Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Молдовада революция башталдыбы?


Кишиневдогу ачуулуу жаштар демонтрацияга чыкты, 7-апрел, 2009-жыл.
Кишиневдогу ачуулуу жаштар демонтрацияга чыкты, 7-апрел, 2009-жыл.

Молдовада бүгүн өкмөткө нааразы болгон демонстранттар парламентке жана президенттин кеңсесине кирип барып, өрт коюп, полиция менен кагылышты.

Тополоң жекшембидеги парламенттик шайлоодо үчүнчү мөөнөт катары менен бийликтеги компартия жеңип чыккандыгы жарыялангандан кийин башталды. Демонстранттар шайлоо бурмалоо менен өттү деп ырасташты. Европа биримдиги сабырдуулукка чакырууда, Орусия «терең тынчсыздануусун билдирүүдө.

Кишиневдогу демонстрациялар тополоңго айланганда аз дегенде 40 киши жараат алды. Жекшембидеги добуш берүү көптөгөн бурмалоолор менен өттү деп нааразы болгон миңдеген демонстрант Молдованын парламентине жана президент Ворониндин кеңсесине кирип барып, компютерлерди терезеден ыргытып, өрт коюшту. Шайлоодо Ворониндин коммунисттик партиясы жеңүүчү деп жарыяланган эле.

"Азаттыктын" Кишиневдогу кабарчысы Юлиан Чиокан бүгүн түштөн кийин телефон аркылуу буларды билдирди:

- Мен президенттик имараттын жанында турам. Мында миңдеген жаштар биринчи, экинчи, үчүнчү кабаттын терезелерин сындырышты. Бир нерсени өттөп жиберишкен окшойт, кээ бир терезелерден коюу түтүн чыгып жатат. Полиция аларды президенттик имараттын алдынан токтотууга аракеттенди, бирок аларды демонстранттар четке сүрдү. Ошондо полиция аларга суу замбирегин колдонду.

"Азаттыктын" молдован кызматынан түшкөн соңку кабарларга караганда, учурда Кишиневдун борборунда кырдаал тынч, бирок эл таркаган жок. Молдованын башка шаарларында да эл көчөгө чыгып жатат. Анын аралыгында, президент Воронин оппозициядагы ири үч партиянын лидерлери менен сүйлөшүү баштады.

Мындай тополоң Молдованын жаңы тарыхында болуп көргөн эмес. Демонстранттар тартип коргоочуларды таш, кирпич менен соккондо, коопсуздук күчтөрү аларды союл менен уруп, суу менен атты. Демонстранттар суу ташыган өрт өчүргүч машинаны аңтарып салышты. Дарыгерлер кеминде 20 киши жараат алгандыгы билдиришти.

Жекшембидеги добуш берүүдө коммунисттер парламенттеги орундарын жарымын алышкан эле. Шайлоого чейинки сурамжылоодо бул көрсөткүч 30 пайыз гана болоору айтылып жаткан.

101 орундуу парламенттеги Компартия алган 61 мандат ага ардагер коммунист Владимир Ворониндин ордуна каалаган кишисин шайлап алууга жол ачат.

Европа биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана демонстранттарды сабырдуулукка чакырды, бирок бийликтерге демонстрациянын уланышына тоскоолдук кылбоого кеңеш берди.Молдовада соңку жылдары таасири кыйла өскөн Орусия Кишиневдогу кырдаалга тынчсыздануу билдирүүдө.

Демонстранттарга өкмөт имаратынын сыртында кайрылган оппозиция лидерлери жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылды, бирок "Азаттыктын" кабарчысына ылайык, демонстранттардын көздөгөнү анчейин анык эмес:

– Кырдаал анча түшүнүктүү болбой турат. Демонстрацияны бирөөлөр уюштурган болсо, алар көздөгөнү эмне экенин өздөрү билбейт сыяктанат.

Демонстрациялар дүйшөмбүдө тынч мүнөздө өткөн эле. Ал болжолу интернет жана чөнтөк телефон аркылуу кат алышкан студент, жаштардын чакырыгы менен башталган.

Европанын эң жарды өлкөсү саналган Молдовада коммунисттер 2001-жылдан бери бийликте. Соңку сегиз жылда жакырлык бир аз азайганы менен, төрт жарым миллион калктын миллион чактысы турмуштун каатчылыгынан улам жер кезип кетишкен.

Өлкөнүн экономикасын мигранттар чет өлкөлөрдөн жиберген каражатка кармалып турат.

Молдовандар бурмаланган шайлоого нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

XS
SM
MD
LG