Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Бийликти алуу оңой, кармап калуу кыйынбы?


Бир күн мурда дайынсыз кеткен президент Курманбек Бакиев бүгүн өлкөнүн түштүгүнөн үн катып, 7-апрелдеги кан төгүлгөн окуялар үчүн оппозицияны айыптап, президенттик кызматын тапшырбай турганын билдирди.

Президент Курманбек Бакиев бүгүн “24.kg” маалымат агенттигинин интернет сайты аркылуу билдирүү таратты. Билдирүүдө мамлекет башчысы оппозицияны кан төгүлгөн тополоң үчүн айыптап, кыргыз элин чыдамкайлыкка, чагымчылыкка алдырбоого чакырган.

"Бийлиги кан менен келген өлкө мамлекеттүүлүгүн жоготуп коеруна Кыргызстандын президенти катары мен бөркүмдөй ишенем. Мен тополоң салгандарды акылга келүүгө чакырам. Мен президенттик кызматымды тапшырган жокмун жана тапшырбай турганымды билдирем”, - деп баса белгилеген.

Президент болуп өткөн кайгылуу окуяларда кетирген күнөөсү үчүн жоопкерчилик тартууга даяр экенин, бирок бул үчүн анын күнөөсү объективдүү түрдө иликтенүүгө тийиш экенин билдирген.

К. Бакиев ошондой эле оппозиция лидерлеринин жоопкерчиликсиз иш-аракеттери абалды мындан да курчутушу мүмкүндүгүн, ички саясий жаңжалдашуудан улам көзөмөл жоголгонун, республиканын бардык аймактарында талап-тоноо, уурдоо күчөп жатканын айткан.

Курманбек Бакиев бүгүн эле Орусиянын “Москва жаңырыгы” радиосуна берген маегинде оппозицияны айыптаган билдирүүсүн кайталап, президент эч кандай жеңилбегенин, тескерисинче, оппозицияны жеңилди деп ойлой турганын айтты. Ошондой эле ал маегинде сырткы өлкөнүн кийлигишүүсүз бул окуя болбой турганын, бирок азыр кайсы өлкө экенин айтуудан баш тартты.

Кечээки кандуу кагылышуулардан кийин бийликти колго алганын айтышкан оппозиция лидерлери өз кезегинде Убактылуу өкмөттүн жетекчилерин аныктап, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүшүүдө. Бишкекте дале баш аламан митингдер, айрым жерлерде талап-тоноолор уланууда. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Ош жана Чүй облустарында Убактылуу өкмөткө баш ийген уюштуруу комитеттери иш алып барышууда. Аталган аймактардагы өз кабарчыларыбыз абал тынчып, элдер тараганын айтышууда.

Ал эми Жалал-Абад шаарында бүгүн миңден ашуун адам митингге чыкты. Чогулгандар арасынан Убактылуу өкмөттү да, Бишкектен качууга аргасыз болгон Курманбек Бакиевди да колдогон кыйкырыктар чыгып турганын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирет. Ал митингде сөз сүйлөгөн облустун мурдагы губернатору Кошбай Мисиров, К.Бакиевди коргоо комитети түзүлгөнүн кабарлаган.

Кечээки кандуу окуяларга чейин президент болуп турган Курманбек Бакиев учурда Жалал-Абадда. Бул тууралуу “Азаттыкка” кечээки окуяларга чейин Ош облусунун губернатору болуп турган Мамасадык Бакиров билдирип, кечээ ал Ош шаарына конгонун, андан ары Жалал-Абадга унаалар менен чыгып кеткенин кабарлады.

Кезектеги качкын президенттин жан-жөкөрлөрүнүн, жогорку кызматтарда иштеп келишкен үй-бүлө мүчөлөрүнүн, “ак-жолчу” депутаттардын жана Данияр Үсөновдун башкаруусунда иштеген министрлердин тагдыры али белгисиз. Кечээтен бери таркап кеткен парламенттин “Ак жол” фракциясы, Д.Үсөнов баштаган мурдагы өкмөт мүчөлөрү менен байланышууга мүмкүн болбой атат. Президенттин катчылыгында иштегендер да уюлдук телефондорун албай атышат.

Белгилүү саясий ишмер Абдыганы Эркебаевдин айтымында, ушул тапта Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөп турат. Айрым жерлерде баш-аламандыктар болуп атканы убактылуу көрүнүш. Ал эми А.Эркебаев К.Бакиевдин Жалал-Абадга качканы тууралуу буларды айтты:

- Бакиев түштүккө барып алып, Ошко, бүгүн Жалал-Абадга барып “мени колдогула” деп элди тукуруп, кечээки өлүм-житим аз келгенсип кайра ошол уруучулук-жердешчилик көз караш менен элди козгогону аракет кылып атыптыр.

Ошого байланыштуу мен Бакиевдин өзүнө, түштүк элине кайрылгым келет. Жетишет Бакиевдердин Кыргызстанга жасаган иштери! Жетишет төгүлгөн кан! Жетишет элдин мүлкүн, байлыгын тоногону! Ага дагы эмне керек экен...

Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин айтымында, саясат таануу илиминде бүгүнкү кырдаалга байланыштуу негизги үч элемент бар. Биринчиси - бийликти алуу, экинчиси - аны колдо кармап калуу жана акыркысы, бийликти туура пайдалануу. Булардын эң эле оңою бийликти алуу. Ал эми бийликти кармап калуу татаал иш. Андыктан, Убактылуу өкмөт эл менен катуу иштеп, тартипти орнотууну башкы планга чыгарып, Диний башкармалыктын өкүлдөрүн да коомчулук менен иштөөгө чакыруулары керек:

- Эми башка кагылышуулар чыгып кетпесин деш керек. Сактасын андайдан. Жанагы биздин Диний башкармалык кайда жүрөт болду экен? Ошолордун үнү чыкпай атат. Көмүскөгө кирип кеткендей болуп атат “Хизб-ут-тахрирге” окшоп. Алар мусулмандарга кайрылып, ынтымакка чакырып иштеши булар. Өкмөттүк эмес уюмдар, партиялар да жер-жерлерге барып иштеши керек. Оппозицияны колдоп кечээ балдар өлүмгө да барышты. Ушулардын өлүмүн сая кетирбей, кармап калыш керек мүмкүнчүлүктү. Мурунку бийликтин го аракетин баарыбыз жакшы билебиз. Булар эч нерседен кайра тартпайт. Кечээ өз элине ок аттырганын көрдүк. Мурда канчалаган жарандар окко учту. Ошондуктан кырдаал колго алынды, бийлик алынды деп отуруп алган туура эмес...

К.Бакиевдин кол алдында иштеп, анын түрдүү каржылык махинацияларына тиешелүү болгон адамдарды өлкөдөн чыгарбоо, “АзияУниверсалБанк”, “Манас” банк сыяктуу үй-бүлөгө тиешелүү деген банктарды көзөмөлгө алып, каражаттардын чет жактарга чыгып кетүүсүн болтурбоо иш-чараларын Убактылуу өкмөт кечээ эле баштаган болчу.

Учурда өлкөнүн коопсуздук, чегара тармагын тейлеп турган генерал Исмаил Исаков бул боюнча мындай дейт:

- Мен тапшырма бердим. Бир дагы шектүү жаранды, кээ бир министрлерди, кээ бир министрлерди чегарадан чыгарбагыла деп. Алар мага маалымат беришти, “Сиздин буйрук менен ошол адамдар чыккан жок” деп. Ошондуктан чаралар көрүлүп атат. Алардын көпчүлүгү Кыргызстанда.

Талдоочу О.Молдалиевдин пикиринде, кечээ оппозицияны колдоп ондогон жаш балдар өз өмүрүн кыйган соң, эми алар кызмат бөлүштүрүү сыяктуу тымызын интригаларды таштай туруп, азыркы кыйын кырдаалда тартипти орнотууга болгон аракеттерди көрүүлөрү керек.

Ушул тапта Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, экономика тармагын Алмазбек Атамбаев, каржы жана насыя жагын Темир Сариев, коопсуздук жана чегара жагын Исмаил Исаков, сот жана прокуратураны Азимбек Бекназаров, Ички иштер министрлигин Болот Шерниязов тейлөөдө. “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев конституциялык өзгөртүүлөр жагын колго алды. Дал ушул лидерлер кечээ бийлик кулаганын айтып, өлкөдөгү кырдаал боюнча жоопкерчиликти моюнга алышкан.

XS
SM
MD
LG