Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Коргоо кеңеши курал сатууга жазаны күчөтүүнү сунуштады


Коргоо кеңеши Кыргызстанда курал-жарактарды мыйзамсыз сатууга жазаны катаалдаштырууну сунуштайт. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге билдирди. Мындай чара Аскер бөлүктөрүнөн көп сандаган курал-жарак уурдалганы белгилүү болгондон кийин сунушталды. Жумакадыров аскер бөлүктөрүндөгү курал-жарактарды саноо буга чейин башталганын жана мындан кийин талапты күчөтүү тапшырмасы берилгенин билдирди.

Ошондой эле Жумакадыров аскер бөлүктөрүндөгү курал-жаракты электрондук каттоого алуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып кармалган эле. Комитет төрагасынын айдоочусу Калашников үлгүсүндөгү үч автоматты сатууга айыпталган. Ал эми Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдалганы белгилүү болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG