Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Молдова: Бир добушка байланган улуттук биримдик


Молдова - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кишиневдогу миссиясынын мурдакы жетекчиси Лиус О'Нилл Молдовада улуттук биримдик жолун табуу зарыл,бирок ага жетишүү жеңил болбойт деп эскертти.
Молдова - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кишиневдогу миссиясынын мурдакы жетекчиси Лиус О'Нилл Молдовада улуттук биримдик жолун табуу зарыл,бирок ага жетишүү жеңил болбойт деп эскертти.

Молдова парламентинде бүгүн президент шайлоо процесси башталат. Өз талапкерин өткөрүү үчүн коммунисттерге бир добуш жетпейт. Шайлоого катышкандан оппозициядагы депутаттар баш тартышты. Эгер парламент президентти дайындай албаса, анда өлкөдө кайра шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

Президенттикке коммунисттерден талапкер болуп азыркы өкмөт башчысы Зинаида Гречаная көрсөтүлгөн. Анын ордуна парламенттин мурдагы спикери Мариан Лупу сунуш кылынган.

Учурдагы президент жана парламент спикери Владимир Воронин мындай орун которуштурмай ыкмасы Батыш менен Чыгышта бирдей колдоо табарына, түбү барып өлкөнү экономикалык кыйынчылыктардан алып чыгарарына ишенет.

"Бул айкашма чоң ийгиликке ээ болот. Лупу – күчтүү экономист,Гречаная – күчтүү финансист",-дейт Воронин.

Кокус бул план ишке ашса,президенттик кызматка биринчи мерте аял киши келет. Мунун аркасында өлкөнүн бедели биртке болсо да бекемдей түшмөк. Бирок бийликтин баары Ворониндин колунда калат.

Бул жерде болгону бир эле проблема бар. Президент болуп шайлануу үчүн конституция талапкерден 61 депутаттын колдоосун талап кылат. Коммунисттерге бир добуш жетишпейт. Буга оппозициядагы депутаттардын бирөө жарымын ийитүү мүмкүн эмес сыяктанат. Бери эле дегенде парламенттеги азчылыкты түзгөн үч фракция тең добуш берүүдөн, дегеле парламенттин ишине катышкандан караманча баш тартып жатышат.

"61-добуш биздин бирикмеден чыкпайт, "Биздин Молдова альянсы" баштагы позициясында турат: мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүшүн жактайт",-деп билдирди БМАнын жетекчиси Серафим Урекян "Азаттыкка".

Либерал-демократтар да добуш берүүгө катышпай турганын, Молдовага парламентке кайта шайлоо өткөрүүдөн башка жол жоктугун фракциянын өкүлү Влад Филат тастыктады.

Воронин 7-июнга чейин президенттик бийликти тапшырууга тийиш.Ага чейин парламент бул кызматка жаңы киши дайындай албаса,өлкөдө кайра шайлоо болушу ыктымал. Анын арты эмне менен бүтөрү андан бетер бүдөмүк.

Былтыркы жылга чейин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан Молдовада атайын өкүл болуп жүргөн Лиус О’Нилл "терең ойлонуп,улуттук биримдик жолун табуу керектигин" белгилеп,ошол эле учурда буга жетишүү азыр кыйын болорун моюнга алды.

Апрелдеги саясий акцияларга активдүү катышкан журналист Наталья Морар өлкө өтө кыйын, бирок маанилүү учурга туш келди деп эсептейт. "Молдовада демократия процессин өнүктүрүп, европалык багытка түшүүнүн чоң мүмкүндүгү бар. Ошол эле учурда тескери жолго бурулуп, европалык мейкиндиктеги жаңы диктатура болуп калганга да шарт жетиштүү".

Орус тилиндеги "Молдавские ведомости" басылмасынын редактору Дмитрий Чубашенко улуттук биримдикке жетүүнүн жолу бир топ узак экенин кошумчалады. "Молдован коомундагы ички жиктелүү дагы күч алат,жакынкы аралыкта өлкөгө саясий жана экономикалык стабилдүүлүк келери күмөн",-дейт ал.

XS
SM
MD
LG