Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Кыргызстандагы төрөлөр - АУБ, “Фининфор”...


Кыргызстан менен Россиянын мамилеси өз нугунда өнүгүп жатканын расмий бийлик өкүлдөрү билдирүүдө. Ошол эле учурда айрым саясат таануучулар кыргыз-орус мамилесинде олуттуу түшүнбөстүктөр пайда болгонун айтып жатышат.

Кыргызстан менен Россиянын мамилеси өткөн жылы февраль айында өзгөчө бийиктикке жетишип, эки өлкө бир катар ири келишимдерге жетишкен. Ал келишимдер боюнча Кыргызстан Москвадан 150 млн. доллар грант, 300 млн.доллар жеңилдетилген насыя алган жана 193 млн. доллар карызын кечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бирок ачык айтылбаган себептерге байланыштуу карызды кечүү жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 млрд. 700 млн. доллар насыя бөлүү ушул кезге чейин токтоп турат. Бул арада орус өкмөт башчысы Владимир Путин 300 млн. доллар насыяны Кыргызстан коммерциялык банктар аркылуу пайдалануусун кескин сынга алганы тууралуу маалыматтар чыгып кетти.

26-январда саясат таануучу Александр Князев Россияда Максим Бакиевге тиешеси бар ишкана, компаниялардын эсептери камакка алынып, 18 кылмыш иши козголгонун билдирип чыкты. Бул маалыматтар эмненин негизинде айтылганы тууралуу "Азаттык" бүгүн берген суроого Князев
мындай жооп берди:

- Булардын баары Россиянын маалымат каражаттарында кеңири жазылган. Бизде “Алтын” жөнүндө гана бир аз айтылды. Ал ишканаларга Бакиевдин катышуусу ар түрдүү. Ошого жараша чаралар көрүлгөн. Кээ бирөөлөрү жабылган. Кээ биринин эсеби камакка алынган. Кээ бир жерде адамдар камакка алынган.

Маселен, андай кылмыш иштин бири “Фининфор” аттуу компаниянын өкүлү Александр Чесноковго каршы козголгон. Ал 1 млрд. 387 млн. рубль мыйзамсыз киреше алган деп айыпталган. Ал эми “Фининфор” компаниясынын Кыргызстандагы өнөктөштөрү болсо “Азиауниверсалбанк”, “Ысык-Көл инвестбанк”, “Аманбанк” экени белгилүү. “Азиауниверсалбанк” Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү агенттигинин, фондунун эң жакын өнөктөшү.

Президенттик Катчылыктын жетекчисинин орун басары Максим Каганер Князевдин маалыматында далилдөөчү документтер жок экенин билдирүүдө. Андай болгон шартта Князевдин билдирүүсү боюнча сотко кайрылуу болобу деген суроого Катчылыктын маалымат кызматынан жетекчиси Алмас Турдумаматов кандайдыр бир чечим кабыл алынса кабарланаарын белгиледи.

Оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров Александр Князевдин билдирүүсүндө негиз бар экенин билдирип, кыргыз бийлигинен ыдык көргөн, мүлкүн тарттырган Москвадагы кыргыз жарандары да сотко кайрылыш керектигин кошумчалады:

- Кылмыш иштер алда качан козголуш керек болчу. Аларга байланыштуу эмес Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнөн да арыз алыш керек. Болгон үй-мүлкүн рейдерлик кылып тартып алса, Аскар Акаев менен Айдар Акаев да арыз жазып, ошолордон да арыз алыныш керек. Дагы Москвада бир топ ишкерлер, мурунку чиновниктер жүрөт. Алар Акаев менен иштешкен. Алардан да анча-мынча тартып алган. Алар билишет. Мына ошолордон да арыз алыш керек,
деген Азимбек Бекназаров ири өлкөлөр гана кыргыз бийлик башындагыларга кандайдыр бир чара көрбөсө, Кыргызстанда мүмкүн эместигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Николай Байло кыргыз-орус мамилеси өз нугунда өнүгүп жатканын, бирок "Манастагы" аскердик база Транзиттик борборго айланып калуусу “чекеге чыккан чыйкан” болуп турганын белгиледи.

Талдоочулардын пикиринде, Максим Бакиевге тиешеси бар ишканаларга кылмыш иши козголду деген маалыматтын артында чоң геосаясий оюндар жатышы ыктымал. Максим Бакиев алгачкы сапарын Кытайга жасашы жана жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” электр линиясын куруу, ГЭСтер үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча аякта сүйлөшүүлөр жүргүзүүсү Москванын “кызганыч” сезимин күчөтүп, “компрамат” согушун баштоого алып келип жатышы ыктымал. Анын үстүнө Александр Князев жөн жай жүргөн киши эмес, ири мамлекеттин атайын кызматына жакындыгы бар экендиги байма-бай айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG