Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Москвадагы «Регнум» кабар агенттигинин башкы редактору Модест Колеров Кыргызстан-Орусия алакаларындагы оош-кыйыштар тууралуу ой бөлүштү.

- Модест Алексеевич, былтыр Кыргызстан менен Орусия ортосунда кол коюлган айрым меморандум, алдын-ала макулдашуулар ишке ашпай, токтоп калды. Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын бир аскердик обьектин ачуу, Москвадан ири суммадагы насыя алуу пландарын айтам. Андан улам соңку кездери кыргыз-орус алакаларына жарака кетти деген маалыматтар да жарыяланып кетти. Сизде бул тууралуу кандай маалымат бар?

- Кыргызстан менен Орусиянын алакалары Москва тараптан эмес, Бишкек тараптан бузулду. Себеби – Кыргызстан Орусиядан кредит, финансылык жана башка жардам алыш үчүн өзүнө алган милдеттенме-шарттарды аткарган жок. Эң биринчи кезекте, акчалай жардам кайда кеткенин, эмнеге жумшалганын ачык айкын көргөзүү бардык эки тараптуу келишимдердин бирден-бир шарты. Инвестициялар максатка ылайык, натыйжалуу пайдаланышы зарыл. Тилекке каршы, кыргыз тарап Москва убада кылган ири суммадагы кредитти алыш үчүн Орусияны ынандыра ала турган планын көргөзө алган жок, ага кошумча карыз алыш үчүн коюлган шарттар аткарылаарын далилдей алган жок. Меним оюмча, эң башында эле Кыргызстан тарап соодалашуу ыкмасын колдонуп, Орусиядан эч ким текшерип-көзөмөлдөбөй тургандай ири өлчөмдө акча алыш үчүн аскердик обьект жана башка сунуштарын көтөрүп чыккан.

- Сиздин сөзүңүз боюнча, ал эки тараптуу макулдашууларда Орусиянын эч кандай кызыкчылыгы жок беле?

- Орусиянын кызыкчылыгы албетте, коопсуздук маселесине байланыштуу. Кээ бир стратегиялык маанидеги энергетикалык обьекттер болушу мүмкүн. Бирок дагы бир жолу кайталап кетейин, эң ириде бул обьекттер ачык-айкын иштеп, башкаруу органдарынын өзүм билемдигинен бекем корголмоюнча, эч кандай инвестиция тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Инвестиция, кредиттердин баары уурдалып-тонолуп кетет оңой эле. Орусиядагылар дал ошол башкы факторду Кыргызстан тараптан көрө алышкан жок.

- Макул, анда сиз азыркы Кыргызстан-Орусия алакаларын кандай баалар элеңиз?

- Менимче, Кыргызстан менен Орусиянын мамилелери таптакыр начарлап кетпесе да, абдан салкын абалда десек болот. Айрыкча мобу акыркы кездери орусиялык журналист, эксперттерге, Орусиячыл маанайдагы адамдарга жасалган чабуулдардан улам – бери дегенде кыргыз бийликтери аларды коргоо чараларын көргөн эмес деп айтсак жарашат. Атүгүл, менин пикиримде, ошол орусиялык эксперт, журналисттерди куугунтуктоо - кыргыз бийликтеринин Орусия менен салкындап кеткен алакаларга карата жасаган реакциясы болушу мүмкүн. Балким, Москвага ошентип кысым көрсөтсөк, Орусия ийкемдүүрөөк болуп калабы деген бир өтө жапыз ойлонуунун кесепетиби деп шектенем. Орусия менен ошентип иш жүргүзсө болот деп ойлоо барып турган терең жаңылыштык экени айкын.

- Ошентип, Орусия убада кылган 2 млрд долларлык кредит берилбей калдыбы?

- Мен жана менден башкалар деле көңүл бурду, албетте. Максим Бакиев Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп отурбай, Кыргызстандагы ири долбоорлорго инвестиция тартуу жөнүндө сүйлөшүүлөр аяктай электе, Кытайга бара калып, ошол эле долбоорлордун айрымдарын Кытайга сунуш кылды. Мындай мамилени жоопкерчиликсиз деп айтсак жумшактык кылаар. Ушундан улам Кыргызстан-Орусия ортосундагы экономикалык алакалардагы башкы маселе – бул алакаларды өнүктүрүү эмес эле, жанагы ири суммадагы акчалай каражатты тезирээк ала калып, көзөмөлсүз ээлик кылуу болгону көрүнүп калды. Орусия менен андай оюндар өтпөөрүн түшүнгөндө, Кытай макул болор деген бир байоо сезим пайда болсо керек. Менимче, кимдир-бирөө Орусиядан алынчу 2 млрд долларлык кредитти кыялында алмак тургай, керектүү жагына коротуп да койгон окшойт. Анан Орусия “биз оңой эле бере салбайбыз” деп эскерткенде, катуу шок болгон өңдүү.

- Эми мындан ары эмне болот? Москва менен Бишкек бири-бирине кысым көргөзүп, ким жеңет деп карап турушабы?

- Кыргызстан Орусияга кысым көргөзө алат деп ойлобойм. Анткени Москвадагы эң акыркы утописттер деле былтыр Кыргызстан Орусия менен АКШнын аба базасы, андан тышкары түштүктө дагы бир аскердик обьект жайгаштыруу тууралуу соодалашканы өтө принципсиз, тайыз мүнөздө болгонун түшүнүп калды. Эгерде кыргыз өкмөтү ар кандай келишимдерди талкуулаганда экономикалык эмес шарттарды койгондон баш тартса, балким кайсы бир долбоорлор алдыга жылышы мүмкүн.

- АКШнын Кыргызстандагы базасы, азыр транзиттик борбор деп аталат эмеспи, ошол борбордун кыргыз-орус алакаларында ролу чоңбу?

АКШнын базасы эки өлкө ортосундагы мамилелерде чоң роль ойнобойт. Кыргызстандын бийликтери ошол базаны чыгаруу, калтыруу маселеси боюнча Орусия менен амалданып соодалашканы роль ойноду. Мындай нерселер саясатта унутулбайт. Коопсуздук жаатында жардамдаша турган, ошондой эле ири суммадагы акча алууга үмүт артып жаткан өнөктөш менен антип ачык, принципсиз соодалашууга эч убакта жол берилбеши керек.

- Чоң рахмат маегиңизге.

Модест Алексеевич Колеров 2005-2007-жылдары ал кездеги орус президенти В.Путиндин администрациясында региондор жана маданият аралык байланыштар департаментинин башчысы болуп турган. Тарых илимдеринин кандидаты, Орусия Федерациясынын 1-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.


  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG