Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Молдованын коммунист президенти кызматтан кетет


Президент Владимир Воронин Молдованы оор кырдаалда башкарууну кыйын көрдү.
Президент Владимир Воронин Молдованы оор кырдаалда башкарууну кыйын көрдү.

Молдова президенти Владимир Воронин кызматтан кетээрин шаршембиде билдирди. Июлдагы парламенттик шайлоодо батышчыл партиялар артыкча добуш алып, коммунисттердин үстөмдүгүнө чекит койгон эле.

Владимир Воронин президенттин милдетин аткарууну токтотоорун Молдова коммунисттеринин курултайында жарыялады. “ Өлкө жана партиябыз үчүн катаал саатта күмөндүү жана түшүнүксүз абалда президенттин милдетин аткара албайм”, деп билдирди тогуз жыл мамлекет башында отурган Воронин.

Воронин өлкөнү экономикалык да, саясый да кризисте калтырдууда.
Валентина Урсу



28-августта жаңы шайланган парламенттин алгачкы жыйынында “Европа интеграциясы үчүн альянсы” (АЕИ) - коммунисттердин бойкотуна карабастан - Либералдык партиянын төрагасы Михай Гампуну парламент спикери кылып шайлашкан. Бул окуяны кээ бир серепчилер“баркыт ыңкылабы” деп аташты.

29-июлдагы шайлоодо 101 орундуу Молдова парламентинде батышчыл төрт партия кирген альянс 53 мандатка, коммунисттер 48 мандатка ээ болушкан.

Батышчыл альянс Демпартиянын төрагасы Мариян Лупуну президенттикке өткөрө алабы?
“Молдова - парламенттик республика. Президент парламентте олуттуу таянчы болгондо гана үзүрлүү иштей алат”, деп түшүндүрдү Ворониндин парламентте калып иштөө чечимин спикердин мурдакы орун басары, коммунист В. Цуркан.

2001-жылы оболу президент шайланып, башмыйзамга ылайык эки мөөнөт отурган Воронин Молдовага кандай мурас калтырды? Суроону кишиневдук серепчи Валентина Урсуга узатканымда, ал өлкө саясый-экономикалык кризистин сазында калганын айтты:

- Ворониндин артында кедейлик калды. Ал өлкөнү экономикалык да, саясый да кризисте калтырууда. Ошон үчүн кырдаал өтө татаал.

Саясий кризис Молдовада жаздан бери келатат. Мурдакы парламент 5-апрелде шайланып, коммунисттер 101 мандаттын 60ын алышкан. Бул коммунисттерге парламент төрагасын шайлоого жана өкмөттү түзүүгө мүмкүндүк берген. Бирок коммунисттерге өз адамын президент шайлоого эки ирет бир добуш жетпей, натыйжада конституцияга ылайык бул парламент таркатылган да, кезексиз шайлоодо батышчыл блок 53 мандат менен жеңген. Анткен менен, европачыл ынтымакка (альянска) өз өкүлүн президент кызматына өткөрүүгө сегиз добуш жетишпейт, дейт Валентина Урсула:

- Европачыл альянстын депутаттарына жаңы президентти шайлоого мандат жетпейт. Бул добуштары табылабы, билбейм. Кудай колдоп, жаңы президент шайланса экен дейм. Азырынча, президенттикке коммунисттерди таштап кеткен Мариан Лупу көрсөтүлүүдө.

Жарым жылга созулган саясий күрөш казынага да чоң зыян келтирип, бюджеттик тартыштык азыр 500 миллион долларга чукулдады. Ошон үчүн күздө пенсияларды жана айлыктарды төлөөдө кыйынчылыктар болот дешет талдоочулар.

Ошентип, бийликтен кетип жаткан коммунист президент Ворониндин артында экиге бөлүнгөн коом калды: бир жээкте, негизинен, өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусун жактаган шаардык жаштар турса, экинчи жээкте Орусияга ыктап, коммунисттерди колдогон кыштактыктар (элеттиктер) менен совет доорун унута элек улуу муун турат.

XS
SM
MD
LG