Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

21-февраль – ЮНЕСКО тарабынан эл аралык эне тил күнү катары белгиленген. Окумуштуулардын белгилешинче, дүйнөдө ар бир 14 күндө бир тил жоголуп кетүүдө.

Бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.

Жоголуу коркунучундагы тилдер

Учурда дүйнө жүзүндө 6700дөн ашуун тил катталган. Тилчи окумуштуулардын маалыматына таянсак, ар бир 14 күндө дүйнөдө бир тил жоголуп кетүүдө. Бул тилдер ошол тилде сүйлөгөн саналуу кишилердин акыркылары дүйнө салып кетишине байланыштуу жоголууда. Эгер минтип отурса ушул жүз жылдыктын соңуна дейре дүйнө тилдеринин тең жарымы биротоло жоголуп кетүү коркунучуна туш келиши ыктымал.
Валентина Туганова, Сибирдин Суломай кыштагындагы Кет тилинде сүйлөгөн саналуу адамдардын бири.

Мындай тилдердин катарына 200гө жакын адам сүйлөгөн Кет тилин кошсо болот. Бул тилди Сибирдеги Енисейдин өйдө жагындагы айрым кыштактардан гана угууга болот. Ошондой эле Ооганстанда жүз чакты адам сүйлөгөн Тирахи тили, Арменияда 50дөн ашык адам сүйлөгөн Ловмарен тили да жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин катарында.

Гарвард университетинин тил аалымы, жоголуп кетүү коркунучундагы тилдер институнун директору Грегори Андерсон тилдин жоголуусун мындай жагдай менен байланыштырат:

- Басым кылган тилде сүйлөгөн эл же этникалык топтор негизинен экономикалык жактан кубаттуу. Көпчүлүк же кайсы бир этникалык топтун үстөмдүгү астында экономикалык активдүүлүк күчөгөн шартта социалдык-экономикалык өсүү же байлык топтоо жолунда ошол тилди колдонуу керек болсо көп адам ошол жолду тандайт.
Сибирдеги Суломай конушунун Кет тилинде сүйлөгөн тургундары

Тил адистери мындай болбогон учурда анда ошол азчылык социалдык кысымдарга кабылышы мүмкүндүгүн да айтат. Андерсондун пикиринде, азчылыктын тили көбүнчө ишкердик жагдайда көп колдонулган тилдерди үйрөнүүдө унутула баштайт. Ошентип үстөмдүк кылган элдердин тили азчылыктын тилин колдонуудан чыгарып салат. Мындай көрүнүш Орусиянын Сибирь аймагында көп кездешүүдө.

Кыргыз тилинин жагдайы кандай?

Кыргыз коомчулугунда буга чейин кыргыз тили да ушундай жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин тизмесинде экен дегендей тынчсыздануулар айтылган эле. Бирок тиешелүү адистер муну четке кагып, бул маселе Кытайдагы Фү-ю кыргыздарынын тилине байланыштуу чыкканын айтышкан.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин башчысы Азимжан Ибраимов кыргыз тилине мындай коркунуч жок деп эсептейт:

Азимжан Ибраимов
- Ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Адамзат ошол кайсы бир тилден ажыраган сайын ошондой мурастарынан ажырап келатат, биз кайталангыс нерселерден улам айрылып келатабыз. Бирок кыргыз тилине карата мындай маселени коюуга болбойт. Анткени бир миллион адам сүйлөгөн тил эч качан жоголбойт деген да аныктама бар. А кыргыз тилин азыр дүйнө жүзү боюнча 5 миллиондой адам колдонуп жатпайбы. Демек кыргыз тилин жоголуп бараткан тилдердин катарына кошуу мүмкүн эмес.


Азимжан Ибраимов ошондой эле кыргыз тили жарды дегендерге да кошлубайт:

- Кыргыз тили бай, анын тамыры тереңде. Ал азыр бардык илимдердин тили болгонго да толук кудуреттүү. Болгону биз ушуну далилдеп, тастыктап беришибиз керек. Ошондо биздин тилибиз дагы да ачылат. Ошондуктан мен кыргыз тили жарды, мүмкүнчүлүгү чектелүү дегендерге кошулбайм.

Бирок ошол эле учурда кыргыз тилине мамлекет тарабынан жетиштүү көнүл бурулбай жатканы да коомчулукта көптөн бери айтылып келет. Тилчи профессор Шералы Жапаровдун пикиринде, кыргыз тили соңку учурда көнүл сыртында калууда:

- Кыргыз тили азыр чынында коркунучтуу абалда турат. Анткени тилди караган, кам көргөн эч ким жок. Аң сезимдүү түрдө эле тилибиз көнүлдөн сырткары калып келет. Андан көрө башка элдин тили үстөмдүк кылса, же кандайдыр бир өкүм сүрүп кетсе биз ошого ыраазы болчудай болуп жатпайбызбы.

Канткен менен акыркы жылдарда кыргыз тилине байланышкан бир катар сөздүктөр чыгышын тилге аз да болсо көңүл буруу катары баалагандар да жок эмес. Ошол эле учурда расмий жыйындар, ак үй-көк үйдөгү чогулуштар көбүнчө расмий аталган орус тилинде өтүп жатышына, көбүнчө өлкө жетекчилеринин сөздөрүн эл өз мамлекетинде бөтөн тилде угуп жатканына кабатыр болгондор да арбын. Көпчүлүктүн пикиринде, Кыргызстанда мамлекеттик тилге мамиле жетиштүү деңгээлде эмес.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG