Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Медведев: "Ток турмушту демократияга каршы койгонго болбойт"


Россия -- Президент Дмитрий Медведев "Новая газетанын" редактору Дмитрий Муратовдун суроолоруна жооп берүүдө.
Россия -- Президент Дмитрий Медведев "Новая газетанын" редактору Дмитрий Муратовдун суроолоруна жооп берүүдө.

"Новая газета" шаршемби күнү президент Дмитрий Медведевдин маегин жарыялады. Бул анын мамлекет башчысы болгондон бери Россиядагы басылма маалымат каражаттарына берген биринчи интервьюсу болду.

Медведев баарыдан мурда "баракат жана жетиштүү турмушту саясий укуктар менен эркиндиктерге карма-каршы койгонго таптакыр болбой турганын" белгиледи.

90-жылдардагы кыйчалыш кырдаал "демократия" дегенди кабылдоого терс таасирин тийгизгенин эске салып, президент аны "тарыхый түшүнүк жана улуттук институттардан өйдө турган асылнарктардын" бири катары атады.

"Демократияны ток турмушка каршы койгонго болбойт”,-деп көрсөттү ал.

"Демократия – эч жерде кайра тирилткенди талап кылбайт", ал "болгон,бар жана болот",-деп ырастады Медведев.

Ушул эле аңытта "коомдук келишим" теориясын "адамзаттын эң жаркын идеясы" таризде сыпаттады. Жарандык коом,орус президентинин айтымында, азыркы заманда "ар кандай мамлекеттин ажыралгыс коомдук институтуна" айланды.

Медведев ошол эле учурда орус коомунда бул жагынан баары эле сыдыргыга салгандай сыйда эместигин да танган жок. "Партиялык президент" тарыйкасына Россия азырынча даяр эмес, буга саясий системанын жеткилең өнүкпөгөндүгү себепкер.

Медведев интернет тармагын "кооптуу криминалдык чөйрөдөй" караган көз караштарды, цензура киригизүү сунуштарын да караманча четке какты жана интернет технологиясын акыл-эстүү негизде жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Гезиттин башкы редактору Дмитрий Муратов ырастагандай,президент жоопсуз калтырган бир да суроо болгон жок.

"Анын жоопторунан,мисалы,мен ЮКОСко байланышкан азыркы сот процесси кандай бүтөрүн президент билбей турганына ынандым. Мунусу жакшы",- дейт Муратов. Мындан тышкары Медведевдин "Бирдиктүү Россияга" таянып, партиялык-бюрократиялык номенклатураны чыңдаганга ниети жоктугун да Муратов коомуту толо кабыл алганын кошумчалады.

Ошол эле учурда Муратов президенттен интервью алганын "Ленин менен эстен чыккыс жолугушуу” өңдөнтүп көрсөткүсү келбейт. "Бул тек гана ишкердүү, олуттуу, арай көз чарай отуруп, кең-кесири ой-пикир алышкан интервью болду,болгону ушул",-дейт Муратов.

Медведев эмне үчүн Муратовдун гезитине интервью бергенге макул болгонуна кайрылып: "Силер эч качан эч кимге көшөкөрлөнгөн эмессиңер”,- деп билдирген.

"Новая газетаны" – Михаил Горбачев негиздеген. Басылма Кремлдин саясатын көп өңүттөн сынга алып жүрөт. Анын бир нече кабарчысы – Анна Политиковская, быйыл январда эле Анастасия Бабурова киши колдуу болушкан.

"Мен фактынын өзүнө - интервьюнун пайда болгонуна, ал үчүн кандай басылма тандалып алынганына, текст кыйла ыкыластуу чыкканына көңүл бурар элем. Эң башкысы ушунда, калгандары экинчи пландагы маселелер”,-деп айтты биздин радиого саясий эксперт Александр Купев.

Медведев эки жылдан соң Муратов менен кайра жолугуп, "айрым жыйынтыктарды чыгарганга" да макул болду.

XS
SM
MD
LG