Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Максим жана Жаныш Бакиевдер кутумга беленденип жатабы?


Максим Бакиевге Интерпол издөө жарыялаган.
Максим Бакиевге Интерпол издөө жарыялаган.

Мурдагы президенттин Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган уулу Максим Бакиев менен бир тууганы Жаныш Бакиевдин телефон сүйлөшүүсү делген аудиотасма Интернетте жарыяланды.

Анда ага-ини бийликти кайра кантип кайтарып алуунун жолдору боюнча пландарын талкуулайт. Аудиотасма ким тарабынан жазылып алынганы азырынча белгисиз жана фоноскопиялык экспертизасыз добуштарды Бакиевдерге тиешелүү деп бир тараптуу ырастоо да мүмкүн эмес.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы интернеттеги аудиотасма боюнча азырынча комментарий бере албасын билдирди. Ал эми айрым адистер бул тымызын телефон сүйлөшүүсү чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары тарабынан тыңшалганын айтышууда.

Максим менен Жаныш Бакиевдин телефон сүйлөшүүсү делген бул орус тилиндеги аудиотасма интернетте англис тилине которулган тексти (субтитри) менен кошо жарыяланды.

Эгерде андагы үндөрдүн ээлерин чын эле мурдагы президенттин баласы менен иниси деп эсептесек, бул эки тууган бири-бири менен эки башка өлкөдөн сүйлөшүп жаткандай. Тасмадагы добуш ээлеринин бири телефону тыңшалуусунан кооптонгондугун жашырбайт.

- Алло тигиге (номурга) коңгуроо өтпөй жатат
- Ошондойбу?
- Такыр чала албай койдум. Терип жатам, терим жатам, буга чалууну чечтим.
- Себеби ал тажиктердики болчу.
- Мен азыр жаңы номер алдым, муну аныктоого азырынча эч ким жетише элек.
- Менимче, ал жакта биздикилер такыр эле жок да, башкалар эле кызыкпаса.
- Жок, жок, мен бул жерде көбүнесе “Улуулардан” чоочуп жатам, алардын техникалык каражаты жетиштүү.

Андан ары Максим жана Жаныш Бакиевдер деп болжолдонгон эки инсан Кыргызстандагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кадырын кантип кетирүүнүн, бирин экинчисине кантип кайраштыруунун жолдору боюнча пикир алышат.

Максим Бакиевдики делген үн Орусия Бишкектеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирин да жактабастыгы, алар сунуш кылып жаткан парламенттик системаны колдообой тургандыгы, учуру келгенде алар бири-бирин сатып кетээрине, атүгүл лидер деп эсептелгендердин ар бирине өз-өзүнчө акча берүү зарылдыгына токтолот.

Москва Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевди колдоону караштырып жаткандыгы тууралуу жоромол да айтылат.

"500 куралчан" менен беш жерге капыстан кол салуу

Аудиотасмада үнү жазылган эки инсан Бишкектеги бийликти күчтөп, курал менен тартып алуу үчүн мамлекеттик маанилүү беш обьектиге бир учурда кол салууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашат:

- Бир обьектиге 100дөн адам иштөөсү керек. Дароо кирип, чуу көтөрүүсү абзел. Ошондо күчү чачырап кетет. Түшүнүп жатасызбы, аларга азыр ким берилген болсо оболу бир жерге, андан соң экинчи, үчүнчү жерге чуркап барышат. Чынында эмне болгонун түшүнбөй калышат. Бирок алар мыкты жабдылуусу керек. Ар бирине мына сага 2-3 миң, жасап келгенден кийин дагы ушунчаны аласың деп айтуу керек. Муну капыстан ишке ашыруу зарыл.

- Идеяаң принцибинде жакшы эле. Бирок азыр зарыл болуп турган жалгыз нерсе – согушчандар.

- Анын үстүнө 500 эле киши жетиштүү. Бирок эгер муну кылсак, мен же сиз ошол жакка барып, бирөөбүз баарын жеринде башкаруубуз керек. Себеби муну жеринде жасоочу, башкара алуучу адамды мен көрбөй турам. Ким аларды жетектейт? Мен же сиз деп айтып жаткандыгым - бул чегине турган эч кандай жери калбаган адам болушу керек.

- Реалдуу кароо керек. Сен экөөбүздүн ал жакка жетишибиз кыйын болот. Тоолуу жолдор жана башкалар, эптеп өтүп бара алабыз, бирок?

- Жердеги операцияны Васильий Иванович жетектей алабы? Принцибинде ал буга даяр эле, тажрыйбасы жетет?

- Ооба. Менде да тиги жакта калгандар бар, аларды да кошуу керек.

- Канча адам? Менимче абдан берилгендери жана жашырынып жаткандарынан 20дай адам бар.

- Эгер биз бир нерселерди сатып, аларга берсек, төлөсөк. Алар бир катар иш чараларды уюштура алабы?

Максим жана Жаныш Бакиевдердики деген аудиотасманын бир бөлүгүндө мына ушундай алым–сабак жүрөт. Тасмада “бийликке Нариманыбы, башкасы келеби, адегенде ошол 500 куралчанга таянары” тууралуу да айтылат.

Жашыруун жазылган тасмалардын жарышы

Бул соңку күндөрү жашыруун жазылып алынган соң интернетке чыгарылган же коомчулукка угузулган аудиотасмалардын алгачкысы эле эмес.

Маселен, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Бакинвдин тушунда президенттик администрацияны жетектеп да турган Үсөн Сыдыковдун мисалын алалык. Ага карата кылмыш ишин козгоого негиз берген бир канча телефон сүйлөшүүсүндөгү үн Үсөн Сыдыковдун үнүнө окшоп турат жана азыркы бийлик бул сүйлөшүү Башкы прокуратуранын санкциясы менен тымызын жазылганын жарыялаган.

Ал эми убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдердин үндөрүнө окшош сүйлөгөн кишилердин бир миллион доллардын тегерегиндеги акча тууралуу купуя телефон сүйлөшүүсүнүн жашыруун жазылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу 20-майда маалымдалды.

Кылмыш иши алардын телефондогу сүйлөшүүсүн тымызын тыңшаган белгисиз тарапка каршы ачылгандай.

Интернетке ошондой эле убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Алмаз Атамбаевдин үндөрүнө окшош сүйлөгөн кишилердин бажыканадагы кадр маселеси боюнча кайым айтышкан телефон сүйлөшүүсү да чыгып кеткен.

Үн ким тарабынан жазылгандыгы белгисиз.

Чет өлкөлөрдүн атайын кызматынын жардамыбы?


Ал эми Максим жана Жаныш Бакиевдердики делген телефон сүйлөшүү эгер чын эле аларга таандык болсо, ким тарабынан тымызын жазылган болушу мүмкүн?

Биз бул суроону Кыргызстандагы коопсуздук кызматтын ардагери, Коопсуздук кеңеш катчысынын мурдагы орун басары Алик Орозовго жолдодук:

- Муну Максим же Жаныш турган өлкөлөрдүн атайын кызматтары каттап, анан интернетке чыгарганы – биздин атайын кызматтарга жардам бергени, муну байкагыла, коркунучтуу нерсе бар, билгиле деген эскертүүсү.

Биздин атайын кызматтар муну жаза албайт. Четте болгондуктан, кандай кыйын техникасы болсо да мүмкүнчүлүгү жетпейт. Бул жерде атайы монтаж кылган чагымчылык жок. Алар ушинтип сүйлөшкөнүнө мен 100% пайыз ишенемин.

Алик Орозовдун жеке болжолунда, мисалы, Жаныш Бакиев оболу коңшу Тажикстанга чыгып кеткен, балким андан ары да башка жакка жер которгон болуусу мүмкүн:

- Мен мындай анализдеп көрсөм, Казакстанга, Өзбекстанга чыкса же Орусияга барса, Европага учуп кетсе кармалып калуусу мүмкүн. Ал эми Тажистанда өзүнүн баңги зат каналы бар. Наркобарондор менен сүйлөшүп, ошол жакка гана чыгып кетүүсү толук ыктымал. Алардан кийин балким башка жакка дагы чыгып кеткендир, Ооганстанга же Эмираттарга.

“Азаттык” үналгысы Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү делген үн тасма боюнча кечээ (20-майда) мурдагы президенттин өзүнөн да сурады.

Ушул тапта Минскиде бозгунда жүргөн Курманбек Бакиев “Азаттыктын” кабарчысы Айнура Жекше кызы менен курган маегинде качып жүргөн бир туугандары жана балдары менен атайылап байланышпай жатканын айтып, бирок Кыргызстанга мамлекет башчы катары кайтуу ниети жоктугун баса белгиледи:

- Балдар өз ара сүйлөшүп, тигиндей-мындай аракет кылып атса, эми алардын мүмкүн ошондой ойлору бардыр, болгон болсо керек. Бирок мен буга өткөндө эле жооп бергем, андай оюм жок деп.

Курманбек Бакиев “Азаттыкка” курган бул маегинде өз жакындарын кан төкпөөгө “сөзсүз” чакырарын да кошумчалады.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев да Максим жана Жаныш Бакиевдердин ортосундагы телефон сүйлөшүү коңшу өлкөлөрдүн атайын кызматтары тарабынан жазылды деген ойдо.

Анын көз карашында Бакиевдердин жакындарынын максаты мурдагы президенттин эле өзүн кайра алып келүүгө барып такалбайт:

- Бул сөзсүз эле Бакиевди алып келип президенттик тактыга отургузуп коюш дегендик эмес.
Булар өздөрү келбесе да, өздөрүнүн таасириндеги адамдарды алып келип туруп, таасирин сактап калышта болуп жатат.
Анткени булардын каржылык ресурстары чоң. Каржы ресурсу менен бизге окшогон мамлекетти дестабилдештирип коюш оңой.
Бул жерден өздөрү айткандай 400-500 эмес, андан көп кишини деле жалдап алып койсо болот.


Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү буга чейин Бакиевдердин өлкөдөн чыгарып кеткен акчалары каражолтой иштерге, ал түгүл терракттарга да пайдаланылышы мүмкүндүгүн айткан жайы бар.

20-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рысбек Быкын уулу “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде бул мекеме Жаныш жана Максим Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү деген аудиотасманын мазмунун азырынча комментарийлей албай турганын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG