Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

12-мартта Москвада «Мемориал» укуккоргоо уюмунда «Ноокат окуясынын иши: Кыргызстан тогуз жолдун тоомунда» деген аталышта маалымат жыйыны өттү. Ага «Ноокат окуясы» боюнча комиссиянын төрайымы, «Кылым шамы» уюмунун директору Азиза Абдрасулова, Акыйкатчы алдындагы «Ноокат окуясы» боюнча комиссиянын мүчөсү Дмитрий Кабак катышты.

“Азаттык” үналгысы Азиза Абдрасуловага Москвага ат арытып алыстан келишинин себебин сурап кайрылды.

Азиза Абдрасулова: “Биринчиден, Москвада малымат жыйынын өткөрүүбүздүн максаты - «Ноокат окуясы» Кыргызстандын алкагынан чыгып, бул күндөрү жүздөгөн адамдарды издөө жүрө баштады. Алардын көбү Орусияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө болушу мүмкүн. Алардын да мыйзамсыз камакка алынып, кыйноолорго дуушар болбошу үчүн биз Орусиянын журналисттер жааты менен адам укугун коргоочуларына кайрылалы деп келдик.

Ноокат окуясына тийешеси бар делип, ушул жактарда качып жүргөн биздин жарандарга колдон келген жардам көрсөтүү өтүнүчүн аткарышсын деп келдик. Экинчи жагынан бул Орусияга деле тийешелүү болуп атат. Орусиянын жараны кармалууда. Ал окуяга тийешеси бар деп Новосибирскиде бир жылдан бери Орусияда жүргөн кыргызстандыкты 6 ай бою кармап жатат.

Укук коргоочу «Мемориал» борборунун жетекчилеринин бири Виталий Пономаревду Кыргызстанга киргизбей койушту. Ошондуктан биз ушул жакка келип, маалымат жыйынын өткөрүүнү чечтик. Ошол эле убакта Кыргызстанда бүгүнкү күндө сөз эркиндиги жок. Сөз эркиндигинин азыр камалып турган чагы”,-деди укук коргоочу Азиза Абдрасулова.

Маалымат жыйынында 2008-жылы 1 октябрда Ноокатта милиция менен тургундардын кагылышын бийликтеги «өткүр чара» колдонууну жактагандар катуу кысым көргөзүү өнөктүгүнө айлантып жиберишти деп белгиленди. Натыйжада райондун 32 тургун узак мөөнөткө эркинен ажыратылып, ар кандай кыйноолорго дуушар болгон делинди.

Сот жабык өтүп, ал жерде саясий кысым катуу болгонун белгилешти. Андай ыкма, орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревдун баамында, Кыргызстандын ички саясатында кысымга алуунун башка жолуна түшкөнүнөн кабар берет. Ал, куду Өзбекстандын саясий ыкмасына окшош”,-деди Пономарев мырза:

- Оппозициянын кандайдыр бир кыйынчылыгы мурда деле болчу, бирок азыркыдай массалык түрдө саясий маанидеги жалааларды ойлоп табуу Кыргызстанда, ал эгемендүүлүккө чыккандан берки убак ичинде эч боло элек эле.

Укук коргоочулар «Ноокат окуясы» адам укугун тебелеп-тепсөөнүн, демократиялык негиздерден чектөөнүн бир мисалы дешет. Андай чектөө бардык багытта болуп атканын, маселен, мурда миңдеген киши катышкан митинг, пикеттер өтүп турушу демейдеги көрүнүш эле, азыр ал жок деп айтышты. Мындай маанай артында саясий кысым жатканын белгилешти.

Ошол эле учурда 10-мартта Аликбек Жекшенкуловдун камалышына байланыштуу айткан аныктамасында башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев мындай иштерде саясий өңүт болбогонун белгилеген:

- Саясий куугунтук деген түшүнүк бул жерде дегеле болбошу керек. Эмне дегенде саясий куугунтук ал саясий кылмыш иштер менен болот.

Жыйынга келген журналисттер “Орусия бул тапта Кыргызстанга 2 миллиард доллар насыя берип атканда, америкалык базаны «Манас» аба майданынан чыгарууну чечкенден улам ушундай чаралар көрүлүп жатышы мүмкүнбү?” деген суроо узатышты. Азиза Абдрасулова буларды айтты:

- Мен муну америкалык базаны чыгарып ийүү же Орусиядан жардам алуу менен байланыштырбас элем. Кыргыз бийлиги буга кыйладан жол салып келе жаткан. 2007 жылы Жикчилдик ишкердик боюнча мыйзамга берене кошулган. Биз «Ноокат окуялар» ишин изилдөөгө алып, документтерди таап алдык. Көрсө, ар бир облус, ар бир район, ар бир айыл өкүмөтүндө координациялык кеңештер уюшулган экен. Аларга жергиликтүү ГКНБ кызматкерлери, тогузунчу бөлүмдүн кызматкерлери, жергиликтүү имамдар жана жергиликтүү администрация өкүлдөрү кирген.
XS
SM
MD
LG