Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ САЯСАТКА УМТУЛУУДА


Аида Касымалиева, Бишкек Дүйнө жүзүндөгү мыйзам чыгаруучулардын 18 пайызга жакынын аялдар түзөт. Министрлик кызматтардын же аткаруучу бийликтин 16 пайызы да айымдардын колунда. Бул көрсөткүчтөр 2005-жылга карганда 2 пайызга жогорулаган. Аялдардын саясаттагы ордун аныктаган жаңы изилдөө эл аралык Интер Парламент Уюму тарабынан даярдалды.

Айымдардын парламенттеги орду боюнча эң жогорку көрсөткүч Африкалык Руанда өлкөсүнө таандык: аялдар бул өлкөнүн парламентинде 49 пайызды түзүшөт. 2-орунда турган Швецияда көрсөткүч 47 пайызга жеткен, ал эми Финляндияда – 41%.

Кыргыз парламентинде учурда 23 айым иштейт. Орто эсеп менен алганда бул 30 пайызды түзөт. Кыргызстан Македония, Беларус жана Афганистандан кийин турат. Ал эми Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр Кыргызстандан артта калышкан.

2000-2005-жылдары кыргыз парламентине бир да аял өтпөй калган. Ага салыштырмалуу азыркы паламентте 23 айымдын иштеши Кыргызстан үчүн чоң жеңиш, деген ойдо 28 жаштагы депутат Динара Молдошева:

-Батыш өлкөлөрүндөгү демократиялык парламенттерине 10-20 пайыздан ашыгыраак аялдар келсе, бул парламент социалдык, гендердик жана балдар тармактарында жакшы реформаларды жасап бергенге даяр болот экен. Ал эми азыр Жогорку Кеңеште 12 комитет иштеп жатат. 23 аялдын ичинде ар кыл профессионалдар бар. Алар бир гана социалдык, же гендердик суролор боюнча комитеттерде иштешпейт .

Аялдар боорукер болуп, социалдык жана балдар суроолоруна келгенде жакшы жыйынтыктарды бере алат деген ойдо Динара Молдошева. “Ата Мекен” партиясында аялдар канатын ачып жаткан Элегия Мусаева, саясатта декларативдүү болсо да гендер маселеси чечилип жаткандыгы менен, жөнөкөй жашоодо эркектер тарабынан дискриминацияга көп эле жолу кабылгандыгын айтат. Анткен менен саясатта да үйбүлөдөгүдөй эле аял жакшыбы, же эркек жакшыбы деп отурбастан, экөө чогуу иштеш керек:

-Эркек көрө албаган нерсени аял көрө алат да. Аял байкабай калган нерсени аял көрөт. Экөө бирин-бири толуктап туруп, чогуу жумуш алып барып, анан ийгиликтерге жетет да. Коом ошондо гана ийгиликке жетет. Ал эми азыр аны көптөрү түшүнбөй, “бирөөлөр” эле үстөмдүк кылып жүрүшөт.

Бүгүн АКШ элчилигинде АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райстын атынан укук коргоочу Чолпон Жакуповага анын кайратмандыгы үчүн атайын премия ыйгарылды.

Чолпон Жакупова Кыргызстанда чечим чыгаруу үчүн саясий мейкиндиктин азайып бараткандыгына, де-юре бийлик бутактарга бөлүнгөнү менен, иш жүзүндө бийлик 5-6 адамдын колуна чогулуп жаткандыгына басым жасап, аялдардын саясаттагы орду боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:

-Мени аялдардын жана эркектердин парламентте аялдар бар деп сүйүнгөнү абдан капалантат. Биринчи суроо: ушул парламент чынында эле чечим чыгаруу жараянына таасирин тийгизе алабы? Экинчи суроо: бул аялдар парламентке кантип келишти эле? Бул жерде мындай ыкма иштеди: бир, эки, үч – төртүнчүсү аял болушу керек. Аялдын адистик, моралдык сапаттары жана анын тажрыйбасы эске алынган жок. Бул кырдаалда парламентке ким келет баары бир эмеспи! Сизди балдарды төрөө же тамак даярдоо боюнча автомат катары кабыл алып жатышабы, же Акүй алдын- ала кабыл алып койгон чечимдерди колдоо үчүн кол көтөрүү автоматы катары иштетишеби – айырмасы жок.

Аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева аялдар жана саясат дебестен, аялдар жана экономика темасына көнүл буруу зарылчылыгы бардыгын айтты. Себеби аял качан гана экономикалык жактан көз карандысыз болгондо чыныгы чоң саясатка келе алат. Ал эми аялдар үчүн атайын квоталардын пайда болушуна Замира айым толугу менен каршы:

- Бул квоталардын киргизилиши Баш мыйзамда көрсөтүлгөн тең укутуулукка шек келтирип жатат. Анын үстүнө квоталар тескерисинче, аялзатын кемсинтет .

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович, айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, амеркалык саясаттагы аялдардын ордуна токтолуп кетти:

- Мен АКШнын жаранымын. Ошондуктан мен ар дайым бардык адамдар тең укуктуу болушу керек деп эсептейм. Бир гана Америкада эмес. АКШда бир канча губернатор айымдар бар, андан тышкары мамкатчыбыз Кондолиза Райс бар, азыр президенттикке талапкерлердин бири да айым.

Сүрөт panasia.ru интернет баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG