Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Бүгүн “Бирге китеп окуйбуз” деген иш-чара өтүп жатат


Иш-чара өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек шаарында өтүүдө. Ага башталгыч класстардын окуучулары катышып жатат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири, ЮСАИД уюмунун өкүлү Асел Абдыраманова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, иш-чара 12-декабрда белгиленчү улуттук адабият күнүн утурлай өткөрүлүп жатат:

- Иш-чаранын максаты ата-энелерге, жалпы эле бала тарбиялап жаткан кишилерге китеп окуунун маанисин жеткирип, балдарды китеп менен тарбиялоого үндөө.

“Бирге китеп окуйбуз” деп аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, маданият министрлиги тарабынан ЮСАИД уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

12-декабрь – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын урматына арнап, кыргыз өкмөтү анын туулган күнүн улуттук адабият күнү деп жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG