Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Апта окуясы: Ош мэрин бошотуу операциясы...


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу аракети ишке ашпай, шаар башчы ордунда калды. Анын көптөгөн тарапкерлери Ош шаарында митинг өткөрүүгө да үлгүрүштү. Бир катар серепчилер муну борбордук бийликтин алсыздыгы катары баалашууда.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кызматынан алуу керектигин бир катар жергиликтүүлөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү буга чейин билдирип келишкен болчу. Президент Роза Отунбаева болсо бул азырынча абдан татаал маселе экенин айтып, так кесе жооп бере алган эмес.

М.Мырзакматовдун айланасындагы кеп-сөздөр күчөп отуруп ушул аптада аны башка кызматка жылдыруу же кызматтан алуу чаралары көрүлгөнү менен кызматынан кеткиси келбеген мэрди ордунан эч ким жылдыра алган жок.

М.Мырзакматовдун бийликке келиши

Учурдагы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 40 жашта. Ош технологиялык университетинде экономикалык багытта билим алган. Өзүнүн эмгек жолун мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда салык инспекциясында баштаган. Кийинчерээк жеке иштер менен алектенип, Кара-Суу районундагы ири базарда “Оомат” аттуу базарды түптөгөн. Андан кийин Ош шаарында “Таатан” аттуу соода комплексин ачкан. М.Мырзакматовду жакшы тааныган Ош мамлекеттик университетинин доценти, Ош шаардык кеңештин депутаты Асамидин Аттокуровдун айтымында, ишкердикти өздөштүрүп алган Оштун мэри учурунда бир катар бизнестерди ачып койгон.

М.Мырзакматов 2007-жылы саясатка аралашып, мурдагы президент Курманбек Бакиев түптөгөн “Ак жол” партиясынын курамында парламентке депутат болуп келген. Көп өтпөй К.Бакиев аны Ош шаарынын мэрлигине дайындаган. 7-апрелдеги окуядан кийин Бакиевдердин кадрлары кызмат орундарынан айрылганына карабай М.Мырзакматов өз ордунда кала берди. Өзгөчө июндагы окуялардан кийин ал Кыргызстандын түштүгүндөгү эң эле таасирдүү саясий фигурага айланды.

Өкүмдар

Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовду кызматынан алуу керектигин бир катар жергиликтүүлөр жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү айтып келишкен. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аны өзбек тектүүлөрдү куугунтукка алууда деп айыпташса, мэрди жактырбаган жергиликтүүлөр “ал ансыз да кыйын кырдаалды оорлотуп атат, криминалдык жол аркылуу башкарууну жүргүзүп келатат, коррупцияга батып кетти” дешүүдө.

Кантсе да президент Роза Отунбаева баштаган бийликке ачык эле моюн толгоп, борбордук бийликтин саясатын четке кагып, кабыл алынган токтом, жарлык, директиваларга баш ийбей өз алдынча аракет кылып аткан Оштун мэри бул жолу от менен ойноп алгандай таасир калтырды.

Жума башында М.Мырзакматов Бишкекке чакыртылып, ага сунушталган түрдүү кызматтардан баш тартып, учурдагы ээлеген кызматынан кетпесин айтып туруп алды. Бишкектеги 2-3 күнгө созулган сүйлөшүүлөрдө борбордук бийликке ачык конфронтацияга барып, “Бишкекте кабыл алынган директивалар Ошто иштебейт” деген сыяктуу интервьюларды берип ийди. Абдан катуу кайтаруудагы, тишине чейин куралданган көптөгөн жан сакчыларынын коштоосундагы мэрди кармоого күч органдары аракет деле кылган жок.

Бишкекте М.Мырзакматовду жок дегенде башка ишке которуу аракети жүрүп аткан маалда Ош шаарында анын тарапкерлери чогулуп, 19-август күнү үч-төрт миң чамалуу адам М.Мырзакматовго тийбөө талабы менен митинг өткөрүштү. 20-август күнү аны вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров Ош шаарына коштоп келип, ал өзүнүн кызматында калганын жарыялады. Чогулгандардын алдында ал өзүн Оштун бирден-бир өкүмдары катары көрсөтүп, аны кетирүүгө аракет кылган президент Роза Отунбаева качып кетишкен мурдагы эки президенттин аркасынан барып калышы да мүмкүн экенин анекдот кыла балп этип салды. Ошондой эле ал түндүк-түштүк маселесин козгоп, борбордук бийлик түштүктүктөрдү куугунтуктап атат деген кине койду:

- Урматтуу калкым! Урматтуу Оштуктар! Мени Бишкекте үч күндөн бери кармашып, “Токой чарбасына барасың, элчи болосуң” деп, мен макулдугумду бербей, Азимбек аке (Бекназаров) өзү жанына алып мени түз сиздердин жаныңыздарга алып келип отурат.

Урматтуу туугандарым, кудай буюрса Ош биздики. Борборду Ошко көчүрүп келебиз. Мен дайыма айтып келгем. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү Чүйдө эмес, Нарында эмес, Таласта эмес так ушул Ошто. Эмне биз бардыгыбыз эле акмак, бардыгыбыз эле Бакиевчи болуп, алар “ангел” болуп калыппы. Кыргызды түндүк-түштүккө бөлгөн Акаевди кетирдик, түндүк-түштүккө бөлгөн Бакиевди кетирдик. Акыры элди бириктирет экен деген үмүт бар эле бул бийликте.


Албетте мэр М.Мырзакматовдун ушундай кыйчалыш маалда түндүк-түштүк маселесин козгоп, кызматынан айрылуу коркунучу пайда болгондо буга жамына калышы ага аброй деле алып келбейт. Анын үстүнө “куугунтукталып атат” деп ал санап өткөн адамдардын дээрлик бардыгы К.Бакиевдин тушунда ири чиновниктер болчу жана азыр да күздө өтчү парламенттик шайлоого башкалар сыяктуу эле даярдык көрүп отурушкан. Андыктан Ош шаарынын тентек мэри К.Бакиевдин тушундагы ири чиновниктерге кошулуп, аны кызматтан алууга чамасы жетпей койгон ырасмий Бишкекке келишкис оппозиция болуп алгандай түр калтырууда.

Мэрди колдогондор бийликте да бар

Килейген мамлекеттик машинанын жалгыз М.Мырзакматовду кызматтан алууга батына албай атканы да түшүнүктүү.

Биринчиден, Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал дале болсо курч бойдон кала берүүдө. Ал эми июндагы коогалаң маалында М.Мырзакматов өзүн жергиликтүү кыргыздардын коргоочусу катары көрсөтүп, түштүктө кыйла аброй топтоп алган. Анын үстүнө жанына көп сандагы куралчан адамдарды чогултууга да жетишкен.

Экинчиден, жогорку бийликтин Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев сыяктуу өкүлдөрү Оштун мэрин колдошору айкын болду.
Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров кечээ М.Мырзакматовду Ош шаарына өзү коштоп келип, аны колдоорун билдирди:

- Ал жерде дагы (Бишкек) Мелистин тарапкерлери толтура. Мелистин колдоочулары бар. Мына Мелисти кызматтан алабыз деп революциядан кийин маселе көтөрүп келишкенде, Орозо күнү жашырбай айтайын, биринчи күндөн мен колдоп келгем. Азыр да колдоп атам. Мына ушул жерде кан төгүлүп атканда Мелистин жанында жүрдүк. Ошондон кийин да Мелисти алуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Ошондо да мен үч күн бою “Мелис калат, Мелис иштеш керек” деп турган кишимин.

Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев да М.Мырзакматовдун мэрлик ордунда калганы жакшы болду деп эсептээрин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, М.Мырзакматов борбордук бийликке эле баш ийип иштей бермекчи. Ал эми анын айрым сөздөрүн кызуу кандуулук катары кечирип койгон оң:

- Мелис борбордук бийликке баш ийбей коё албайт. Жанагыларды кызуулук менен айтып жибергендир. Экинчи жагы, М.Мырзакматовдун калганы жакшы болду. Себеби бул жактагы абдан катуу кагылышууларда эки тарапты тынчтандырып, жарандык согушка жеткирбей алып калууда М.Мырзакматовдун салымы чоң. “Аны алыш керек” деп талап кылгандардын ичинде карапайым өзбектерди көкүткөндөр бар. “Бул улутчул экен, мындай экен, тигиндей экен” дешип...

Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун” жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин пикиринде, М.Мырзакматовдун качып кеткен президент К.Бакиевдин кадрларын колдоп сүйлөгөнү көп нерседен кабар берип турат. Андыктан анын аркасында ошол эле күчтөр турушу да мүмкүн:

- М.Мырзакматовду азыр бийликтен алып койсо көбүрөөк кубанычта болмокмун. Бирок андай боло турган болсо алардын алдын-ала даярдап койгон сценарийлери ишке ашып кетиши мүмкүн эле.

Мисалы бүгүнкү Мырзакматовдун сүйлөп атканын угуп көрсөк, ал жалаң гана Бакиевдин саясатчыларынын бардыгынын аттарын атап, ошолорду куугунтуктап атат деп айтып атат. Демек ал өзүнүн алардан да чоң колдоо алып турганын көргөздү. Ошондуктан азыр чечкиндүүлүк болбой атса, ушундай чагымдардан коркуп аткан болсок, анда парламенттик шайлоолорго чейин күтүп туруш керек.


Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Бакыт Аманбаевдин айтымында, азыркы бийлик М.Мырзакматовду кызматтан алууга эрки жетпей, алсыз экенин көрсөтүп койду:

- М.Мырзакматов бүгүнкү күнгө чейин өз бийлигин карапайым элге жамынып бийлигин акчасы менен коргоп келаткан, мурдагы президент К.Бакиев түзгөн коррупциялык, криминалдык, үй-бүлөлүк бийликтин бүгүнкү күнгө чейин жашап аткан өкүлү. Мелис - бүгүнкү күндөгү мурдагы бийликтин калдыктарынын бири. Аны бийликтен ала албай жатышканынын себеби, азыркы убактылуу бийликтигин алсыздыгынын белгиси. М.Мырзакматовду жанагы кандуу окуядан кийин дароо эле кызматтан алып салса болот эле. Ал өзү деле дароо кызматынан кетиши керек эле. Чын-чынына келгенде Оштун эле М.Мырзакматовдой болгон криминалдык бийликтин өкүлдөрүн колдобойт. Анын учурдагы күчү – бул, улуттук идеяны жамынып алганында. Мунун кыргыздардын коргоочусу болуп өзүн көрсөтүп атканында. Бирок чынында андай эмес экенин билимдүүлөр түшүнүп турат.

Кандай болгон күндө да кырдаалды курчутуп жиберүүдөн чочулаган бийлик азырынча М.Мырзакматовду ордунда калтырды. Ошентсе да абал бир аз турукташып, күзүндө парламенттик шайлоо өткөн соң М.Мырзакматовдун да кезеги келерин айткандар бар. Бирок ал парламентке кандай күчтөр келеринен көз каранды. Маселен, М.Мырзакматов колдоп аткан Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев сыяктуу К.Бакиев тушундагы мурдагы чиновниктер парламентке келе турган болушса иш башкача болору бышык.

Эске салып койчу нерсе, Ош шаарынын мэри менен борбордук бийликтин тирешин колдонуп, жөнөкөй жарандарды кайраштырып калууну көздөгөн күчтөр да чыгып калышы ыктымал. Бул жерде өзбек тектүүлөр арасында М.Мырзакматовго тишин кайрагандар көп экенин эске албай коюуга болбойт.

XS
SM
MD
LG