Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Молдовадагы ит жыгылыш


Президенттик шайлоону эки ирээт бойкоттогон Коммунистик партиянын Молдовада колдоочулары бар, бирок азайууда.

Президенттик шайлоону эки ирээт бойкоттогон Коммунистик партиянын Молдовада колдоочулары бар, бирок азайууда.

Молдовада президентти шайлоо аракети быйыл төрт ирээт жасалып, бирок баары майнапсыз аяктады. Эгер саясий кризисти жөнгө салуунун башка аргасы табылбаса, кийинки мөөнөтсүз шайлоо 2010-жылга белгиленүүсү керек.

Баш мыйзамга ылайык, парламент президентти эки ирээт шайлай албай койгон шартта ал таратылып, жаңы шайлоо белгиленет. Мындай мөөнөтсүз шайлоо быйыл бир ирээт өткөрүлдү.

2009-жылдын жайындагы мөөнөтсүз шайлоодон кийин Молдова парламентинде азыр батышчыл багыттагы төрт партиянын Европа үчүн интеграция (AIE – англисче абревиатурасы) деп аталган альянсы жөнөкөй көпчүлүктү түзөт.101 орундуу парламентте алар 53 добушка ээ. Бирок президентти шайлоо үчүн мынчалык сандагы добуш жетишсиздик кылат.

Ал үчүн бери дегенде 61 добуш зарыл. Парламенттеги калган 48 орун оппозициядагы коммунисттерге таандык болгондуктан жана алар соңку жолу эки ирээт тең шайлоону бойкоттошкондуктан, Европага интеграция альянсы мамлекет башчылыгына көргөзгөн жалгыз талапкер – Мариан Лупуга президенттин кызматы буюрубады. Баш мыйзам боюнча президентти эки ирээт шайлай албай койгон азыркы парламент да таратылуусу керек.

Бирок ошол эле Баш мыйзамдын талаптары боюнча мындай чараны парламент таратылгандан толук бир жылдан кийин гана кайталоого болот. Андыктан учурдагы парламентке карата бул эреже бери дегенде 2010-жылдын июнунан тарта жайылтылат. Бул шайлоо, эгер өткөрүлсө, 2010-жылдын күзүнө барат дегенди туюндурат. Бирок өлкө азыр толук кемелдүү мамлекет башчысыз кала берүүдө. Президенттин милдетин парламент төрагасы Михай Гимпу аткарууда.

Аралаш оюн

2006 -2008 –жылдардын аралыгында Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Молдовадагы миссиясын жетектеген Луис О”Нилл атайы “Азаттык жана Эркин Европасы” үчүн жазган комментарийинде өлкөнүн саясий майданындагы соңку жараяндар тууралуу мындай дейт:
Луис О"Нилл
-“Нью-Йорк Журнал” басылмасында өзү тууралуу некролог жарыяланып кеткенин укканда, айтылуу жазуучу Марк Твен мыягынан жылмайып, менин өлүмүм тууралуу аңыз – кептер апыртылган деп белгилеген эле. Ушул эле мисалды Коммунисттик партия президенттик шайлоону бойкоттогондон кийин айрым аналитиктердин анын күнү бүткөндүгү тууралуу айткан апаздарына карата да колдонууга болот. Багыты жок калган коммунисттер ичинен ирип, өзү чачырайыт деген теория үстүрт көз-караш экендигине карабай, үч талалуу шахматтын, чен -өлчөмдү билбеген картанын жана жылаңач мушташкан кикбоксингдин элементтерин камтыган, бирок Кишиневдо мааниси жоголуп бара жаткан татаал оюн жүрүп жатканын каңкуулаган далилдер бар.

ЕККУнун Молдовадагы ички саясаттан жакшы кабардар мурдагы элчисинин көз карашында, экс-президент Владимир Воронин баштаган коммунисттердин түпкү максаты – эптеп саясий жараяндын милдетүү катышуучусу болгудай илинчек таап туруу.

Карт коммунист Воронин жана анын командасы, О”Нилл кошумчалагандай, Европа үчүн интеграция альянсын басып өтүүгө, өзүнүн ички ыйкы-тыйкылыгын жеңүүгө, парламентте тигил же бул маселенин өтүшүнө тоскоолдук кылууга жарай тургандай абалын сактап, коалицияда иштеше ала турган өнөктөш табуу үмүтүндө карта оюнундагы ыкманы пайдаланып, бирок өз келечегин четке таштоодо.

Коммунисттердин стратегиясы

Мындай шартта коммунисттер чын эле атаандаштарынан кайра ашып өтүп, башкаруучу коалициянын негизги саясий күчү катары турумун калыбына келтирет. Болбосо, кайра эле Молдованын өз шайлоочулары тарабынан өлкөнүн Европаны көздөй жолуна бут тоскону үчүн катуу жазаланышат.

ЕККУнун Молдовадагы мурдагы элчиси Льюис О”Нилл “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу үчүн жазган комментарийинде белгилегендей, коммунисттер мындай стратегияны эки себептен улам тандап алышты.

Биринчиден, убакыт фактору алардын пайдасына ойнобой калды. Демографиядагы реалдуулук да чыныгы атаандаштыктын шартында коммунисттердин парламенттеги туруму алсырай берерин көргөзүүдө. Маселен 2001- жылы шайлоодо алар парламенттен 71 орун алса, 2005-жылы бул көрсөткүч 56га түштү, ал эми 2009 - жылы коммунисттерге 48 эле орун тийди.

Экинчиден, Воронин жана анын кеңешчилери Молдованын саясий тарыхын, көп партиялуу коалиция көпкө кармалбай келгенин жакшы билишет. Бирнече партия кирген биримдиктер өнөктөштөрдүн ар бири өз мүдөөсүн өңгөлөрдүкүнөн жогору койгондуктан, дароо эле чачырап кетчи. Андыктан азыр Европа үчүн интеграция альянсына кирген төрт партиянын ынтымакта туруусу - Молдованын саясий маданиятында узактан бери кездешпеген көрүнүш.

Азгырык жана ит жыгылыштан чыгуунун жолу

Коммунисттер президенттикке көргөзүлгөн талапкер – Мариан Лупуга альянстан чыгып, аларга кошулууну сунуш кылып көрдү. Лупунун Демократиялык партиясы коммунисттер менен бириккенде, президенттике шайлануу үчүн добуштар жетиштүү болмок. Бирок Лупу коммунисттердин азгырыгын четке какккан.

Эми учурдагы саясий кризистен чыгуу үчүн Молдовада парламент таратылып, жаңы шайлоо өткөрүлбөй эле Конситуцияга да өзгөртүү киргизилип калуусу мүмкүн. Мунун жакында президенттин милдетин аткаруучу Михай Гимпу каңкуулады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG