Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Чех Конституциялык Соту Лиссабон келишимин жактырды


Чехиянын Конституциялык сотунун 15 мүчөсү евроскептик сенаторлордун Лисабон келишимине каршы дооматын кароо учурунда. Брно.
Чехиянын Конституциялык сотунун 15 мүчөсү евроскептик сенаторлордун Лисабон келишимине каршы дооматын кароо учурунда. Брно.

3-ноябрда Чехиянын Конституциялык Cоту Лиссабон келишими Чехиянын Баш мыйзамына каршы келбейт деген бүтүм чыгарды.

Чехиянын Конституциялык соту Европа Биримдигин реформалоо жөнүндөгү Лиссабон келишимин мыйзамдуу деп тааныды. 27 өлкөнү камтыган келишим боюнча эки жылга жакын созулган чех саясатчыларынын талаш-тартышына чекит койгон токтомду окууга
Чехиянын Конституциялык сотунун төрагасы Павел Рыхетский Лиссабон келишими боюнча соттун чечимин окууда. Брно. 3-ноябрь 2009.
Чехиянын Конституциялык Сотунун төрагасы Павел Рыхетскийге бир мүнөткө жетпеген убакыт керек болду:

-Лиссабон келишими Чехиянын Конституциясына үстөм тура албайт.

Ошентип, Конституциялык сот Брнодогу кеңешмесинде 17 сенатордун дооматын негизсиз деп тапты.

Чехия Евробиримдиктин келишимди бекитпей жаткан жалгыз мүчөсү эле. Өлкө президенти Васлав Клаус Чехия парламентинин эки палатасы жыл башында бекиткен келишимге Конституциялык соттун өкүмү жок кол койбой жаткан. Сенаторлор колдогон Васлав Клаус обол Евробиримдикти реформалоо боюнча келишим Чехиянын эгемендигине шек келтирет деп чыккан. Андан соң Чехия эч кандай шарты жана кепилдиги жок кабыл алса, өлкөдөн Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин куулуп чыккан миллиондогон немецтердин балдары ата-
Президент Васлав Клаус Лиссабон келишимине каршы Чехиянын Евроскептик партиясы уюштурган демонстрация учурунда. Прага. 3-октябрь, 2009
бабаларынын мүлктөрүн кайтарып берүүнү талап кылат деп, Биримдиктен кепилдигин сураган болчу. Ушундан улам Евробиримдик 29-30-октябрда өткөн саммитинде Биримдиктин негизги укуктар боюнча хартиясын аткарууда Чехияга бир катар жеңилдиктерди берген.

Лиссабон келишимине кол коюуну берегидей жүйөлөр менен кечеңдеткенге байланыштуу президент Клаусту Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер “ойдо жок кыйынчылыктарды ойлоп табат” деп күнөөлөгөн болчу.

Чехиянын премьер-министри Ян Фишер.
Чехиянын Конституциялык Сотунун чечимин уккан өлкөнүн премьер-министри Ян Фишер эми Чехиянын Лиссабон келишимин бекитүүсүнө эч нерсе жолтоо болбойт деп билдирди. Ал эми Британиянын премьер-министри Гордон Браун Евробиримдик эми конституцияга жана уюмдун жетектөөчү мекемелеринин түзүмүнө байланыштуу талашты токтотот деп ишенет.

Васлав Клаус сөзүндө туруп, Лиссабон келишимине кол койсо, документ 1-январдан күчүнө кирет жана анын жоболору турмушка ашырыла баштайт. Келишимге ылайык, Биримдиктин президенти, ошондой эле тышкы иштер министри болот. Президент 2,5 жылга шайланат. Буга дейре Биримдиктин президенти ар жарым жылда алмашып турчу.

Евробиримдиктин президенттигине Британиянын мурдакы премьери Тони Блэр татыктуу талапкер деп айтылып жүргөн. Бирок кийинки жумаларда Нидерландиянын өкмөт башчысы Ян Питер Балкененде, финдердин мурдакы премьери Пааво Липпонен жана Люксембургдун премьери Жан-Клод Юнкердин да ысымдары аталууда.

XS
SM
MD
LG