Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Ооганстанда полиция офицери 11 кесиптешин атып салды


Лашкаргахта жанкечти жардыруу жасагандан кийинки учур. 10-январь, 2017-жыл.
Лашкаргахта жанкечти жардыруу жасагандан кийинки учур. 10-январь, 2017-жыл.

Жергиликтүү бийликтер кабарлагандай, окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Гилменд провинциясында кечээ болду. Полициячы он бир кесиптешин көзөмөл бекетте уктап жаткан кезде атып салган.

Гилменддин губернаторунун басма сөз өкүлүнүн айтымында, кесиптештерин аткан полиция кызматкери алардын курал-жарагын жана ок дарысын жыйнап, кылмыш жасалган жерден унаа менен Талибанга кошулуу үчүн качып кеткен.

Полицейлерге жасалган кол салуу үчүн Талибан жоопкерчилик алды.

Акыркы он беш жыл ичиндеги жарандык согуш учурунда армия менен полицияга анын ичинде жүргөндөрдүн кол салуулары Ооганстандын күч түзүмдөрүнүн негизги көйгөйү.

Мындан сырткары өздүк курам ичиндеги жоготуунун көптүгү, дезертирлик да Талибан менен күрөшүп жаткан ооган коопсуздук күчтөрүндөгү оор маселелердин катарында.

Гилменд провинциясынын акыркы кол салуу жасалган борбору Лашкаргах өкмөт бул аймакта көзөмөлдөгөн саналуу аймактардын бири. (UE)

XS
SM
MD
LG