Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Максим Бакиевди кайтарып бергенге Британия көнөбү?


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевди кайтарып алуу боюнча документтерди Британиянын тиешелүү органдарына жөнөттү. Бирок эки өлкө ортосунда ушул багыттагы келишим жок болгон соң бул ишке ашпай калышы ыктымалдыгы айтылууда. Саясат талдоочу, мурдагы чекист Токтогул Какчекеев М.Бакиевди Кыргызстанга алып келүүнүн башка да жолдору бар экенин “Азаттыкка” берген мегинде билдирди.

- М.Бакиевдин Британиядан кармалганы айтылууда. Аны Кыргызстанга кайтарып алуунун жол-жобосу кандай жүрүшү керек?

- Биздин прокуратура өзүнүн далилдерин Интерполго берген. Интерполдун эл аралык издөө ишинин натыйжасында Максим Бакиев Улуу Британиядан кармалып атат. Британияга барганынын себеби ал жерде Березовский деген бар. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын алтын кен тармагын көзөмөлдөп турат. Улуу Британиянын мыйзамы күчтүү жана ал жерде таянычы болгондон кийин Березовскийдей өзүнүн өмүрүнө кол тийбестикти сактап калам дегендей үмүт менен баргандыгы болуп атат.

Бирок жакын арада эле телефон менен балдар мага айтышты, ал учактан түшөрү менен машинага отура калып качып кетти деп. Мунун качканына ошол Улуу Британиядагы булардын шериктештери жардам берип, алып кеткенге аракет кылышты.

-Максим Бакиевдин качып кеткени анык болсо анын кийинки кадамы кайсыл жакка болот деп ойлойсуз?

- Мындан кийинки жолу мүмкүн Израилге качып кетет, ал жерден деги эле эч кимди бөлөк мамлекеттерге беришпейт. Ошондуктан булар кылмыш жазасынан кутулууга аракет жасап атат. КМШ мамлекеттеринде, Орто Азия жана Кавказ мамлекеттеринде иштен кеткен президенттердин бири да мындай кыянатчылыкка барган эмес.

- Ошол эле учурда Британия Орусия Березовскийди сураганда бербей койгон фактылар бар да. Ушундай эле көрүнүш Максим Бакиевдин мисалында кайталанышы мүмкүн да?

- Мүмкүн, анткени Улуу Британия Кыргызстандан кандай кылса да чоң пайда көрүп атат, Белакондун аркасы менен Кыргызстандын алтын кендеринин баарын Бакиев ошолордун колуна салып берген. Биздин биринчи, экинчи президенттин үй-бүлө башкаруусунда, кыргыз элине чындыгында чыккынчылык ишке көмөктөшкөн адамдар бүгүнкү күндө керек болсо убактылуу өкмөттүн арасында да бар, тегеректе да жүрөт.

Баары бир бул нерсе бир күндө бүтүп калбайт. Бакиевдин, Акаевдин жан-жөкөрлөрүнүн баары өзгөчө жол менен түшүп, колунан келишинче пара болсо пара, тааныш болсо тааныш, ак көңүлчүлүк болсо ошону пайдаланып убактылуу өкмөткө, кийин туруктуу өкмөткө отуруп калганга аракет кылып атышат.

-Убактылуу өкмөт өкүлдөрү Максим Бакиевдин күнөөсүн Британияга далилдеп берип аны кайтарып алганга аракет кылабыз деп айтып атышат. Бул күнөөлөрү кантип далилденет деп ойлойсуз?

- Кылмыш кодексинин негизинде анын баары далилденет. Ошону менен бирге эл аралык маселелер боюнча, эл аралык укук мыйзамдары менен негиздеп, анан кайрылса болот. Экинчи жагынан, бул маселени ошол эле Улуу Британияга барып, эгер камакта болсо, ошол жерден сурагын алып далилдеп, бетин ачууга аракет кылса да болот. Бул кишинин өлүм-житимге тиешеси бар деген жол менен да кирсе болот. Ошондуктан булардын баары тең бизге жардам берүүгө милдеттүү. Бирок Британия эгерде өзүнө пайда келтирген, таламын талашкан адамдарды бербейт. Анткени алардын империялык саясаты болот, бекем турат, бул жагын да эске алыш керек.

- Бирок даана далилдери турса, күнөөлүүнү кармап турууга Улуу Британиянын акысы жок да?

- Алар Закаевди бербей койгондон кийин Максимди эмнеге бермек эле? Ал жерде Березовский болсо, ал жерде анын таасири чоң.

- Башка булактар менен кайрылса болобу?

- БУУну салса болот, ошол эле маалда эл аралык сотко берсе да болот. Бакиевдин баласы Максимге Орусиядан да кылмыш иши ачылган. Орусиялыктар менен биригип, аны Орусияга алып келип, сурак бүткөндөн кийин Кыргызстанга алып келсе. Интерпол аркылуу алып келгенге мүмкүнчүлүк бар. Мунун жолдору толтура, ал үчүн биздин эң белгилүү кыйын юристтерибиз ушул жолду жакшы билип, ушул жол менен кайрылууларды жасай бериш керек. Бирок аларды кармаган күндө да көп болсо он беш, жыйырма жылга камайт. Бир-эки жылдан кийин чыгарып кетишет, анткени биздин жазалоо системабыз, юриспруденция баары тең кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы иштейт. Өзгөчө кыргыз элине кылмыш кылып басмырлаган, байлыгын алган, аброюн карактаган адамдарды жазага тарта албагандыгыбыз ушундан чыгып атат.

- Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Британия менен Кыргызстандын ортосундагы Максим Бакиевди өткөрүү тууралуу келишим жок экенин айтып чыкты. Ушуну деле мисалга алып туруп Британия баш тартып коюшу мүмкүнбү?

- Мүмкүн. Британия байыркы империялык мамлекет болгондуктан, ал дайыма өзүнүн кызыкчылыгын кое бербейт. Биз мамлекетти, мамлекеттин баркын, улутту, улуттук кызыкчылыкты коргогон жагынан үлгү алышыбыз керек. Ошондуктан бизде көп ой-пикир жүргүзгөн, акылы жетпесе да, билими жок болсо да куру намыска таянып былжыраган кишилер көп болгондуктан, көп убакытта биз өзүбүздүн алдыбызда турган ырыскыбызды тарттырып жиберип атканыбыз мына он сегиз жылдан бери көрүнүп атат.

- Сиз демек Максим Бакиев атайын Британияга барып колго түштү деген пикирлерге кошуласызбы?

- Кошулам.

XS
SM
MD
LG