Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:38

Mакедонияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Скопиедеги шайлоо плакаттары, 20-март, 2009

Скопиедеги шайлоо плакаттары, 20-март, 2009

Македониядагы президенттик шайлоо өлкөнүн Европа Биримдигине жана НАТОго кошулушу үчүн чечүүчү мааниге ээ. Былтыр парламенттик шайлоодо чыккан куралдуу кагылышта бир кишинин өмүрү кыйылган эле.

Учурдагы президент Бранко Црвенковский мурдагы Югославиянын курамына кирген, азыр өз алдынча өлкө болгон Македонияны болгону бир мөөнөт башкарды. Эми анын ордуна жети киши ат салышууда.

Келерки беш жылга мамлекет башчысын шайлоонун кандай өтөөрү өлкөнүн Европа Биримдигине жана НАТОго кошулушунда чечүүчү мааниге ээ болмокчу. Европа Биримдиги эгер Скопия бийликтери шайлоону жөндөп өткөрө албаса, өлкө үчүн биримдиктин эшиги жабылып калаарын эскерткен.

2008-жылдагы парламенттик шайлоодо атаандаш партиялардын колдоочулары мыйзам бузууларга жол берип, куралдуу кагылыштар чыккан. Кагылышта бир кишинин окко учушу өлкөнүн эл аралык аброюна урулган оор сокку болуп калган.

Азыркы шайлоодо коңшулаш Греция менен алака да көңүл чордонунда болуп жатат. Бийликтеги ВМРО-ДПМНЕ партиясынан көрсөтүлгөн, бүгүнкү шайлоодо баарынан көп добуш алат деп күтүлүп жаткан Жорже Иванов 17 жылдан берки талашты мунаса жолу менен жөнгө салууга чакырды:

– Биз Бириккен Улуттар уюму колдоого алган жараянды колдошубуз керек. Жаңы идеялар, жакындан кызматташтык аркылуу эки тарапты тең канааттандыра ала турган мунасага келгенибиз оң.

Македония менен ага чектеш Греция "Македония" деген аталыштын айынан чатакташып келатышат. Грециянын түндүгүндө да ушундай аталышта аймак бар. Афины өкмөтү Скопияны "Македония" деген аталыштын аркасы менен мына ушул аймакты өзүнө кошуп алгысы келет деп айыптап келет.

Шайлоо өнөктүгүндө Ивановго куйрукташ келаткан социал-демократ Любомир ФрцКоски эгер өлкө Түндүк Македония, же Жогорку Македония деп аталса, Грециянын да көңүлү тынып, өлкөнүн улуттук иденттүүлүгүнө да шек келбейт деп айтууда.

Шайлоонун биринчи айлампасында Иванов да, ФрцКоски да жеңип чыгуу үчүн зарыл болгон санда добуш ала албайт шекилдүү. Эгер бул божомол чын чыкса, экинчи айлампа 5-апрелде өтөт.

Президенттик шайлоо менен катар Македонияда бүгүн жергиликтүү шайлоо да өтүп жатат. Анын ичинде баш калаа Скопиянын акими үчүн шайлоо айрыкча кызуу болот деп күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG