Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Мосвада Черкизов базарынын 3 айга жабылганына байланыштуу Орусиянын Коопсуздук палатасы Федералдык миграция кызматына ишсиз калган миңдеген мигранттарга убактылуу жашап турууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Федералдык миграция кызматы бул өтүнүчтү четке какты. Базардын жабылышынан улам 100 миңге жакын киши ишсиз калды. Алардын бири – кыргызстандык Болот Чекелеков.

Б.Чекелеков: Черкизов базары боюнча сурасаңыз, бирөө айтат “18 фирманын беши жабылып, калганы иштеш керек” дейт. Бирок так маалымат жок. Базар жабылса, товарларын ээсине берет экен деген да сөздөр бар. Бирок ал да так эмес. Бул жерде карапайым адамдар үчүн кыйын болду. Фирмалардын ээлери акчаны чөнтөктөрүнө басып алып кете беришти.

“Азаттык”: Ал базарда канча кыргыз иштечү эле? Кандай жумушту аткарышчу?

Б.Чекелеков: Так айтыш кыйын, бир эсепте 1,5 миң киши эле. Кыргызстанда тигилген кийимдерди сатышчу. Балдардын кийимин сатышчу. Ушул эки багытта иштешкен.

“Азаттык”: Орусиянын жарандыгын ала элек кыргыздар бар беле?

Б.Чекелеков: Атуулдугу эмес, башка мамлекеттин жараны бойдон иштегендер да бар эле. Көбүнчө ишке уруксаты барлар болчу. Бул жерде фирма ээлери жооптуу. Мыйзамды бузууга ошол фирма ээлери себепкер болушту.

“Азаттык”: Фирмалар мыйзамсыз мигранттарга акы төлөөдө, салык төлөөдө жашырып коюп, пайда табуу максатын көздөгөндүр?

Б.Чекелеков: Биринчиден, салыктан качуу үчүн ушуга барышкан. Күнөө ошол фирма ээлеринде. Себеби Москванын башка жерлеринде жумушка уруксат алып гана иштешет. Бул базарда болсо мыйзамсыз бойдон эле ичине бир кирип алса – болду, ошол жакта күндөп-түндөп жүрө беришет. Эч ким билбейт анын мыйзамсыз экенин.

“Азаттык”: 29-июнда базарды жабуу маалында 187 киши кармалган экен, кыргыздар да барбы?

Б.Чекелеков: Ал тууралуу эч кандай маалыматым жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG