Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Мигранттар жиберген акча дагы азаят


Экономикалык кризиске карабастан, мигранттар былтыр үйлөрүнө рекорддук суммада акча жөнөтүштү. Бул тууралуу БУУнун жаңы отчетунда айтылат.

Бирок документте сегиз жылдан бери көбөйүп келген мындай жардам быйыл орто эсеп менен 5-8 пайызга азайары, айрыкча Орусияга ишенген мурдагы советтик жумурияттарда абал татаал болоору эскертилет.

2008-жыл бүт дүйнөдө экономикалык терең кризистин мезгили болду. Бирок мигранттар үйлөрүнө жиберген акча былтыр көбөйүп отурган.

Бириккен Улуттардын Соода жана Өнүгүү Конференциясынын жаңы изилдөөсүндө жумушчулар үйлөрүнө 305 миллиард доллар жибергени айтылат. Бул 2007-жылга караганда 9 пайыздык өсүштү билдирет. Экономикалык кризис былтыр жылдын экинчи жарымында башталгандыктан, жалпы көрсөткүч жаман болгон эмес.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Детлеф Коттенин айтымында, айрыкча Индия менен Бангладешке сырттан көп акча жиберилген. Бул өлкөлөрдүн мигранттары мунайга бай Перси булуңундагы өлкөлөрдө иштешет. Ал эми кризистин убагында мунайдын баасы рекорддук чекке жетип өскөнү маалым.

Ошол эле убакта 2008-жылы мигранттар үйгө жиберген акча-каражаттарынын өсүшү алдыңкы жылдагыдан төмөн болду. 2007-жылы бул көрсөткүч дээрлик 23 пайыз эле.

БУУнун отчетунда ошондой эле быйыл мындай акча которуу 5тен 8 пайызга чейин азайышы мүмкүн экендиги эскертилет. Ал эми Европа менен Борбор Азияда төмөндөө 10 пайыздан ашышы мүмкүн. Башка бир да аймакта мындай кескин төмөндөө күтүлбөйт. Бул кырдаалды Котте мындайча түшүндүрөт:

- Мигранттардын акчалары эң көп жиберилген өлкөлөр – Украина менен Орусия. Улуттук экономикадагы ордуна келгенде, мигранттар жиберген акчалай каражат Тажикстандын Улуттук дүң өндүрүшүнүн 34% түзөт. Молдовада бул 25%.
Кыргызстанга мигранттар жөнөткөн акча Улуттук дүң өндүрүшүнүн 10% ашып түшөт. Ушул өлкөлөр айрыкча зыян тартат.


Коттенин айтымында, адатта мигранттар иштеген курулуш, тейлөө тармактары өзгөчө жапа чегип калды, ошондой эле мурдагыдай чет өлкөгө иш издеп жабыла баргандардын аягы суюлууда.

Адатта чет өлкөдө жашагандар кризистин мезгилинде үйлөрүнө көбүрөөк каражат жиберишет. Бирок Котте быйыл андай болбой жаткандыгын айтат:

- Бул кризис глобалдык мүнөзгө ээ болуп, мигранттар жашаган өлкөлөрдүн айрымдары алардын туулган өлкөсүнөн да оор абалга туш келишүүдө. Бул - адаттан тыш көрүнүш. 2009-жылы 2008-жылдагыдай өсүш болбой калышынын бир себеби ушунда.

Эксперттин көз карашында, экономиканын жанданышы күч алса, келерки жылы мигранттар жиберген акча кайра көбөйө башташы керек. Бирок жылыш өтө жай болушу мүмкүн. Анткени экономикалык жандануу аздап жүрүп, өлкөлөр рецесиядан чыга баштаганда жумушсуздук да өсө берет деп күтүлөт.

XS
SM
MD
LG