Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Мумбай чабуулу терроризмге каршы күрөшкө кандай таасир этет?


Индиялык аскер “Таж-Махал” мейманканасындагы операция учурунда

Индиялык аскер “Таж-Махал” мейманканасындагы операция учурунда

2001-жылы Индиянын парламентине болгон чабуулдан кийин Пакистан талибдер менен “Аль-Каидага” каршы күрөшүн бир жылга токтотуп койгон. Бул жолку Мумбай чабуулу Пакистандагы жана Ооганстандагы террорго каршы күрөшкө кандай таасир этиши мүмкүн?

Индия менен Пакистан өткөн жумада Мумбайда болгон террордук чабуулдарга карата расмий жообун беришкенден бери бул эки келишкис душмандын мамилеси андан бетер сууй түшкөнсүдү.

195 адамдын өмүрүн алган Мумбай чабуулдары Пакистандагы террорго каршы күрөштү убактылуу токтотуп, ал жактагы жикчил урууларга билгенин жасаганга көбүрөөк эркиндик берип коюшу ыктымал.

Анткени Пакистан Мумбайдагы чатактан кийин эми Индия кол салышы мүмкүн деп, батыш тарабында жикчил топтор менен согушуп жүргөн миңдеген аскерлерин Чыгыш Пакистанга, Индия менен чектеш Кашмирге, жайгаштырышы мүмкүн. Индия 2001-жылы анын парламентине болгон чабуулдан кийин дал ушундай аракетке барганы белгилүү.

Соккуга кимдин далысы даяр?

Индия парламентине Пакистандын Кашмир регионунан чыккан “Лашкар-е-Тайба” деген топ чабуул койгон эле. Бул жолку Мумбай чабуулдарын да алар уюштургандай көрүнөт. Пакистанда аталган топтун ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари бул мыйзамсыз топ регионалдык согушту тездетип жибериши ыктымалдыгын айтты.

Бирок Жаңы Делиде жайгашкан Конфликтти башкаруу институтун изилдөөчүсү Канчан Лаксман Зардаринин айтканын жөн гана Мумбайга чабуул үчүн көбүрөөк “Лашкар-е-Тайбаны” айыптап, ал аркылуу көңүлдү Пакистандан аталган топко бурдурганга аракет кылып жатат дейт. Анткени пакистандык президент айыптаган топ акыркы жыйырма жылдан бери Кашмирде индиялык аскерлерге каршы согушуп келген.

Бул эки мамлекет 1947-жылы Британ империясынан көз-карандысыздык алгандан бери чектеш Кашмир регионун талашып, үч жолу согушушту. Кашмирдин айынан эки өлкөнүн мамилеси азырга чейин жакшыра элек.
IКашмирдик мусулмандар 2008-жылдын августунда эркиндик ураанын чакырып, эки ири демонстрацияга чыгышкан


Индия Кашмирди өзүнө тиешелүү аймак деп эсептейт. Кашмирде жашаган калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгондуктан, Пакистан аймакты бөлүштүрүү иши толук бүтпөй калган деп келет.

Регионалдык тирешүү

Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф 2001-жылы АКШ жарыялаган террорго каршы күрөшкө Пакистан, эң оболу, Индияны бул катарга киргизбөө максатында кошулганын билдирген.

2001-жылдын 13-декабрында Индиянын парламентине жасалган чабуулдан кийин эки мамлекет ортосунда мамиле начарлап, Индия миллион аскерин Пакистан менен чектеш аймагына жайгаштырды. Пакистан болсо, өз кезегинде, Индия менен чектеш жерине 120 миң аскерин жөнөткөн болчу. Учурдан пайдаланып, “Аль-Каида” менен талиптер Ооганстан менен чектеш аймактардагы топторуна кошумча күч жеткирип калууга үлгүрүшкөн.

Индиянын талабын аткарып, Пакистан экстремисттик топторго, алардын арасында “Лашкар-е-Тайбага” да, тыйуу салды. Андан ары эки тараптуу мамилелердин бир топ жакшырып калгансыган. Бирок куралдуу топтордун мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиши эки мамлекеттин ортосунда согушка алып келиши мүмкүн деген кооптонууларды жараткан. Анткени алар Индия менен Пакистанды согуштуруш үчүн сырттан карасанатайлыкка барышы деле ажеп эмес эле.

Мумбайдагы окуяны Пакистан президенти дал ушул мааниде кароого чакырууда.

Террорго каршы согуш убактылуу унутта калат өңдүү


Кабулдук аналитик Насрулла Станказайдын ишениминде, аскерлерди чек-арага жайгаштыруу өңдүү аракеттер терроризмге каршы күрөштү жокко чыгарышы ыктымал.

Пакистандык аскер өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар вилоятында жолду коргоп турат
- Эгерде Индия менен Пакистан согушса, анда региондо терроризмге каршы күрөш токтойт да, террористтик топтор региондо кеңири күч алышат. Бул өкүнүчтүү нерсе болмок, анткени Ооган өкмөтү терроризмге каршы күрөштү өзү жүргүзө албайт, өтө эле алсыз. Ал эми Иран региондо анти-америкалык бүт кыймылдарды колдойт.


Батыштагы көптөгөн анилитиктер ушу тапта региондо экстремизмди биргеликте гана жеңүүгө болоорун айтышат. “Бирок Индия менен Пакистан бул жаатта кызматташышы күмөн,” – дейт изилдөөчү Лаксман.

Мумбайдагы террордук чабуулдан кийинки Индия менен Пакистандын мамилелериндеги солгундоо жалпы эле Түштүк Азия үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени ансыз деле жарды эсептелген региондогу негизги эки жумурият эми курал-жаракка мурдагыдан да көбүрөөк каражат жумшаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG