Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Атамбаев: парламент тарап кетерине ишенбейм


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев келе жаткан парламенттик шайлоодо партиялардын шайлоо тизмеcи бекигенден кийин өзгөрбөгөндөй кылып түзүү жана шайлоо босогосун көтөрүү зарылдыгы пайда болгонун билдирди. Бул тууралуу президент бүгүн 24-март революциясына арналган гүлбактын ачылышында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

- Мен парламент өзү эле тарап кетет дегенге ишене албайм. Жогорку Кеңеште туруктуу коалициянын болбой жатканынын себеби, келген шайлоочулардын 7 пайыз босогосу кала берсе, мындан ары дагы парламентте 6-7 партия болуп, эч качан туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болбойт. Эгерде парламентте бакылдап жаткан эргулдар мамлекет үчүн күйсө, ошол эле босогону жети кылбай, 9-10 кылып көтөрүшү керек.

Атамбаев азыркы парламент тараган учурда деле, ушул эле курамдагы депутаттар келерин белгилеп, алгач мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы маанилүү болуп турганын кошумчалады. (NT\SDz)

XS
SM
MD
LG