Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Текебаев: Эч сынбайм, аягына чейин турам


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн актыгын далилдеш үчүн аягына чейин бекем турат. Бул тууралуу ушу тапта УКМК алдында өтүп жаткан митингде сөз алган ЖК депутаты, Текебаевдин партиялашы Каныбек Иманалиев билдирди.

Иманалиевдин айтымында, Текебаев адвокаты менен жолукканда “эч сынбайм, аягына чейин турам” деп билдирди.

Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери саясатчынын бошотулушун талап кылууда.

Башкы прокуратура орус жараны Леонид Маевскийдин арызынын негизинде Текебаевге кылмыш иш козгоп, кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга камады. Тарапкерлери муну бийликтин өз оппоненттерине карата саясий куугунтугу деп атап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG