Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Молдовада БШК оппозиция менен мунасага келди


Румыния, чек ара офицери Молдова менен чек арада пасспортту текшерип жатат, 8-апрел, 2009

Румыния, чек ара офицери Молдова менен чек арада пасспортту текшерип жатат, 8-апрел, 2009

Молдованын Борбордук Шайлоо комиссиясы оппозициядагы партияларга шайлоочулардын тизмесин текшерүүгө уруксат берди. Жекшембидеги шайлоодо Коммунисттик партия жеңүүчү деп жарыялангандан кийин баш калаа Кишиневдо тополоң чыккан эле. Кечээ президент Воронин коңшулаш Румынияны төңкөрүш уюштурууга аракеттенди деп айыптады. Бухарест бул кинени четке какты. Батыш бардык тараптарды тынчтанууга чакырууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы жекшемби күнкү шайлоодо бийликтеги компартия парламенттеги орундардын алтымышын алды деп жарыялады. Президентти шайлоо үчүн ошондо коммунист депутаттарга бир гана добуш жетпейт.

«Коммунисттер 61 орун алды» деген баштапкы жыйынтыкка нааразы болгондордун демонстрациясында шейшемби күнү тополоң чыгып, бир киши өлүп, 270 чактысы жараат алган эле.

Бейшемби күнү Кишиневдо кырдаал тынч болду. Азаттыктын кабарчысы Василе Ботнару баш калаадан буларды маалымдады:

– Мен өкмөттүк имараттын кире беришинен 15 метр жерде турам. Демонстрация, акция жок. Кире беришти кайтарып эки тартип коргоочу турат. Борбордук аянттагы храмдын сыртында машинанын кыймылы адаттагыдай эле. Кечээ эч нерсе болбогонсуп, өкмөттүк имараттын жанынан элдер ары-бери өтүп жатышат. Айтор баары тып-тынч.

Тымтырстыкка коопсуздук күчтөрү камакка алууларды, уруп-сабоолорду улантып жатат деген кабарлар да шыкакчы болуп жаткан болушу ыктымал. Борнару учурда демонстрация пландалып жатканы тууралуу эч кандай кабар да жок экенин кошумчалады.

БШКнын соңку жыйынтыгына ылайык, президент Ворониндин бийликтеги коммунисттеринин 101 орундуу парламентте мандаттардан туура 50 пайызын алышына болгону бир добуш жетпей калды.

Өлкөнүн батышчыл үч партиясы – Либералдык, Либерал-демократиялык партиялары жана Биздин Молдова биримдиги добуштардын 30 гана пайызын алышты. Алар коммунисттерди добуш берүүнүн жыынтыгын бурмалап, чет өлкөлөрдө жүргөн жүз миңдеген мигранттардын ордуна добуш бердирди деп айыпташууда.

Алар добуштарды кайра саноону, же жок дегенде шайлоочулардын тизмесин берилген добуштар менен салыштырып көрүүнү талап кылып жатышкан. Шайлоо комиссиясы бул талапты канааттандырып, аларга мындай текшерүүгө төрт күн убакыт берди.

Анын аралыгында, президенттик мөөнөтү бүтүп калган Владимир Воронин коңшулаш Румынияга каршы дипломтиялык согуш баштады. Молдова Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Румыниянын курамында болгон.

Ворониндин өкмөтү бул өлкөнүн элчиси Филип Теодорескуну өлкөдөн чыгарып жиберди. Ошондой эле Европа биримдигине мүчө болгон Румынияга эки тараптуу виза режимин калыбына келтирди. Эки өлкөнүн ортосундагы чек арада айрым өткөөлдөр жабылды. Кишинев өкмөтү румын журналисттерин берки тарапка, ал эми Румынияда окуган жүздөгөн молдован студенттерин наркы тарапка өткөрбөй жатат.

Воронин оппозициядагы үч башкы партияны айлыктарын Румыниядан алат деп айыптады. Ал ошондой эле Бухаресттин өкмөтүн Молдованын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип жатат деп ырастады. Шейшембидеги демонстрациялардын мезгилинде, айрым демонстранттар Воронин отурган президенттик имараттын алдында румын байрагын желбиретишкен эле.

Либералдык-демократиячыл партиянын башчысы Влад Филат Азаттыкка Румынияны күнөөлөш үчүн өкмөт провокаторлорду жиберди деген ишенимин билдирди:

– Бул жоопкерчиликсиз жарыя болду, аны эбак эле даярдап коюшкан. Молдовалык коммунисттер румындарга коюп жаткан кинелерден кийин, алардын эми көзүрү калбай калды. Алар Румыния Евробиримдиктин жана НАТОнун мүчөсү экендигин унутуп калышты. Айрым аракеттерди провокаторлор уюштуруп, ишке ашырышканы анык болуп калды.

Европа Биримдиги, Кошмо Штаттары жана ЭКК уюму эки тарапты тең сабырдуулукка чакырды. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Биримдиги жана Румыния «румын ураандары жана байрактары менен Молдованын суверендүүлүгүнө шек келтирбөөнү талап кылды.

Молдовадан өз алдынчалык жарыялаган Днестр жумуриятында Орусиянын
бир миңдей аскери турат. Кийинки кездери Москванын Кишиневдогу коммунисттик бийликке таасири да кыйла өстү.
XS
SM
MD
LG