Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Ворониндин кыйды планы


Молдова -- Демократтардын лидери Мариан Лупу өлкө үчүн кооптуу саясий кырдаал түзүлгөнүн эскертти.

Молдова -- Демократтардын лидери Мариан Лупу өлкө үчүн кооптуу саясий кырдаал түзүлгөнүн эскертти.

Молдовада Владимир Воронин президенттик кызматтан кетүүнү чечти. Бу милдетти ал ырасмий түрдө качан тапшырары белгисиз,бирок өлкөдөгү саясий абал ого бетер чаташа баштады.

Воронин чатыраштай чаташкан азыркы саясий жагдайда президенттин милдетин аткаруудан баш тартмай болду. Андан көрө ал парламентте катардагы депутат болуп иштесе өз партиясына көбүрөөк пайдасы тиерине ишенет.

"Мен катарыңарда бирге жүрөм, күрөштүн такай алдыңкы чегинде чогуу болобуз",- деп айтты ал коммунисттерге жана МКПны "жаңы жеңиштерге" баштап барарына ишендирди.

Ворониндин бул чечими коммунисттер ушу тушта парламентте артыкчылык кылып турган либерал-демократтардын коалициясына каршы күрөштүн жаңы усулун аныкташканын билдирет.

Быйыл апрелдеги шайлоодо коммунисттер 101 орундуу парламенттен 60 мандат алышкан жана өз лидерин спикерликке дайындашкан. Жаңы президент шайлангыча мамлекет башчысынын милдетин аткаруу Воронинге жүктөлгөн. Конституцияда каралган бул мөөнөт майдын этегинде аяктаган.

Июлдагы кайта шайлоодо оппозициядагы төрт партия 53 мандат утуп алып, Ворониндин ордуна спикер кылып өздөрүнүн өкүлүн - либералдар партиясынын лидери Михай Гимпуну шайлашты.

Коммунисттер бул процедураны парламент регламентинде,ага кошо конституцияда каралган жоболордун одоно бузулушу катары баалап,сессияга бойкот жарыялашты жана ишти сотко беришти. Конституциялык сот алардын арызын эмдиги аптада кароого киришет.

Эксперттер сот кандай чечим чыгарса да кризис чечилбейт дешет. Либерал-демократтар парламентте артыкчылык кылганы менен президенттикке өз талапкерин өткөрө алышпайт. Мамлекет башчысын шайлоо үчүн азыркы депутаттар корпусуна мыйзамда ажыратылган акыркы мөөнөт эмдиги жылдын январында бүтөт. Кокус Воронин чын эле президенттин милдеттерин ырасмий түрдө тапшыра турган болсо, анда Молдова дээрлик жарым жыл президентсиз калат.

Демократтардын лидери Мариан Лупу саясий мындай туңгуюк өлкө үчүн өтө кооптуу экенин эскертти.

"29-июлдагы шайлоодон кийин эле дароо коммунисттерге кайрылып, сүйлөшүү үстөлүнө отурууну сунуш кылдык. Бирок натыйжа чыккан жок. Азыр деле аракет кылып жатабыз, өлкөдө экономикалык,саясий жана социалдык кырдаал улам оорлошуп баратат, мунун арты чоң алаамат менен бүтүшү мүмкүн",-дейт ал.

Коммунисттер сүйлөшүүлөрдөн караманча баш тартып, өздөрүнчө орто-солчул коалиция түзмөк болуп жатышат. Молдовада мындай альянска кошулар таасирдүү саясий күчтөр жок. Андыктан коммунисттер кезексиз шайлоону көздөп жатышканы калетсиз.

Воронин азыркы кырдаалдан өзүн алакчылап, өлкөдө кыйындап бараткан экономикалык жагдай үчүн бардык жоопкерчилик либерал-демократтарга жүктөлөрүн жакшы билет. Абал абдан оорлошуп кетсе, калк өзү коммунисттерди кайра бийликти алганга чакырат, муну менен Воронинге кала берсе кайра президент болгонго жол ачылат деп эсептегендер да бар. Алардын бири коммунисттердин лидери өзү болушу да ыктымал.
XS
SM
MD
LG