Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

“23 тууралуу”: Элди ким тоноду?


2005-жылдын март айында Жалал-Абат шаарындагы Улуттук банктын филиалында тонолуп кеткен 23 миллион сомдун дайын-дареги ушу кезге чейин белгисиз.

Буга байланыштуу “Адам укуктары боюнча Токмок ресурстук борборунун” жетекчиси Максим Кулешов кечээ өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүп, аны “23 тууралуу” деп атады. Акция башталып-башталбай милиция кызматкерлери Максим Кулешовду күчтөп унаага салып кетишти. Ал эми Генералдык прокуратура болсо, банктын тонолушу боюнча иликтөө иши убактылуу гана токтоп турганын билдирди.

“23 тууралуу” деп аталган акциянын уюштуруучусу Максим Кулешовду, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери Бишкек шаардык кеңештин митинг жана демонстрацияларды өткөрүү боюнча чыгарган токтомун бузду деген жүйөгө таянып акция башталаары менен эле дароо күчтөп унаага салып кетишти. “Элди ким тоноду?”, “Азыр 23 миллион кайда?” деген сыяктуу баракчаларды кармаган укук коргоочу кезектеги акциясын өткөрүүгө үлгүрбөй, кайрадан милицияга түштү.

2005-жылдын март айындагы бийлик кризиси учурунда Жалал-Абат шаарындагы Улуттук банктын филиалы тонолуп, белгисиз бирөөлөр 23 миллион сомду олжолоп кетишкен эле. Андан бери 3 жыл өтсө да ал кылмыш иши ачылбай, мамлекеттик казынаны тоноону кимдер уюштурганы, кимдер карактаганы белгисиз бойдон кала берүүдө. Акция алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып укук коргоочу Максим Кулешов, карапайым элдин жана салык төлөөчүлөрдүн акчаларын тоноп кеткендерди тапкандын ордуна күч органдары жазалоочу органга айланып калышканын айтып, азыр бийликте отурган айрым адамдар тонолгон миллиондорго “тиешеси бар” деген пикирин билдирди:

- А.Бекназаров жетектеп турган учурда Генералдык прокуратура тарабынан чоң кызматтарда отургандарга карата, эмне себептен банк тонолгон учурда буга тиешеси бар адамдарга тез чара көрүлгөн эместиги тууралуу суроолор коюлган болчу. Андан кийин бул ишти атайылап басаңдатышып, азыр токтотуп коюшту. Бүгүнкү күнү бул боюнча жооп бере турган эч ким жок. 23 миллион жоголуп атса эч ким жазасын алган жок. Бул маселени ар дайым көтөрүп туруш керек. Антпесе биз бат эле бандиттик өлкөгө да айланып кетебиз. Акырында үйлөрүбүзгө да кирип барып, баалуу буюмдарыбызды тоной башташат.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери укук коргоочу Максим Кулешовду Бишкек шаардык кеңешинин токтомун бузганын, ошол себептүү ал мыйзамдуу түрдө кармалганын айтышты.

Генералдык прокурордун орун басары Кубанычбек Асангелдиев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, мындан үч жыл мурда Жалал-Абатта болгон банк тоноо фактысы боюнча иш убактылуу гана токтотулуп турганын, анткени айыпталуучу адам кармалбай атканын билдирди:

- Азыркы тапта бизде официалдуу түрдө бир адам издөөдө жүрөт. Аты Нурлан, фамилиясы азыр эсимде жок. Бул адам айыпталуучу. Бул иш жабыла элек. Убактылуу токтотулуп турат. Анткени айыпталуучу издөөдө жүрөт.

Ошентсе да бир катар укук коргоочулар, карапайым элдин жана салык төлөөчүлөрдүн акчалары тонолгон, уурдалган фактылар атайылап созулуп келатканын, адам укуктарын тебелөө жана демократиялык принциптер үчүн күрөшкөн адамдарды куугунтуктоо адаткан айланганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG