Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Молдован аялдардын шорунан курулган ак сарайлар


Молдова. "Монте Карло" балети.

Молдова. "Монте Карло" балети.

Молдовадан кээ бир ырасмий эсептөөлөр боюнча акыркы 19 жылда аткезчилер тыш өлкөлөргө 200 миңден 400 миңге чейин адам алып чыгып саткан.

Америкалык илимпоз Денис Горн айымдын ырасташынча, тышка сатылган молдовалык аялдардын көбү сойкулук кылышат. Аялдардын абалы Молдова экономикасындагы кырдаал жакшырса эле оңолуп кетпейт. Ал үчүн жарандык уюмдар менен укук коргоо мекемелери жигердүү кызматташуусу абзел, дейт Денис Горн.

Сойкулукка сатылган энелер, кароосуз наристелер

Адам аткезчилиги- аялдарды сойкулукка, эркек таналарды кулдукка сатуу эле эмес. Бул мамлекеттин өз букараларынын татыктуу жашоосун камсыздай албаганын жана жарандык укуктар өлкөдө сакталбагынын күбөлөйт. Бул көрүнүш, АКШнын Бостон шаарындагы Түндүк
Адам аткезчилиги тууралуу Мерени мектебинин окуучулары койгон спектаклдан бир көрүнүш. Октябрь 2009
Чыгыш университетинин(Northeastern University) доценти Денис Горн айымдын жазышынча, Европанын эң жарды өлкөсү Молдовага да таандык. Мындан айрыкча улуттун тукум уулоочусу эсептелген аялдар жабыркайт:

-Молдовалык аялдар адам аткезчилиги менен эзүүгө баарынан көп кабылууда. Аларды коргоо үчүн өлкө экономикасынын оңолгону жетишсиз. Адам аткезчилигинин зыянын жана пайдасын кичинекей Молдованын ар жеринде байкаса болот. Балдарды каарыган чоң ата-чоң энелери багууда же кароосуз жетим балдар үйлөрүнө берилген. Эмгек мигранттары жиберген акчага курулган жарды кыштактардын чечтиндеги заңыргаган жаңы тамдар менен тыш өлкөдөн келген акчага сатып алынган машинелерди минген жаш балдарды көрөсүз. Мунун баары жарандарды адам соодасына азгырып кызыктырат.

Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык кордун(International Fund for Agricultural Development) эсебинче, Молдовадагы жумушсуздардын 68 проценти аялдар. Ал эми жумушу бар аялдар негизинен айлыгы аз иштерде иштешет. Аялдар жетекчи орундарда дээрлик жокко эсе. Мунун кесепетинен аялдар тыш өлкөлөргө жумуш издеп кетүүгө мажбур.

Аялдардын укугу. Адистердин сунушу.

Молдова өкмөтү аялдарга кам көрүү үчүн атайын комиссия түзүп тим болгон. Бул, илимпоздун ырасташынча, алардын саясый-экономикалык турмуштагы ролуна кендей да таасир эткен эмес. Денис Горндун оюнча, аялдар жарандык уюмдардын ишине жандуу
Низпорени кыштагында калган аялдар. 2008
тартылып, укук коргоо органдары бейөкмөттүк уюмдар менен эриш аркак иштешкенде гана кыз-келиндерди аткезчилик жолдор менен сатууга каршы күрөш натыйжалуу болот.

Нобель сыйылыгын лауреаты, экономист Аматрия Сендин жазышынча, аялдар өлкөдөгү саясый-экономикалык чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышканда гана алардын укуктары жакшы корголуп, эркектер менен аялдар ортосундагы социалдык теңсиздикти жойгондой жагдай түзүлөт.

Денис Горн айым азыркы глобалдык экономикалык кризистин тушунда аялдардын абалын жакшыртуу эң алды Молдова өкмөтүнүн эркине жараша болот деп ишенет:

-Эгер Молдова жетекчилиги чындап эле жарандык коомду бекемдегиси келсе жана адам аткезчилигини кыскартууну кааласа, ички жана эл аралык көп иштер жасалышы мүмкүн. Ал үчүн биринчи кезекте аялдардын укуктарын коргоо жана өкмөттүн жоопкерчиликти алуусу зарыл.

Айрым ырасмий маалыматтар боюнча совет бийлиги кыйрагандан бери Молдовадан тыш өлкөлөргө 200 миңден 400 миңге чейин адам мыйзамсыз чыгарылып сатылган. Улуттар Уюмунун адам аткезчилиги жөнүндөгү изилдөөсүнө ("2009 Trafficking in Persons Report") караганда, аткезчилер бир эле 2008-жылы 25 миң молдовалык жаранды тыш жактарга жумушка алып кеткен.
XS
SM
MD
LG