Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Президенттин кенже уулу, өлкөнүн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев Бээжинге иш сапары менен барып келди. Ал коңшу Кытайдан ири инвестиция тартуу аракетин көрүүдө.

Кытайдан издеген пайда

Бээжин сапарындагы Максим Бакиевдин натыйжалуу иштеринин бири, “Датка-Кемин 500 киловаттык электр өткөрүү линиясынын курулушу” долбоору боюнча документке кол коюлушу болду. Аталган долбоордун наркы 342 миллион долларды түзүп, курулушту 2011-жылы баштоо пландалды.

Андан тышкары Камбар-Ата ГЭСтерин куруу, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун салуу сыяктуу бир катар ири долбоорлор боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү. М. Бакиев Шанхай фондулук биржасы жана Кытайдын Өнүктүрүү банкы менен кызматташуу боюнча да жолугушууларды өткөрдү.

Талдоочулар баса белгилешкендей, ушул тапта Кыргызстанга ири инвестициялар абдан зарыл экени айкын. Ал эми Орусия бермекчи болгон 1,7 миллиард долларлык кредит келбей калган өңдүү.

Былтыр жазда Кыргызстанга Орусиядан 300 миллон доллар өлчөмүндө кредит келген эле. Ал кредиттин азыраак бөлүгү колдонулганы менен Өнүктүрүү фонду калган акча Улуттук банкта жатканын айткан. Бирок серепчилер мындай чоң суммадагы акчалар жөн эле жата бербесин, болду-болбоду алар коммерциялык банктарда айланып атышы мүмкүн экенин айтышууда.

Ошондой эле былтыр жазда Камбар-Ата ГЭСтерин курууга Орусия дагы 1,7 миллиард доллар өлчөмүндө каражат салууга даярдыгын билдирген болчу. Соңку кездери Кыргызстан Орусия менен мамилесин салкындатып алганы, ал жактан ГЭСтерге деген каражат келбей калганы, эми бийликтер башка булактарды издей башташканы айтыла баштаган.

Ошол башка булактарды оболу Кыргызстан Кытайдан издөөдө. Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М. Бакиев дал ушул максатта өзүнүн алгачкы чет элдик иш сапарын Бээжинден баштады.

Кыргызстан Кытайдан эмне үйрөнөт?

“НСК” камсыздоочу компаниясынын адиси Талант Кемеловдун пикиринде, эгерде М.Бакиев Кытай тарап менен сүйлөшүп аткан долбоорлор ишке ашып кете турган болсо Кыргызстандын экономикасы үчүн эле пайда болмок. Кытай менен тыгыз иштешүүдөн коркпоо керектигин, Кыргызстандай аз элдүү өлкө үчүн оболу экономиканы бутка тургузуу зарылдыгын, андан кийин бай өлкөдө жашап калган жарандар өздөрү эле эркиндик, адам укуктары сыяктуу баалуулуктарды орнотуп алышарын айткан экономист, өтө ылдам өнүгүп аткан Кытайдан пайда таап калуу керектигин баса белгиледи:

- Айтылган сөздөрдүн бардыгы аткарылса жакшы эле болмок. Бирок эми аны убакыт көрсөтөт. Бирок чочулоолор да бар. Эми Кытай деле бара-бара катуу өнүккөн сайын демократиялашат болушу керек. Азыр алар ар бир адамына эсептегенде анча деле өнүккөн мамлекет эмес. Ошентсе да аларда бизге сала турган каражаттар бар.

Саясий серепчи Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, калкы 1,5 миллиардга чамалаш Кытай менен тыгыз кызматташууларда улуттук кызыкчылыктарга да көңүл бурулушу керек. Ысык ымала натыйжасында кытайлыктарды өлкөдө толтуруп жиберүүгө да болбойт:

- Кытай-кыргыз мамилесинин келечеги жакшы. Биринчиден, Кытай биздин жакынкы кошунабыз. Экинчиден, алар абдан тездик менен өнүгүп аткан мамлекет. Келишсин, иштешсин, өздөрү да пайда тапсын. Бирок чет элдиктерге жер сатуу, жарандык берүү жактарына чек коюш керек. Антпесе миллиарддан ашкан эли бар өлкө бизди жөн эле сиңирип алышы мүмкүн.

Айта кетсек, М.Бакиев Кытайдын Коммерция министринин орун басары Чэнь Цзян менен жолугушуу учурунда, Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү багытында кытайлыктардын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин айтып, Кытайдан бул жаатта жардам сураган. Кыргызстандык айрым серепчилер болсо, авторитардык багытын улам сайын кеңейтип бараткан Кыргызстан, Кытайдын репрессивдүү методдорун кошо үйрөнүп, адам укуктары, саясий жана жарандык эркиндиктерин биротоло жок кылышпайбы деп чочулашууда.

Канткен күндө да коррупциялык иштери, экономикалык кылмыштары үчүн чоң даражалуу чиновниктерге чейин өлүм жазасына тартылчу Кытайдын катаал системасы Кыргызстанга төп келбесин айткандар бар. Т. Кемеловдун пикиринде, андай катаал шарттар болгондо Кыргызстандагы чиновниктердин дээрлик басымдуу бөлүгү жогорку жазага берилмек окшойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG