Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Ирак чатагынын «ачкычы» табылабы?


Ирактын өкмөт башчысы Нури Малики
Ирактын өкмөт башчысы Нури Малики

Ирак күрттөрү менен Багдад ортосундагы узак талаш Ирак премьери Малики менен АКШ президенти Обаманын Ак Үйдөгү кездешүүсүндө талкууланат.

25-июлда Ирактын түндүгүндөгү автономиялуу күрт регионунда парламенттик шайлоо болот. Добуш берүүнүн жыйынтыгы - Ирак өкмөтү менен болчу сүйлөшүүгө күрт тараптан кимдер катышарын аныктайт. Ирактагы федералдык системанын келечеги - Борбордук өкмөт жана күрт жетекчилигинин мунаса табуусуна жараша болот.

Күрт жоокерлери Багдаддагы шайлооканада добуш берип чыккандан кийин. 23-июль.
Барак Обаманын администрациясы Күрт автономиясындагы парламенттик шайлоого чейин Ирактагы саясый күчтөрдү элдештирүүгө өтө дилгир. Күрт регионунун президенти, "Күртистан" демократтык партиясынын төрагасы Масуд Барзани ырасмий Багдад менен күрт бийликтери ортосундагы сүйлөшүүнү болочокто да жетектейби, аны ишемби күнкү шайлоодон соң билибиз.

Президент Обаманын премьер-министр Нури Малики менен Ак Үйдө өтчү сүйлөшүүсүндө Ирактын суннилери менен шиилери жана күрт жамаатын улуттук деңгээлде кантип бириктирүү маселеси талкууланат. Андан тышкары дагы бир талуу маселе каралат деп күтүлүүдө. Ал - федералдык өкмөт менен Барзани башындагы күрт регионалдык бийлигинин Ирактын түндүгүндөгү төрт провинция, анын ичинде мунайы мол Киркук провинциясы боюнча талаш. Бул провинциялардын калкы этникалык да, диний жактан да ар кылка.

Юнэдем Кана - Киркуктагы шайлоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү. Парламент мүчөсү. Теги ирактык тарса-христиандардан. Кана Киркук боюнча талаш мунайга байланыштуу деген пикирде:

- Негизги маселе - саясый блоктордун бийликти, табигый байлыкты бөлүү, Киркук проблемасы жана башка талаштуу маселелерге түрдүү саясый өңүттөн караганында. Бул проблемалар саясый жараяндардын жана демократия жараянына душман болууда. Аларды террорчулар же улутчул же диний экстремисттер пайдаланышы мүмкүн.

Ирак парламентинин төрагасы Аяд Самарайи отун энергиясы жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну эчен жылдан бери саалгытып келаткан саясый каршылаштардын эрегиши январга мерчемделген улуттук шайлоону болтурбай коюшу ыктымал экенин мойнуна алган.
Жоуст Хилтерманн (Joost Hiltermann) Эларалык кризистик группанын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын директору. Анын сөзүнчө, Ирак жетекчилиги жана Вашингтон Ирактын күрт регионуна байланыштуу курчуп бараткан жаңжалды бир жөнгө салыш керек, болбосо АКШлык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин региондо кандуу булоон от алышы этимал:

- Президент Обама Киркук жана башка талаштуу жерлер боюнча бир бүтүмгө келүүнүн зарылдыгын терең түшүнөт. Бул Ирактагы азыркы кризистин очогу. Бул жерде бир нече татаал суроо чечилиш керек. Бирок алардын негизгиси - күрттөрдүн регионалдык өкмөтү менен федералдык бийлик ортосундагы чатак. Киркук маселеси да эсте тутулушу шарт. Булар президент Обама менен премьер-министр Маликинин кездешүүсүндө биринчи талкууланчу маселелер.

Киркук шаарынын жалпы көрүнүшү.
Киркук жана башка талаштуу аймактар күрт автономиялуу регионуна кошулабы? Мунайдын кирешеси федералдык мыйзам боюнча кандай бөлүштүрүлөт? Ирбил жана Багдад бийликти бөлүштүрүү боюнча конституцияга кандай түзөтүү киргизет? Бул үч суроо, Эларалык кризистик группанын айтымында, тараптарды элдештирет же бөлөт.

Барзани шайлоочаларга Киркук Багдаддын башкаруусуна берилбейт деп төшүн каккан. Бирок, Хилтермандын пикиринче, Киркукту Ирак өкмөтү жөн эле бере койбойт. Атүгүл Ирактын өкмөттүк күчтөрү менен күрт милициясы - Пешмерге аткылашууга чейин барат, деп боолгойт Хилтерманн:

- Азыркы башмыйзам күчүндө турганда, канча билдирүү жасаба, маселе жөндөлбөйт сыяктуу. Бирок Киркуктун ылайыктуу бир статусун табууга тийишпиз. Андай мунасага бардык тараптар катышкан саясый сүйлөшүүдө жетүү мүмкүн. Бул, албетте, компромиссти талап кылат. Компромисс жөнүндө айтсак, азыркы шартта, Киркук Күрт регионуна кошулаары күмөндүү.

Серепчилердин баамында, көпчүлүк саясый оюнчулар, атап айтканда, ирактык суниилер жана шиилер, коңшулаш Түркия жана Сирия күрттөрдүн талабына макул болуу, болочокто күнкорсуз күрт мамлекетинин пайда болуусуна жол ачат деп эсептешет.

Гэрет Стансфилд - Лондондогу белгилүү “Chatam House” изилдөө борборунун күрт маселеси боюнча эксперти. Ал күрт жетекчилиги менен Ирак өкмөтү ортосундагы узактан келаткан талаш жөндөлөрүнө ишенет:

- Мен кандайдыр бир келишим түзүлөт деп ойлойм. Сөзсүз эле, Эларалык кризистик группа айткандай “Чоң келишим” болбосо да, гидрокарбонаттар жана Киркукту башкаруу боюнча мыйзамдардын негизинде кандайдыр бир келишим пайда болот. Бул Күртистан региону менен Ирактын калган бөлүгүн бөлүүгө алып барат. Мүмкүнчүлүктөр бир топ. Бирок саясатчылар талаштуу территория боюнча саясый жана аскерий чарларды колдонуу мүмкүндүгүн колдон чыгарышты.

Эксперттердин ишениминде, Күрт бийликтери менен Багдад ортодогу талашты күч колдонбой жөндөсө - көп этностуу жана түрдүү диндүү Ирактын элинин федералдык системада жашай алаарын билдирмек.

XS
SM
MD
LG