Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

”Манастагы” базага экономикалык каатчылыктын капшабы тийди


Кыргызстан - Президент Курманбек Бакиев маалымат жыйыны маалында.11-февраль 2009-жыл.

Кыргызстан - Президент Курманбек Бакиев маалымат жыйыны маалында.11-февраль 2009-жыл.

The International Herald Tribune гезитинде америкалык саясий илимпоз Александер Кули АКШнын “Манастагы” авиабазасынын жабылганы жатканына Кыргызстанды кынжылткан каржылык кыйынчылык себепчи болду деп жазган эле. Бул пикирди кыргыз президенти Курманбек Бакиев да Бишкектеги маалымат жыйынында ырастады.

Александер Кули (Alexander Cooley) - Колумбия университетинин Барнард коллежинде (Barnard College) иштейт, саясий илимдердин профессору.

The International Herald Tribune гезитинде басылган макаласында Кули “Манас” аэропортун пайдаланганы үчүн АКШ 2001-2005-жылдардын аралыгында жүз миллиондогон доллар акы төлөп келгенин, бирок алардын баары мамлекеттик бюджетке эмес, экс-президент Акаевдин жакындары менен анын айланасындагы алкымы бузуктардын чөнтөгүнө түшкөнүн белгилейт.

Кийин ФБРдын иликтөөлөрү далилдегендей, акчанын көбү Акаевдердин офшордогу банк эсептеринен чыккан.

Акаев бийликтен кулатылган соң президент Бакиев америкалыктардан аренда акысын жүз эсе көтөрүүнү – жылына 200 миллион долларга жеткирүүнү талап кылган. Тараптар ары тартышып, бери тартышып отуруп, акыры 150 миллион долларга макул болушкан.

Кайрадан бийлик структураларында отурган өз кишилерге киреше агыла баштаган эле”, - деп жазат Кули.

Финансылык кыйынчылыкка кептелген Бакиевдин өкмөтү Россия көбүрөөк кредит убада кылган соң акыры АКШ менен түзүлгөн келишимди бузууну чечти.

Бирок Кули “Манастагы” базага байланыштуу АКШ соодалашпашы керек деп эсептейт. Мындай болгондо америкалыктардын базалары жайгашкан башка өлкөлөр да келишимдерден бир тараптуу мүнөздө чыга башташы мүмкүн.

Мунун ордуна Кули Кыргызстанга тышкы карыздарынан кутулуунун жеңилдетилген ыкмаларын сунуш кылганга, буга кошо каражаттан ансыз деле өзү каржалып турганда убадасын аткарганга Россиянын чамаасы жетпей каларына кыргыз өкмөтүн ынантканга кеңеш берет.
Базаны жапкан соң Бишкектин Москва менен мамилесиндеги көзүрлөрү азаят, анын эсесине Ооганстандагы коалиция үчүн Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мааниси жогорулайт”, - деп көрсөтөт Кули.

Кыргыз өкмөтү “Манастагы” базаны таза экономикалык жүйөөлөрдөн улам жапканы жатканын президент Курманбек Бакиев да ырастады.

Бу жерде эч кандай саясий маселе, АКШ менен Кыргызстандын, Кыргызстан менен Европанын ортосунда саясий пикир келишпестик жок, - деп айтты Бакиев. – Буга чейин экономикалык реформаларда, демократиялык өнүгүү процессинде жана башка маселелерде АКШ бизди колдоп келди, Европа да колдоп келди. Кыргызстан да аларга колдоо көрсөтүп келди. Бу жагынан эч кандай проблема жок. Кеп болгону экономикалык маселеде турат”.

Бакиев соңку үч жылда Кыргызстанга келип-кеткен америкалык бардык ырасмий өкүлдөргө кайрылып, келишимдин шарттарын кайра карап чыгууну суранып жатып, ак мокогонун билдирди. “Акыры келишим протоколу түзүлүп, америкалыктар жылына 150 миллион доллар төлөмөк болушкан, бул да аткарылган жок”,-деп айтты Бакиев.

Айрым ырасмий өкүлдөр америкалыктардын “Манастагы” базасына байланышкан өкмөттүн чечиминде экономикалык жүйөө жоктугун айтышкан эле.

Бул таза саясий чечим болду”, - деп билдирген, мисалы, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы.
XS
SM
MD
LG