Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Македонияда албан тилинин болочок макамына каршы чыгышты


Скопьедеги демонстрация. 27-февраль, 2017-жыл.
Скопьедеги демонстрация. 27-февраль, 2017-жыл.

Борбор Скопьедеги демонстрацияда миңдеген адам албан тилин кеңири колдонууга жол ачкан саясий келишимге каршылыгын билдиришти.

Мунун алдында этникалык албандардын үч партиясы Социал-демократтардын лидери Зоран Заевге колдоо көргөзүүгө макул болду.

Бул өлкөдө коалициялык өкмөт курулушуна жол ачмакчы.

Бирок бул үчүн албан тилин кеңири колдонууну караган мыйзам долбоору иштелип чыгышы керек.

Албан тили ушу тапта албандар калктын 20 пайызынан ашкан аймактарда гана расмий болуп эсептелет.

Биридиктүү Македония деп аталган кыймыл социалдык тармактар аркылуу элди көчөгө алып чыгып, макулдашууга нааразылыгын билдиришти.

2,1 миллион калктуу өлкө эки жылдан бери саясий кризистен чыга албай келатат. (UE)

XS
SM
MD
LG