Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Аманбаев: УКМК Текебаевге карата НКВДдай иштеп жатат


Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Текебаев менен Чотоновго козголгон кылмыш иш жасалма жана ал жоромолго гана негизделген. Мындай пикирин бүгүн Кыргызстандын экс-акыйкатчысы Бакыт Аманбаев айтып чыкты.

Аманбаевдин белгилешинче, орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин “жети жыл илгери 1 миллион доллар пара бергемин” деген арызынын негизинде кылмыш ишин ачууга тикелей далилдер талап кылынат.

“УКМК жоромолго негизделген курулай айыптоону гана коомчулукка жарыялап, аны бышыктай ала турган жүйөлөр же болбосо тастыкталган фактыларды көргөзүп, коомчулукту ынандыра алган жок. Анын айтканын иликтебей туруп, Текебаев менен Чотоновго оор айып коюу күнөөсүздүк презумпциясын бузууга жатат. Мыйзам бирөөнүн айткан түкшүмөлү менен гана кылмыш ишин козгоого жол бербейт. Бул жерде саясат бар жана саясий куугунтук деп айтууга негиз болуп жатат”деп билдирди Аманбаев.

Ошондой эле Бакыт Аманбаев бирөөнүн жоромолу менен айып коюу 1937-жылдагы репрессияда колдонулган тоголок арыз боюнча камакка алууга окшош көрүнүш экенин кошумчалады.

Башкы прокуратура орус жараны Леонид Маевскийдин арызынын негизинде Текебаевге кылмыш иш козгоп, кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга камады. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG