Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Kыргызстандан Москвага кеткен поезддеги жол азабын көп эле кыргыз тартты, Россиянын бай тактысына жол тажик коңшуларыбыз үчүн андан да татаал.

Буга «Күн чыгыш экспресси» атыккан Дүйшөмбү-Москва багытындагы поездде мигранттар менен 5 күн болгон Момин Шакиров өз көзү менен күбө болду.

Катаган – Тажикстандагы көп айылдардын бири: дубалдары ылайдан согулган үйлөр, көчө боюнда фанерадан жасалган комоктор тизилген, жолдору өңгүл-дөңгүл. Жергиликтүү тургундар жердеши Рахимовду алыс жолго узатып жатышат. Короодо дүпүйгөн өрүк бак, көлөкөсүндө гүл бакча. Үмүт Рахимов Россияга курулушта иштегени кетип жатат. 28 жаштагы жигит жаңы эле үйлөнүп, кызы 1ге карады. Жаш аялмет кайра жолго чыккысы келбей кыйылат, бирок жумуш жок болгондуктан, башка жүз миңдеген жердештериндей эле, суук түшкөнгө чейин орус жергесинде акча табышы керек. Апасы Фируза көз жашы кылгырып, уулунун кетип жатканына кабыргасы кайышат:

– Капамын, жаңы эле үйлөнттүк эле. Ал жакта жашоосу кандай болот, аялы да жумуш таба алаар бекен деп күмөндөр. Бизде жашоо ушул, өмүрүбүз түйшүк менен өтүп жатат.

Түн ортосуна жакын Үмүт жүздөгөн башка мигрант жумушчулар менен Дүйшөмбүнүн темир жол бекетине чогулушту. Москваны көздөй кетүүчү поезд ордунан козголду.

«Күн Чыгыш экспреси» атыккан бул поезд Өзбекстан, Түркмөнстан, кайра Өзбекстан, Казакстан менен жүрүп отурат.

Эки сааттын ары берисинде поезд Өзбекстанга кирип келди. Чек ара Дүйшөмбү калаасынан болгону 70 чакырым аралыкта. Бир убакта поезд өзбекстандык полициячы, чек арачы, бажы кызматкерлерине толуп чыкты. Тажикстан Ооганстан менен Орусиянын ортосундагы баңги зат жолунда жайгашкандыктан, Дүйшөмбү-Москва пеоздиндеги ар бир жүргүнчүдөн ар нерсени шектенсе болот. «Маң зат, курал» издөө жүргүнчүлөрдөн акча өндүрүүнүн амалына айланат.

Чек арадагы текшерүү эки саатка созулду. Эки саат жүргүнчүлөргө орундарынан турууга да уруксат берилген жок. Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын ортосунда виза режими болгондуктан, тажик жарандары Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагында платформага чыга алышпай, аптапта поездде камалып отурушат. Эки күн ичинде эл вагондон вагонго өтүп жүргөн сатуучулардын көзүн карашат. Кап-кап товар көтөргөн сатуучуларды түрткүлөп, нары-бери араң дегенде өтөбүз.

Түш чен. Поез өзбектердин Термез шаарынан чыгып, Түркмөнстанга жакындап келди. Жүргүнчүлөр терезеден улам артта калып жаткан чакан айылдарды, төөлөрдү, кум дөбөлөрүн термеле карашат. Поезд кылкылдап, Ооганстандын чек арасын бойлоп жүрүп барат. Терезеден эми тикенектүү темир сымдар гана көзгө урунат.

Түркмөнстанда виза тартиби Өзбекстандагыдан да катаал. Вагондун кезектеги көзөмөлдөөчүсү Хусня жүргүнчүлөргө түркмөн жергесинде өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрө баштады:

– Башка вагондорго барбагыла, тамеки тартууга болбойт. Сегиз саат бою вагон-ресторанга барганга да уруксат жок.

Түркмөнстан аркылуу 200 чакырымдай жүргөндөн кийин поезд кайра Өзбекстанга бурулат. Демек жүргүнчүлөр кайрадан паспорт көзөмөлүнөн өтүп, «баңги зат, курал» алып баратпагандыгын далилдеши керек.

Зериккен жүргүнчүлөр кээде отуруп ырдап, бийлеп жиберишет.

Мухамед Али 57де, дзюдо боюнча машыктыруучу, Москвага 15 жылдан бери каттайт. Кабагы жарык Мухамед бала-бакырасынан
Менин атам Ата-мекендик согушта Москванын жанында жети жолу жараат алган. Meн, согуш ардагеринин баласы, бул шаарда ээн-эркин жүрө албайм!
алыста, Москванын базарларында картондордун ичинде уктап, дем алыш күнсүз иштегенге көнүп калган. Улам жол торогон милицияга деле терикпейт. Бир гана өзүнө окшогон мигранттарга кырма баш нео-фашисттердин кол салганын ойлогондо каңырыгы түтөп кетет:

– Менин атам Ата-мекендик согушта Москванын жанында жети жолу жараат алган. Ушул мен, согуш ардагеринин баласы, бул шаарда ээн-эркин жүрө албайт экемин! Бул экстремист көркоолор Москваны басып алышабы? Чындык кайда? Мен Москвада эркин баса албайм, алар тайраңдап жүрүшөт.

Саякатчы-сатуучулардын аягы суюлуп, күн салкындады. Казакстанга транзиттик визанын кереги жок. Алгачкы Атырау аялдамасында жүргүнчүлөр платформага чыгып, дене-боюн жазышты, соода-сатык кылууга уруксат экен. Соодагерлер туздалган бадыраң, бышкан жумуртка, сыра, даараткананын кагазын, чөнтөк телефондун сим-картасын сатып жүрүшөт.

Бул Гуля Вахитованын «Күн Чыгыш экспрессине» онунчу ирет түшүшү. 35 жаштагы жесир келин Москванын жанындагы чакан шаардагы ресторанда шеф-повор болуп иштээрин, Тажикстанда калган төрт баласына жетээрлик акча табаарын, иштеген шаарда ижарага алган батирде жашаарын кеп кылып отурду.

Анын айтымында, Орусиядагы чет элдиктерди жек көрүүчүлүктүн өсүшү ага иштеги ийгилигине жолтоо болгон жок:

– Баардыгы адамдын өзүнөн, ким менен кандай мамиле түзө билээриңе жараша. Мен ресторанда иштегениме канча жыл болду, кесиптештеримден бир ооз жаман сөз уккан жокмун. Алар башында «бул кайдагы тажик» деп чочулашкан экен. Бирок мени билгенден кийин, мамилеси өзгөрдү. Мындай көп болду.

Казакстандан поезд эми Орусияга өткөндө орус чек арачылары паспортторду барактап, жүктөрдү текшерип, дагы эки сааттай кармашты. Астрахан, Сочиге бараткандар жолдон түшүп калышты.

Үмүт да Сочиге барсам, 2014-жылы кышкы олимпядалык оюндар өтө турган шаарда курулушта иштесем деп келаткан, бирок жолдон тажик достору азыр жумуш жок деп телефон чалышты. Үмүт дароо эле «анда Москвага барам» деди. Ал Орусияга көп жылдардан бери каттайт, азыркы кризиске карабастан, жумуш табаарына ишенимдүү. Үм\т кабагы ачылып, Орусиясыз жашоо өтмөк эмес экендигин кобурады:

– Россия ар дайым менин жүрөгүмдө! Тажикстанда кала берген болсом, аял алып, үй куруп, машиналуу болмок эмесмин. Азыр мен эки нерсени ойлоп атам: кичүү карындашымдын үйлөнүү тоюн жакшылап өткөрүп алсак, анан апамды Меккеге ажыга жөнөтсөм. Андан кийин Россия менен ишим да болбойт.

«Күн Чыгыш Экспреси» беш күн дегенде таң заарында Москвага жетти. 300 жүргүнчү таңкы бош бош платформага жабыла түшүп, темир жол бекетин уйкудан ойготту. Топ-топ болуп метрону көздөй жөнөштү. Арасында ырчы Мухамед Али, ашпозчу Гуля, келечектен күдөрү үзбөгөн Үмүт бар. Айрымдары 3-4 айда кайра артка тартышат. Жакшыраак иш таба алгандары дагы кыйлага калып калышат.

Тасмада: Мигрант экспресс – 1-бөлүк: Кош кал, Дүйшөмбү!

Жыл сайын миңдеген мигранттар Тажикстандан Орусияга иш издеп кетишет. “Азаттыктын” кабарчысы Александр Кулыгин тажик мигранттары менен бирге ушундай сапарлардын бирине чыккан. ZMa

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG