Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Москва менен Киев скиф алтындарын талашууда


Амстердамдагы көргөзмөгө коюлган скиф алтындары.
Амстердамдагы көргөзмөгө коюлган скиф алтындары.

Аннексияланган Крымдын бийлигинин айтымында, Украина тарабынан скиф алтындарын арестке коюу боюнча чечим юридикалык күчкө ээ эмес. Мындай оюн ишемби күнү Крымдын аткаминерлеринин бири Георгий Мурадов билдирди.

Скиф алтындарынын топтому эки миң буюмдан турат. Алар 2014-жылы Крым аннексияланганга чейин Амстердамдагы археологиялык музейге көргөзмөгө чыгарылган. Украина бул алтындарды өзүнө таандык экенин айтып келет. РИА Новости агенттиги билдиргендей, Амстердамдын соту 14-декабрда скиф алтындары боюнча чечим чыгармакчы.

Буга чейин Киевдин райондор аралык соту музей экспонаттарын камакка коюп, сот чечимин Интерполго жөнөткөн жана алтын топтомдору боюнча эл аралык издөө жарыялаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG