Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Медведев Сирияда стратегиялык маселелерди талкуулайт


Дмитрий Медведев Башар ал-Ассад менен Сочиде жолугушкан. 21-август, 2008-ж.
Дмитрий Медведев Башар ал-Ассад менен Сочиде жолугушкан. 21-август, 2008-ж.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев дүйшөмбүдө Сирияга жөнөп кетти. Дамаскта ал эки тараптуу экономикалык байланыш, аскердик-техникалык кызматташтык жана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын талкуулайт.

Бул президент Медведевдин Сирияга жасаган алгачкы расмий сапары. Ал ортодо Сириянын президенти Башар ал-Ассад Москвага үч жолу барып кетти. Медведевди Дамаскка Орусиянын коргоо министрлигинин чоң делегациясы коштоп барды, Кремлдин өкүлү бирок, бул ирет жаңы аскердик макулдашууга кол коюлбайт деп тактоого ашыкты.

АКШдагы Виржиния университетинин профессору Марк Катц көптөн бери Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы саясатын изилдеп келатат.

- Менимче, Орусия-Сирия ортосунда талкууланчу маселе арбын. Эң ириде аскер-деңиз техникасы, аны модернизациялоо, Орусиядан курал-жарак сатып алуу, ал үчүн төлөө ыкмалары. Ошондой эле Сирия Орусиядан сатып алган курал-жабдыкты Хезболлага өткөрүп берүүдө деген Израилдин тынчсыздануусу. Орустар балким, Сириядан мындан ары андай болбойт деген кепилдик сурашы мүмкүн. Сириялыктар, албетте, биз Хезболлага берген жокпуз деп актанат. Ошентсе да, бул маселе эки өлкө ортосундагы эң талылуу маселе, айрыкча Орусия-Израил алакалары дурус акыбалда экенин эске алганда.

1990-жылдардын ортосунан тарта Сирия Орусиядан абадан коргонуу жабдыктары менен согуштук авиацияны көп сатып алды. Андан сырткары орусиялык аскерий адистер Сириянын оор согуштук техникасын жаңылап, танкалар менен ракеталык жабдык жеткирип берди. Москванын андай саясаты Сирия менен формалдуу согуш акыбалындагы Израилдин тынчын албай койбойт. Тель-Авив Сирия күчтүү курал-жабдык, техниканы андан ары Дамаск менен тыгыз кызматташ Хамас, Хезболла өңдүү уюмдарга өткөрүп берет деп эсептейт.

Ошентсе да, Виржиниялык профессор Катц Москва Израил менен мамилесин бузгусу келбейт деп белгилейт. “Москванын Жакынкы Чыгыштагы саясаты – баары менен дос болуу, - дейт изилдөөчү. - Израил, байыстуу араптар, радикал арап өлкөлөрү, Иран – баары менен тең дос болгусу келет. Москва атүгүл Хамас жана Хезболла менен да дос. Жалгыз Ал-Каиданы айыптайт, ал-каидачылар өзүлөрү деле эч кимге шерик эмес. Орусиянын Жакынкы Чыгышта көздөгөнү баарынан мурда экономикалык кызыкчылык”.

Экономикага келгенде, президент Медведевдин жардамчысы Приходько Орусия Сирияга 32 миллион долларлык насыя бөлөт, ал акча Жер ортолук деңизде туристтик борбор курууга жумшалат деп кабарлады. Андан башка орусиялык Газпром ишканасы Сириядагы бир катар энергетилык долбоорлорго кызыгат. Атап айтканда, Газпром сириялык жаратылыш газын Ливан, Иорданияга тартып баруу ишин колго алгысы келет.

Дмитрий Медведев Сириядан кийин шейшембиде Түркияга барат. Түркиялык “Заман” гезитине берген интервьюсунда орус президенти эки өлкө ортосундагы “ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлүп баратканын” белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG