Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

Молдовада быйыл төртүнчү жолу президент тандалат


Молдованын премьер-министри Влад Филат (оңдо) жана демократтар лидери Мариан Лупу (солдо) президент үчүн добуш берүүдө. 10-ноябр, 2009-ж.

Молдованын премьер-министри Влад Филат (оңдо) жана демократтар лидери Мариан Лупу (солдо) президент үчүн добуш берүүдө. 10-ноябр, 2009-ж.

Молдова парламенти өлкө президенти үчүн эми 7-декабрда кайра добуш бермей болду. Эгерде ал күнү да президент шайланбай калса, парламент таркатылып, чукул шайлоо жарыяланышы керек.

Байкоочулар Молдовада созулуп кеткен саясий кризис өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, шайлоо системасын реформалоо зарылдыгын каңкуулап жатканын айтышат. Айткандай эле, 2000-жылдан бери парламент өлкө президенти үчүн 8 жолу добуш берип, анын алтысы майнапсыз аяктаган. Молдованын шайлоо тууралуу мыйзамдары татаал жана талаш-тартыштуу маселеге айланып, президент шайланбай, саясий оюн созулуп кеткени парламенттеги көпчүлүгү коммунист депутаттардын чырагына май тамызгандай.

Андайда акыркы сөздү айта турган соттор да саясатташып, ар башка тараптан кысымга алынган. Эксперттер кырдаалды жөнгө салыш үчүн Молдова конституциясына өзгөртүү киргизип, президентти эл шайлап, парламентти азыркыдай саясий ак сөөктөрдүн шыбагасына айландырбай, жер-жерлердин өкүлдөрү менен күчтөндүрүү зарылдыгын айтышат. Антпесе, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кишиневдогу экс-элчиси Люис О Нейл айткандай, Молдова 2004-жылы саргылт ыңкылап алдында кризиске баткан Украинадагы абалды көбүрөөк элестетип барат.

- Спортто саясаттагыдай, топ киргизе турган дарбазаны жылдырып койсо, эрежелерди өзгөртүү керек. Оюндун кызыгын арттырыш үчүн эреже өзгөрүп, бирок ырааттуулук, калыстык өңдүү башкы максаттарга зыян келтирилет.

11-сентябрда Молдованын коммунист лидери Владимир Воронин кызматынан чегингенден бери президенттик орун үчүн саясий күрөш олуттуу көйгөйгө айланды. 2 ирет төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган Воронин быйыл конституцияга ылайык, кызматын өткөрүп берди, апрель айында депутаттар аны парламент спикери кылып шайлашты. Ошондон бери молдован парламенти 3 жолу кийинки президент үчүн добуш берип, тийиштүү добуш топтой алган жок.

Адегенде коммунисттер өз талапкери, өлкөнүн премьер-министри Зинаида Гречанаяны эки ирет көрсөтүп, өткөрө албай, андан кийин 10-ноябр күнү парламентте Демократиялык партия лидери Мариан Лупунун талапкерлиги добушка коюлуп, ал бир жыл мурдараак коммунисттер партиясынан чыгып кеткендиктен, көпчүлүк депутаттар “саткынды” колдобойбуз деп добуш берүүдөн баш тартышты.

Эми 7-декабр күнү Мариан Лупудан башка да талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн, расмий катталыш үчүн алар кеминде 15 депутаттын колдоосуна ээ болуусу зарыл. 7-декабр күнү президент кайрадан тандалбай калса, мыйзам боюнча парламент таркатылат, бирок бир жыл ичинде 2 ирет таркатууга тыюу салынгандыктан, мөөнөтүнөн эрте шайлоо келерки жылдын кеч күзүнө жылдырылат. Андай болгондо Молдовадагы саясий кризистин жашоосу дагы узарат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG