Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

”Хамас” эпке келе баштаган өңдөнөт


Израил - Баш катчы Пан Ги Мун Улуттар Уюмунун Газадагы миссиясын аткылаганы үчүн өкмөттөн түшүндүрмө берүүнү талап кылды.
Израил - Баш катчы Пан Ги Мун Улуттар Уюмунун Газадагы миссиясын аткылаганы үчүн өкмөттөн түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Египет бийликтери Каирде Израилдин өкүлү менен Газадагы урушту токтотуу планын талкуулап жатышат. Бул учурда Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израил жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Эртең ал палестин лидери менен жолугушат.

Каирдеги айрым булактар кабарлашкандай, “Хамас” жалпысынан Египет сунуш кылган планга макул болгон сыяктанат. Бул план бүгүн Израилдин коргоо министринин жардамчысына берилет.

Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Моратинос хамасчылар жарашуу шарттарын кабыл алышканын ырастап, муну алар жакынкы күндөрдө коомчулук алдында жарыялай турганын билдирди.

Бул учурда Газада уруштар уланууда. Жөөт армиясы шаарды түнү бою артиллериядан аткылап чыкты, эрте менен алардын танктары шаардын четки көчөлөрүнө кирди.Аларга “Хамастын” аскерий топтору – “Иззэддин ал-Касам бригадасы” менен “Ислам жихады” жаатындагы отряддар жаалданып каршылык көрсөтүп жатышканын, шаардан эл түрүлүп, алдаалап кача баштаганын “Ал-Жазира” телеканалы кабарлады.

Улуттар Уюмунун качкындар боюнча мекемеси, ошондой эле бир нече маалымат каражаты жайгашкан имараттар да артиллериядан аткыланганы,жоон топ адам жарадар болгону айтылууда.

Улуттар Уюмунун миссиясы аткыланганына ачуусу келип,баш катчы Пан Ги Мун буга толук түшүндүрмө берүүнү Израил өкмөтүнөн талап кылды.Баш катчы ырастагандай, коргоо министри Эхуд Барак бул иш “кечиримсиз каталык” болгонун моюнга алды. Пан Ги Мун мындан тышкары Газадагы курмандыктардын саны “чыдагыс деңгээлге” жеткенин эскертти.

Газадагы гуманитардык кырдаал бүгүн Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чукул жыйынында талкууланат.

Өткөн күнү Венесуэла менен Боливия Израил менен дипломатиялык байланышын токтотушту. Эки өлкөнүн президенттери израил жетекчилерин Гаагадагы эл аралык сотко бергени жатышканын айтышты.

Газадагы жагдайды Берлинде британ жана немец өкмөт башчылары да сөз кылышты. Британ премьери Гордон Браун абалды гуманитардык касирет деп атады. Лондон менен Берлин бул жагынан газалыктарга зарыл жардам көрсөтүү үчүн бардык чараларды көрмөкчү. “Бирок эң башкысы – уруштарды токтотууда турат, бул максатта жетүү үчүн биз башка өлкөлөр менен бирге түнү-түнү иштейбиз”,-деп айтты Браун.

XS
SM
MD
LG