Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:38

Исламдагы беш парздын бирин аткаруу оор мезгилге туш келди


Мусулман зыяратчылары Кааба ташын айланып, сыйынып жатышат. 3-декабрь, 2008-ж.

Мусулман зыяратчылары Кааба ташын айланып, сыйынып жатышат. 3-декабрь, 2008-ж.

Сауд Арапстан Мекке Мединага жылдык ажылык сапарга чогулган адамдарга жык толду. 2 млн.дон ашуун адам бүгүн Меккеге чогулуп, ислам дининдеги беш негизги парздын бирин – ажылык милдетин – баштаары күтүлүүдө.

Бүгүн таң атпай ажылык сапарга келгендер Минага, Меккеге жакын жердеги өрөөнгө, чогула башташты. Ошентип, ажылыктын биринчи күнү башталды.

Ички да, сырткы да тазалыкты символдоштурган ак көйнөктү оронуп алып, адамдар бүгүн убакытты сыйынуу менен өткөрүшөт. Анын артынан, 7-декабрда, беш күндүк ажылык сапардын негизги эрежесин аткарыш үчүн Арафат тоосуна чыгышат. Дүйшөмбүдө болсо Курман айт майрамын белгилеп, шайтанды символдоштурган дубалды карай таш бургалат.

Быйылкы ажылык парзды аткаруу ниети менен эки миллиондон ашуун адам Меккеге чогула турганы айтылды. Мусулмандар үчүн ажыга сапар руханий дүйнөнүн тазарышына алып келет, күнөөлөрдүн кечирилишин түшүндүрөт. Ден-соолугу чың, акчасы жетиштүү ар бир мусулман Меккеге өмүрүндө жок дегенде бир ирет барып келгенге милдеттүү.

Ажылыктан арам акча каалагандар да көбөйдү

Бирок жылдан жылга ажылык милдетин аткарууну каалаган мусулмандардын саны өскөн сайын, сапардын өзү толгон-токой проблемалар менен коштолууда. Айрымдар түрдүү жолдор менен Меккеге көп акча коротуп да, жетпей калышууда.

Тажикстандан Сауд Арапстанга жөнөгөн 94 киши Москва аркылуу Сауд Арапстанга учабыз деп барып, визасы жасалма экени аныкталгандан кийин кайра мекенине кайтарылышкан. Ошол кишилердин бири Рахмонали Сабуров “Азаттыкка” буларды айтты.

“Биз чекарадан өтүп жаткан учурда бизди кармап калышты. Алар визабызды жараксыз деп, өткөрбөй коюшту. Визаны болсо биз аэропортто орус агенттиктеринин бирөөсүнөн алган элек. Ал ишкана бизди алдап, жасалма виза жасап берген экен”, - дейт ажылыктан да арам акча кылганга аракет кылгандарга зээни кейиген Раймонали Сабуров.

Сауд Арапстан бийликтери болсо ажылык учурунда баратканда басылып, же таш баран учурунда башына таш тийип жабыр тарткандар аз болсун деп, быйыл ыйык мечиттин көп жеринде реконструкция иштерин өткөрүп жатышат. Андыктан Меккеге келчү ибадаткерлердин санын да кыскартты. Эки жыл мурда Жамарат көпүрөсүнөн өтүп барактандардын ичинде 362 адам кулап өлгөн.

Анын үстүнө быйыл коопсуздук күчтөрү да катуу чараларды көрүшүүдө. Мисалы, түндө да көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ Америкада жасалган тик учактар алгачкы жолу Меккеде колдонулуп жатат. 100 миңдей аскер абалга көз салып туруш үчүн жайгаштырылды.

Полиция Меккеге барчу жолдорду жаап, туристтерден сөзсүз документтерди текшерип турат.

Коопсуздук чараларынын баары бекеринен болуп жаткан жок

Анткени бир нече күн мурдараак эле Индиянын каржылык борбору эсептелген Мумбай шаарында жардыруулар болуп, 171 адам өлгөн эле. Ал чабуулдарга исламчыл террорчулар тиешеси бар деген сөздөр айтылып жатат.

“Аль-Каида” террор уюму болсо Сауд Арапстандагы жагдайды курчутууга аракет кылганы менен, бир жолу да Мекке Мединага чабуул кое элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG