Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Жакынкы Чыгыш: Байдендин сапарына Израилдин планы көлөкө түшүрдү


Жо Байден менен Мухмуд Аббас Иордандын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарында кездешти.
Жо Байден менен Мухмуд Аббас Иордандын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарында кездешти.

АКШнын вице- президенти Жо Байден Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын жок дегенде кыйыр сүйлөшүүлөр аркылуу жандандыруу аракетинде бүгүн палестин жетекчилиги менен жолукту. Бирок Израилдин Чыгыш Иерусалимде дагы бир миң алты жүз үй курарын жарыялоосу сүйлөшүүлөргө көлөкө түшүрдү.

Эки жак талашып келе жаткан Чыгыш Иерусалимди палестиндер болочоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израиль жаңы курулары жөнүндө жарыялаган 1600 үй шаардын Рамат – Шломо деген районунда түшүүсү керек. АКШ вице- президенти Жо Байден жөөт тараптын бул планын Израилге келер замат дароо эле айыптаган. Шаршемби күнү Рамаллада палестин президенти Махмуд Аббас менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында Байден буларга токтолду:

-Сүйлөшүүлөрдү колдогудай маанай жаратып, аны татаалдаштырбоо -эки тараптын тең милдети. Израиль өкмөтүнүн Чыгыш Иерсалимде жаңы үйлөрдү күн мурунтан пландоосу пайдалуу сүйлөшүүлөрдү баштоо жана жаратуу үчүн биз азыр муктаж болуп турган ишенимге доо кетирүүдө. Андыктан, мен бул аракетти дароо эле айыптадым.


Жөөт тарап жогорудагыдай планын шейшемби, 9-мартта жарыялаган эле. Бул жарыя палестин жетекчилиги менен шаршембиде жолуккан АКШ вице-президентинин аймактагы сапарына бир эсе көлөкө түшүргөнсүдү. Израилдин жарыясы алдында палестин тарап палестин президенти Махмуд Аббас менен жөөт премьери Биньямин Нетаньяхунун түз эмес, америкалык ортомчу аркылуу кыйыр сүйлөшүүлөрүнө көп көңүлсүрөбөй жатып макул болгон. Байден Иордандын Батыш жээгине палестин тарапты күмөнсүнүүлөрдөн арылтуу үмүтүндө келген, бирок Израилдин планы анын палестин лидери Аббас менен жолугушуусунун башкы темасына айланган.

Палестиналык сүйлөшүүчүлөрдүн бири Саеб Эрекаттын сөзүнө караганда, Израиль өкмөтү конуштарды кеңейтүү планы менен палестин бийлиги, Кошмо Штаттар жана эл аралык коомчулук үчүн тынчтык жараянын кайра жандандыруу багытында алдыга “бир сантиметр да кадам жасоону” мүмкүн эмес кылып койду. Иерусалимдин палестин тарап дайындаган губернатору Аднан ал- Хусеиндин көз карашында, эми кыйыр сүйлөшүүлөрдүн жүрөрү арсар болуп турат, дегеле кандайдыр бир натыйжа жетишилерине “үмүт жок”.

Сүйлөшүүлөрдүн өзү акыркы он төрт айдан бери токтоп турат. Бул бир жагынан палестин тараптын Израиль Иордан Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимде жөөт конуштарын куруусуна караманча-каршы экендигине байланыштуу. Бирок расмий Тель-Авив Иерусалимди конуш деп эсептебейт. Жөөт өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Марк Регев шаршемби күнү жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Тынчтык жараянын өз нугуна кайтаруу үчүн конуштардын көбөйүшүнө чектөө киргизүү жагынан Израилдин өкмөтү жана премьер- министр Нетаньяху мурдагы өкмөттөрдүн баарынан алдыга кетти. Бирок биз ачыктап коюшубуз керек. Израилдин көз –карашында, Иерусалим - конуш эмес, ал биздин борбор жана ошол бойдон калат.

Израилдин жаңы үйлөр боюнча планын БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, араб дүйнөсүндөгү эң жакынкы өнөктөшү – Египет да сынга алды. Каир Израилдин планын “абсурд” деп атаса, БУУнун башкатчысы мындай курулуштар эл аралык мыйзамдарга каршы келерин жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жокко чыгарарын белгиледи. Планды Израилдин өзү үчүн тоскоолдук катары баалаган пикирлер жергиликтүү басма сөздө да айтылды.

Ушундан уламбы Израилдин ички иштер министри Эли Ишай жарыя туура эмес учурда жасалганы үчүн кечирим сурады. Израиль радиосу менен маегинде жөөт министри бул АКШ вице –президентин келекелөө же кемсинтүү максатында атайлап жасалбагандыгын, эки нерсе жөн эле дал келип калганын, ага катар Чыгыш Иерусалимде конуштарды кеңейтүү боюнча план өзгөртүлбөсүн кошумчалады.

АКШ президенти Барак Обама башында Палестинанын окуппацияланган аймактарында жөөт конуштарынын курулушун толугу менен тоңдурууга үндөгөн. Бирок былтыр ноябрда азыркы жөөт премьери Нетаньяхунун өкмөтү Батыш жээктеги курулуштарга 10 айлык мөөнөткө гана мораторий киргизгенде, Израилди жоопко чакырган эмес.

Нетаньяху Израиль аскерлери 1967-жылкы беш күндүк согуш учурунда каратып, ал эми кийин аннекциялап алган Чыгыш Иерусалимде курулушту токтотуудан баш тарткан. Нетаньяхунун айтымында, Израиль Иерусалимдин бөлүнүшүнө эч качан жол бербейт.

Эл аралык коомчулук, анын ичинде Кошмо Штаттар Израилдин Чыгыш Иерусалимге карата суверенитетин тааныбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG