Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Палестиндер "мамлекет" дешсе, жөөттөр "конуш" дешет


Мамкатчы Хиллари Клинтон (ортодо) премьер-министр Бенямин Нетаняху (солдо) менен төрага Махмуд Аббасты кол алыштырууда. Вашингтон. 2-сентябрь, 2010
Мамкатчы Хиллари Клинтон (ортодо) премьер-министр Бенямин Нетаняху (солдо) менен төрага Махмуд Аббасты кол алыштырууда. Вашингтон. 2-сентябрь, 2010

15-cентябрда шамга жуук Израил жана Палестина лидерлери Иерусалимде кайра жолугушат. АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун арачылыгы менен улантылчу сүйлөшүүнүн максаты Израил-Палестин чатагына чекит койуу.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 20 айлык тыныгуудан кийин 2-сентябрда Вашингтондо улантылган болчу. 14-сентябрда Египетте болгон кездешүүдө лидерлер Батыш Иорданда жөөт конуштарын куруу боюнча бир пикирге келе алышкан жок.

Мен, ошондой эле, пландалган 20 миң үйдү бүткөрүү зарылбы, билбейм.
Б. Нетаняху



Батыш Иорданда жөөт конуштарынын курулушу токтоору арсар
Батыш Иордандагы Шааре Тиквадагы жөөт конушунун тургундары үйлөрдү инспекциялоо каршы Израил өкмөтүнө нааразылык билдиришүүдө. 8-декабрь, 2009

Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху жана Палестин лидери Махмуд Аббас 14-сентябрда Египеттин Шарм-аш-Шейх курортунда өткөн кездешүүдө Иордан дарыясынын батышындагы жөөт конуштары боюнча мунаса табышпады.

Батыш Иордандагы жөөт конуштарынын келечеги - эки лидердин эки жылга чукул тыныгуудан соң 2-сентябрда Вашингтондо башталган сүйлөшүүсүндөгү негизги маселе. Махмуд Аббас эгер Израил Иордан дарыясынын батышында өз жарандарына турак-жай курууну 26-сентябрдан кийин токтотпосо, сүйлөшүүнү таштап кетерин эскерткен. Себеби 26-сентябрда конуштарды кеңейтүү боюнча Израилдин 10 айлык мораторийи бүтөт.

Барак Обаманын администрациясы палестиндер сыяктуу эле Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт конуштарын кеңейтүүгө каршы жана Израил-Палестин чатагын ушу жылдын соңуна чейин бир жаңсыл кылууга умтулууда.

Сүйлөшүүлөргө арачылык кылып жаткан АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон 15-сентябрда Иерусалимде сүйлөп, эки жак белди бекем бууп, талуу түйүндү бетме-бет отуруп чечкени жатканына токтолду:
Палестин жаштары Каландия качкындар лагеринде Израил аскерлерине таш ыргытууда. Батыш Иордан. 17-март, 2010


- Биз бүгүн бул жерге чогулдук. Анткени эки тараптын мыйзамдуу талабы аткарыларына ишенебиз. Биз, ошондой эле, тынчтык зарыл гана эмес, мүмкүн да экенине ишенебиз. Ага жетүүгө азыр шарт бар. Ал мүмкүнчүлүктү пайдалануу керек.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Жорж Митчелл Шарм-аш-Шейхте болгон шейшемби күнкү жолугушуунун ачылышында Израил жана Палестин лидерлери сүйлөшүүнү улантуу ыкласы өтө күчтүү экенин көрсөтүшкөнүн баса белгилеген:

- Бүгүн тараптар маанилүү проблемалар боюнча олуттуу сүйлөшүүнү башташты. Төрага Аббас жана премьер-министр Нетаняху бул сүйлөшүүлөрдү терең ишеним жана олуттуу максат менен өткөрүү ниеттери бар экенин кайра кайталашты.

Палестиналыктар Иерусалимдин ал-Акса мечитинин алдында Жума намаз окушууда. Рамадан айы. 20-август, 2010
Бирок премьер-министр Бенямин Нетаняху Израил өкмөтүнүн 12-сентябрдагы кеңешмесинде сүйлөп, Батыш Иордандагы турак жай курулушу биротоло токтотуларынан күмөн санаганын айтты. “Мен, ошондой эле, пландалган 20 миң үйдү бүткөрүү зарылбы, билбейм,”-деди Нетаняху.

Палестиндер менен израилдиктердин көзү учкан Иерусалим

Жаңы конуштарга мониторинг жүргүзгөн израилдик “Тынчтык азыр” уюмунун маалымдашынча, азыр 2 миң турак үйдун пайдубалы дээрлик даяр турат. Уюмдун ырасташынча, дагы 10 миң үй курууга бекитилген.

Батыш Иордан 1967-жылкы Жакынкы Чыгыштагы алты күндүк араб-жөөт согушунда Израилдин контролуна өткөн. Палестиндер бул жерлер алардын болочокку мамлекетинин курамына кирет деген ишенимде.

Чек ара такталса, Израилдин Иордан дарыясынын батышында жөөт конуштарын куруусуна бөгөт коймок. Ошон үчүн палестиндер болочок мамлекетинин чек арасын тез тактап алганга өтө ынтызар. Бул эки маселеден башка да Израил-Палестин ортосунда Иерусалимдин статусу жана палестин качкындарынын укуктарын аныктоо милдети турат. Белгилей кетчү нерсе, эки жак тең Иерусалимди өз өлкөсүнүн борбору кылууну каалайт.

XS
SM
MD
LG