Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Президенттин уулу Максим Бакиев мамлекеттик кызматка дайындала электе эле аны мураскор катары даярдай башташканы айтылган болчу.

Кыргызстан: Мураскор даярдалууда, бирок ал ким?

Президенттин кичүү уулу Максим Бакиевдин Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттигинин жетекчиси болуп дайындалышы, ага байланыштуу жаңы кеп-сөздөрдүн пайда болушуна себепчи болду.

Ага ылайык, президент Курманбек Бакиев өз уулун мураскору катары даярдай баштаганы айтылууда.

Президент өз уулун чоң кызматка дайындай электе эле “Азаттыкка” берген маегинде саясат талдоочу Марс Сариев, Кыргызстандын кийинки президенти Максим Бакиев болуп калышы мүмкүн экенин айткан:

- Курманбек Бакиевге каршы тура алган бир дагы күч калбай калды. Ошондуктан ал азыр саясий технологдордун жардамы менен коркпой эле реформа кылам деп атат. Ошентип жүрүп отуруп жашоо деңгээли көтөрүлүп кетсе, эл деле К.Бакиев тандаган мураскорго макул болуп берет. Эл деген азыр “жашоо оңолсо” деп, ошону эле күтүп калышты да.

Эми М.Бакиевдин бирден-бир стратегиялык тармакка келиши менен андай ыктымалдуулук чындыкка коошуп турганы айтыла баштады.

Жаш серепчи Нурмат Жумакановдун айтымында, жогорудагыдай дайындоодон кийинки коомчулуктун бейкапар, тынч отурганы, нааразы болгондордун дээрлик чыкпаганы көп нерседен кабар берип турат. Демек кийинки президенттик шайлоодо Максим Бакиев мураскор катары тандалып калса, эл арасында каршылык деле болбошу ыктымал:

- Мисалы, божомолдобой туруп так айта ала турган бир нерсе бар. Ал – азыркы президент Курманбек Бакиев сөзсүз түрдө өзүнөн кийин бийликти мураскоруна калтырып кетет. Буга мен терең ишенип турам. Бирок, ал мураскордун ким болору башка бир маселе. Маселен, М.Бакиевдин дайындалганына эки күн болду. Мен теледен, маалымат каражаттарынан эч кандай нааразычылыктарды көргөн жокмун. Көчөгө деле каршы болуп бирөө жарым чыккан жок.

Бул эмнени көргөзүп турат? Мындай боло берсе 2014-жылы Максим Бакиев талапкерлигин көрсөтсө, эл унчукпай эле шайлап коюу ыктымалдуулугу бар.

Коомчулуктун мындай өзгөрүштөргө анча көңүл бурбоосунун өзүнчө себеби бар дешет. Анткени, коомдук пикирди калыптандырчу эң негизги маалымат каражаттары бийликтин көзөмөлүндө.

Маселен, Максим Бакиевдин чоң кызматка дайындалышын УТРК, 5-канал сыяктуулар позитивдүү көрүнүш катары чагылдырышты. 5-каналда Исхак Масалиев, Эльмира Ибраимова, Мария Исанова сыяктуу убагында аталары чоң кызматтарда иштеген саясатчыларды көрсөтүшүп, Максим Бакиевди деле ошолордун бири катары сүрөттөгөн берүү кетти. Мындай көрүнүштү Н.Жумаканов коомчулуктун аң-сезимин башкаруу, адаштыруу катары баалады.

Бийлик өкүлдөрү, “Ак-жолчу” депутаттар М.Бакиевдин мамлекеттик кызматка келишин туура чечим катары баалашып, анын ишкердик тажрыйбасы өлкөгө инвестиция тартууга жардам берерин айтып чыгышты. Талдоочулардын баамында, эми мамлекеттик маалымат каражаттарын, административдик ресурстарды колдонуу аркылуу президенттин уулунун позитивдүү образын түзүү иш-чаралары башталмакчы. Быйыл жайда өткөн президенттик шайлоодо К.Бакиевдин үгүт иштерин колго алган “Flexi Communications” компаниясы да ал иш-чарага тартылышы ыктымал.

“Flexi Communications” компаниясы талаш-тартыштуу MGN group компаниясынын ээлерине таандык дешет. Бул компания “Азия Универсал Банк”, MGN group сыяктуулардын коммуникациялык стратегияларын колго алган.

СССРдин мураскорлору мураскор даярдоо менен алек

Мурда СССР аттуу билеги күчтүү империянын курамында турушкан мамлекеттердин жалпы окшоштуктары бүгүнкү күнгө чейин сакталып келатат. Ошол он беш мамлекеттин ичинен 90-жылдары СССР кулаган маалда Латвия, Литва, Эстония гана дароо советтик системанын терисин сыйрып ыргытып, өнүккөн демократиялык өлкөлөрдүн жолуна түшүшкөн. Кийинчерээк түстүү ыңкылаптардан кийин Грузия менен Украина да эски советтерден калган илдеттерден арылуу аргасын кылып келет.

2005-жылдагы эл толкунунан кийинки бийлик алмашуудан соң Кыргызстанда да чоң өзгөрүүлөр болору тилек кылынган. Бирок көп өтпөй Кыргызстан Орусия баштаган шериктеринин жолун жолдоп, кайрадан борбордук бийликти бекемдөөгө өтүп алды.

СССР учурунда борбордук бийлик канчалык күчтүү болгон болсо, анын курамынан чыккан көп өлкөлөрдө деле авторитардык башкаруу өкүм сүрүп келет. Маселен, Азербайжанда бийлик атадан балага өткөн болсо, Орусиянын мурдагы президенти Владимир Путин мөөнөтү бүтүп атканда ишенимдүү кишисин мураскор катары тандап, өзү премьер-министрлик кызматты жана башкаруудагы партиянын жетекчилигин колго алды. Ошентип В.Путин мураскору Д.Медведевдин мөөнөтү бүткөн соң кайрадан шайланып алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.

Ал эми Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан президенттери 90-жылдардан бери бийликте отурушат. Айтмакчы алардын балдары да мамлекеттик чоң кызматтарды ээлешкен. Бул мамлекеттерде деле мураскор даярдоо операциясы эбак башталган дешет. Адистердин баамында, Орусиядан айырмаланып Борбор Азиядагы мамлекеттер Азербайжандын жолун жолдоп, бийликти өз балдарына калтыруулары мүмкүн.

Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов болсо капысынан көз жумуп гана бийликтен кетти. Анын ордун басып калган азыркы президент Гурбангулы Бердимухаммедов жол башчысы чийип кеткен чийинден чыкпай, катаал авторитардык башкарууну сактап калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG