак, 2008-жылы ноябрда Индиянын Мумбай шаарындагы батыштыктар көп кончу адеми мейманкаларга жана Жөөт борборуна кол салууну ЛеТ өтө кылдат уюштурганын көпчүлүк эксперттер айтышат.

Мумбай чабуулунан кийин ЛеТтин Пакистанда кармалган байланыштар боюнча адиси Зарар Шахтын компьютеринен 320 бутанын дайыны табылган. Болочокто чабуул жасалчу буталардын көбү Индияда жана Европада болгон.

Пакистан бапастеп чоңойткон "Лашкар-е Тайба"

АКШ бийликтери, ЛеТтин эл аралык масштабда тамыр жайып баратканынын бир далили ирети былтыр октябрда Чикагодо кармалган Дэвид Колемэн Хедлейди айтышат. Пакистандык-АКШлык жарандыгы бар Хедлей Мумбайда чабуул койулчу обьектерге мурдатан байкоо жүргүзгөн. Былтыр декабрда Бангладеште да АКШ жана Британиянын элчиликтерине кол салууга камданып жатты деп шектелген ЛеТтин мүчөлөрү кармалган.
Йемендеги "ал-Каиданын" мүчөлөрү деп шектелип кармалган Хасан Насир Марвала (солдо), Мохаммед Касем Али Гавли(ортодо), Абдулла Ахмед Регаб Матари (оңдо) Санадагы сотто. 26-январь 2010


“Newsweek” журналы жазганга караганда,“Лашкар-е Тайбанын” философиясы же максаты башка панисламчыл жихадчыл уюмдардыкына, анын ичинде “ал-Каиданыкына” окшош. Атап айтканда, Түштүк Азияда Пакистандын жетеги астындагы мусулман халифатын түзүүнү көздөйт.

ЛеТти, жогоруда айтылгандай, Кашмирдеги башка кол бала уюмдар менен кошо Пакистандын чалгындоо кызматы каржылап машыктырат. Атүгүл Пакистан өкмөтү уюмга баш кеңсеси үчүн Муридке шаарында 70 га жер берген. Анын курулушун ошол эле “ал-Каиданы” багып жаткан Сауд Арабиясы каржылаган. Ошондуктан 10 жылда “Лашкар-е Тайба” менен “ал-Каида” тыкыз иштешкенин ырастаган тангыс далилдер да толтура экенин “Newsweek” журналынын соңку санында Жереми Кан кенен тизмектеп жазат.

Жереми Кандын ырасташынча, ЛеТ Батышка түздөн түз кол салбаган учурда да анын Түштүк Азиядагы кызыкчылыктарына олуттуу коркунуч жаратканы калетсиз. Биринчиден, непада Пакистанда жайгашкан террорчул топ кайра калаба салчу болсо, Жаңы Дели аларга сөзсүз аскерий жообун берет.

Ядролук куралдуу Индия менен Пакистан ортосунда куралдуу жаңжал чыгып кетсе, чатак куюн үйлөгөн шамал сыяктуу бүтүндөй регионду жана андан тыш жактарды каптаары күмөнсүз. Бул өз кезегинде АКШнын Ооганстанда тынчтык орнотуу аракетине олуттуу зыян келтирет. Анткени Ооган жериндеги НАТОнун күчтөрүнө зарыл заттардын 80 проценти Пакистандын Карачи порту аркылуу келет. Экинчиден, Жереми Кандын пикиринче, Пакистан-Индия согушу Исламабадды талиптерге каршы согушту мажбур токтотууга аргасыз кылат.

XS
SM
MD
LG