Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

"Биринчи канал" Eurovision сунушунан баш тартты


Орусиянын Биринчи каналы Eurovision сынагы жетекчилигинин "Юлия Самойлова таймашка Москвадан туруп катыша берсин" деген сунушунан баш тартты.

Телеканал муну "кызыктай демилге" катары сыпаттап, "ыр-мелдештин түпкү маңызына туура келбейт" деп мүнөздөдү.

- Европа телеберүү бирикмеси орусиялык катышуучу үчүн жаңы эреже киргизиши шарт эмес. Ырчы таймаштын сахнасында, түз эфирде ырдашы керек, - деп айтылат каналдын билдирүүсүндө.

Эки күн мурун Украина бийлиги Юлия Самойлованы өлкөгө киргизбөө тууралуу чечим кабыл алган. Буга ырчынын 2015-жылы Крым жарым аралына Киевдин уруксатысыз барып, ырдаганы негиз болгон.

Сынактын Женевада жайгашкан баш кеңсеси Украинанын Самойловага карата чыгарган чечимин сындады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул кырдаалды Украина бийлигинин "русофобия режими" деп атады.

Киевде быйыл майда өтчү Эл аралык Eurovision-2017 ыр сынагына Орусиядан майып ырчы Юлия Самойлова катышары 12-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG