Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

АКШ Сенаты жаңы мамлекеттик катчыны бекитет деп күтүлүүдө


Рекс Тиллерсон Сенаттагы угуу учурунда. 11-январь, 2017-жыл.
Рекс Тиллерсон Сенаттагы угуу учурунда. 11-январь, 2017-жыл.

Президент Дональд Трамптын администрациясында мамлекеттик катчылыкка көрсөтүлгөн Рекс Тиллерсондун талапкерлигин бекитүү маселеси Сенатта добушка бүгүн салынат деп күтүлүүдө.

Мунун алдында республикачыл эки таасирлүү сенатор Жон МакКейн менен Линдси Грэм Тиллерсондун Орусия президенти Владимир Путин менен жакын байланыштарына карабай анын талапкерлигин колдой турганын ырасташты.

МакКейн менен Грэмдин биргелешкен билдирүүсүндө аларда болочок мамлекеттик катчынын Орусия жана Путин менен буга чейинки мамилелери боюнча “тынчсыздануу али бардыгына карабай” “Тиллерсон АКШ кызыкчылыктарынын эффективдүү коргоочусу болот деп ишенип турушат”.

65 жаштагы Рекс Тиллерсон - Орусияда ишкер кызыкчылыктары бар ExxonMobil мунай компаниясынын мурдагы башчысы.

Сенатта бүгүн республикачыл конгрессмен, АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директорлугуна көргөзүлгөн Майк Помпеонун талапкерлиги да добушка салынып, бекитилет деп күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG