Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Абактан чыккандардын 5% кайра эле камалат


Сот.
Сот.

Мындай маалыматты Жаза аткаруу кызматы маалымдады. Ага ылайык, өткөн жылы түзөтүү мекемелеринен 2 миңдей адам бошотулса, анын 5 пайызы кайра эле кылмыш жасап соттолуп камакка түшкөн. Ушундан улам, укук коргоочулар кылмыштуулукту азайтуу жана абактан чыккандарды реабилитациялоо боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда. Балдар укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, долбоордо жети киши бар. Алар коомго аралашуунун, ишке орношуунун, эл менен ымала куруунун жол-жоболорун үйрөнүүдө:

- Долбоор мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы менен биргеликте, баш кеңсеси Астанада жайгашкан Түрмөлөрдөгү реформа боюнча эл аралык уюмдун көмөгү аркылуу ишке ашырылууда. Биз сегиз айдан бери абактан чыккандар менен иштеп жатабыз.

Кыргызстандагы Жаза аткаруу кызматы буга чейин реабилитациялоо борборлорун ачууну максат кылган, бирок андан азырынча майнап чыга элек.(NT/ZKo)

XS
SM
MD
LG